Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

МЫЙЗАМСЫЗ АЛТЫН КАЗЫП СООДАЛАШКАН ЖЕРГИЛИКТҮҮ АТКАМИНЕРЛЕР КАРМАЛЫШТЫ

МЫЙЗАМСЫЗ АЛТЫН КАЗЫП СООДАЛАШКАН ЖЕРГИЛИКТҮҮ АТКАМИНЕРЛЕР КАРМАЛЫШТЫ

 444 Бардыгы /

          ЖАЛАЛ-АБАД. Алтынды мыйзамсыз соодалоо фактысына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Аймактык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-тескөө кызматынын башкы тескөөчүсү дагы кармалды.

Кыргыз Респубикасынын УКМКсынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгүнүн (“Коррупция”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында алтынды мыйзамсыз ташуу убагында алтынды мыйзамсыз казып-соодалоону жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен кылмыштуу келишим түзгөн алтын-кен компаниясынын башкы директору дагы кошо кармалды. Ошентип, алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө эле экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч жараткандыгын эске албастан, Чаткал районунун кызмат адамдары менен аталган компаниянын өкүлдөрү материалдык пайда көрүү максатында жең ичинен сүйлөшүп алган фактылар дагы ырасталды.

Натыйжада, козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.К., ушул эле Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Ж.Н.Ж., Каныш-Кыя Айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.А.К. жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу аймактык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-тескөө кызматынын башкы тескөөчүсү Б.З.Ж. кармалышты. Буга улай алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү дагы укук коргоо органдарынын кылтагына илиништи.

Кыскасы, жогорудагы адамдарга өзгөчө оор кылмышка шектелип айып тагылып, УКМКнын ЖалалАбад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалышты. Ушул тапта тергөө жараяны кызуу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17