Аймак

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ КАНДАЙ САБАК КАЛТЫРДЫ

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН  35 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ КАНДАЙ САБАК КАЛТЫРДЫ

 3 Бардыгы /

35 жыл тарых үчүн көз ирмем, мамлекет үчүн бүтүндөй бир доор. Кыргызстан эгемендик алгандан бери саясий, экономикалык жана социалдык жактан далай сыноолорду кечирди. Бул аралыкта мамлекет эмнеден утту, кайсы мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгардык? Эң башкысы 35 жылдык тарых бизге кандай сабак калтырды? Ушул суроолордун айланасында ой калчап көрөлү.

Ырысбек ЖАБИРОВ, кино режиссер, коомдук ишмер:

– Эгемендүүлүк, мамлекетүүлүк деген сөздөр кыргыз үчүн бүгүн эле пайда болгон термин эмес. Тарых барактарында жазылган жана жазылбай калган жагдайларды эске алганда, “эгемендүүлүк”  деген термин биздин заманга чейин эле кыргыздын канына сиңип калыптанып калган  баалуулук экенин билебиз. Ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар мурун эле кыргыз каганатын түптөп, өз жазуусун, өз башкаруу системасын түзгөн экен.  Албетте, андан бери сан кылымдар өтүп, кыргыздар канча жолу каганатын жоготуп, канча жолу кайра тапты… Канча өмүрлөр, канча муун кетти. Бул өзүнчө чоң тема.

Эгемендүүлүк – мен үчүн жөн эле бир саясий түшүнүктү билдирген сөз эмес. Бул улуттун аң-сезимин эркин өстүрүүчү, анын руханий дүйнөсү менен эс тутумун мекенчилдикке калыптандыруучу курал. Ал колго кармалбаган, көзгө көрүнбөгөн, көөдөн гана сезген таберик нерсе. Биздин бүгүнкү эгемендүүлүгүбүз оңой эле келип калган белек эмес. Бул биздин кылымдарга созулган ата-бабалар эстафетасы. Демек, бул эстафетаны кийинки муунга өткөрүү, биз үчүн чоң жоопкерчилик жана милдет болуусу керек.

Эң чоң утушубуз – өз алдынча мамлекет катары дүйнөгө таанылдык. Бирок эгемендиктин экономикалык пайдубалын бекемдөөдө дагы көп иштер жасалышы керек. 35 жылда өлкөдө көп өзгөрүү болду. Бирок, саясий туруксуздук, жумушсуздук, миграция сыяктуу көйгөйлөр биздин утуштарыбыздын көлөкөсүндө калды.

Эрмамат КОЖОАКМАТОВ, Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы:

-Эгемендүүлүк алуу менен Кыргыз мамлекетине тунгуч президент болуп Аскар Акаев келип мамлекеттик башкаруу системасын, айыл чарбасын, өндүрүш боюнча түшүнүгү жакшы болбой баарын менчиктештирип, колхоз-совхоздорду жойду, сарайларды талкалатты, завод-фабрикаларды техникаларды таркатты, талкалады. 12 жыл башкарса ошол убакытта баарын тып-тыйпыл кылды. Кийин Курманбек Бакиев президент болуп келди. Бул убакытта өндүрүш бир топ жанданды. Заводдор курулуп, өнөр жай өсө баштады, пенсия көбөйө баштады. Кийин такка Роза Отунбаева өткөөл мезгилде убактылуу келди. Аны эл шайлаган жок. Кийин Алмазбек Атамбаев, Сооронбек Жээнбеков эки дос удаалаш келип өлкөнү башкарышты. Алардын мезгилинде да өнөр жай, айыл чарбасы жакшы өсө алган жок. Учурдагы Президентибиз Садыр Жапаров келгенде өлкөдө чоң бурулуш болду. Өлкөдө социалдык обьектилер мектеп четинен курулуп, жолдор оңдолуп, кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлө баштады. Бул деген өсүш. Президентибиз Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен биргеликте беш жыл ичинде мамлекетибиздин чек арасын такташты, куралдуу күчтөрүн чыңдашты, коррупция менен менен катуу күрөшүп, жолго салышты. Кудайга шүгүр. Конституцияга өзгөртүү киргизип, Президенттик башкарууну киргизишти. Бул абдан туура болду. Анткени бирөө жооп берип, өкмөттү иштетиш керек. Конституциялык реформа жакшы нукка бурулду. 35 жыл ичинде Кыргыз мамлекети ары-бери чайпалды, коңшу мамлекеттерине салыштырмалуу өсүү деңгээли аркада калды. Алар мурункуларды жоюп жок кылбай кайрадан бекемдеп, бүгүнкү күндө завод-фабрикалары өнүгүп иштеп Өзбекстан азыр самолет чыгарып атпайбы. А бизде өзүбүздө суу кенен туруп кайракы жерлерибиз көп, аларды сугат жерге айландырып, өздөштүрүп, иштетишибиз керек. Ошентсе да акырындап жолго коюлуп келе жаткан иштер, өнүгүп- өсүүлөр арбын.

Кыргызстанда 6 суу сактагыч курулуп атса, анын үчөө Жалал-Абад облус аймагына курулганы жатат. Бул да болсо өлкөдөгү өндүрүш, айыл чарбасынын өнүгүшүнө көрүлүп жаткан ишти далилдейт. Ошондой эле койлордун жүндөрүн кыркып өрттөп атышат. Бул да элдин байлыгы. Аны мамлекет алып кайра иштетиш керек.

Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекетибизде чоң жаңылыштык жетишпестик деп атаса болот, бул үгүт-насаат иштеринин жеткиликсиздиги. Мурда союз мезгилинде борбордук комитет чыгарган чечим колхоз-совхоздорго жетип турчу. Азыркы жаштардын келечегин ойлоп кооптоном. Кол телефон колдонушуп, батыштын философиясына багынып бүтүштү. Кыргыздын салт, нарк, адебин билбей калышты. Бул тууралуу үгүт жокко эсе болууда. Бул маселени колго албасак, келечек муундун сүйлөгөнү, кийим кечеси да башкача болуп баратат. Керек болсо ысым коюу да арапташып кетти. Мына ушуларды мамлекет колго алуусу керек. 

Кыргызстан жер соорусу суу, кен байлык бизде. Кыргыз эгемендикти көксөгөн, ал үчүн күрөшкөн, каада- салтты, нарк-насилди сактаган кылым карыткан эл. Баарыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымакта бир туунун алдында  иш жүргүзүшүбүз керек. 

Кыргыз мамлекети өсүп-өнүккөн, кубаттуу, бакубат мамлекет болуп эгемендүүлүк бала-чакабызга калсын.

Адыл АБДЫВАХИТОВ, актер, КРнын эмгек сиңирген артисти:

-Быйыл бизде Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Ушул 35 жылдык эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары башка коңшу мамлекеттер менен өзүбүздүн мамлекеттик аймагыбызды, чек арабызды тактап, түптөп алганыбызда бир топ жерлерибизди өз карамагыбызда сактап калган болот элек. Туңгуч президентибиз А.Акаевдин “Кыргызстан наш общий дом” деген ураанынын алдында бир топ нерселерди уттурдук. Биз СССРден калган жакшы нерселерибизди: заводдорубузду, айыл чарба багытындагы ири колхоз-совхоздорубузду тездик менен талкалап бүттүк. Ошонун залакасы учурга чейин тийип келе жатат.

Андан кийин К.Бакиев бийликке келгенде Кыргызстан мамлекети бир топ өнүгө баштаганы байкалган. Бирок, ошого карабастан 5 жыл аралыгында терс көрүнүштөр пайда болуп, ал да башкаруудан ызы-чуу менен коштоштук. Чуунун арты менен убактылуу өкмөт анын шарданы менен Р.Отунбаева келе калды. Анын башкаруусу аты аталгандай убактылуу гана болуп кийинки президент А.Атамбаев келди. Ал президент болуп келгенде да жакшы эле жылыш болду. Анткени ГЭСтер, жолдор курулуп жатканын моюнга алабыз. Анан С.Жээнбеков да өз бийлигин жүргүзду, бирок мамлекет өнүкпөй эле аркага кеткени байкалган. Ошентип бийликке С.Жапаров келди. Ал жакын досу К.Ташиев менен биргеликте мамлекетти акыркы 5 жыл ичинде мурда 30 жылда болбогон иштерди жасашып, болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жеткиришти. Аларды четинен айтсак эң оболу түштүк аймактагы Тажикстан, Кыргызстан чек арасы демаркацияланып, зым тор менен тосулуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тынч жашоого багыт алдык. Кумтөр алтын кенинин мамлекетке толук кандуу өтүшү, курулуш тармагында социалдык мектеп, балдар бакчалары, мамлекеттик көп кабаттуу үйлөр ири обьекттер курулуп, жолдор салынып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, Эл аралык аэропорт курулуп өнүгүү жакшы нукта тездик менен баратат. 30 жылда мындай өнүгүүнү, элге болгон жакшы шарттар болгон эмес.

Кытай эли менен болгон тыгыз байланыш бизге көйгөй жаратчудай болуп турат. Кайсыл жерде кытайлар болсо чырлар чыгып, тартип бузуулар, жанга жагымсыз окуялар болуп жатат. Мунун баары убактылуу көрүнгөнү менен залакасы тийип жаткандай сезилет. Мамлекеттик кызматкерлердин, пенсионерлердин айлыктары көтөрүлүп жатат. Ар бир тармактарда жогорку деңгээлде өсүү байкалууда.  Бул да кубанычтуу. Бул жылы 6-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун кайрадан бизде өтүп жатканы да жөндөн эмес. Буга чейин башка мамлекеттер да өткөрүп келишти. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргыз элинин нарк-насилдүү, түпкүлүктүү эл экенин дүйнө элине даңазалоо алдында турабыз. Ошентсе да элдин жашоо деңгээлин көтөрүү жагынан алдыда дагы чоң милдеттер турат.

Жаратканым өзү жар болуп кыргыз элине тынчтык жашоо берсин.

Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17