Аймак

БУУ: ТАЖИКСТАНДАН 85 ООГАН КАЧКЫНЫ КҮЧ МЕНЕН ЧЫГАРЫЛДЫ

БУУ: ТАЖИКСТАНДАН 85 ООГАН КАЧКЫНЫ КҮЧ МЕНЕН ЧЫГАРЫЛДЫ

 1,041 Бардыгы /

БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы 16-августтан 6-сентябрга чейин 85 ооган качкыны күч менен Тажикстандан чыгарылганын билдирди. Эл аралык уюм бир нече жолу Душанбени Ооганстан жарандарын депортациялоону токтотууга үндөгөн.

“Озоди” радиосунун ишенимдүү булактары акыркы бир нече күндө Тажикстандан 100дөн ашуун ооган качкыны күч менен мекенине жөнөтүлгөнүн кабарлады. Тажикстан бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

БУУнун Тажикстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөн чыгарылган ооган качкындарынын биринде БУУнун качкын күбөлүгү болгонун белгилейт. Калган оогандарда тажик бийлиги берген документтер же башпаанек издөөчү катары тиешелүү макамдары болгон.

Тажикстандагы ооган качкындары 5-сентябрда тажик президенти Эмомали Рахмонго кат жазып, күч менен мекенге депортациялоо жараянын токтотууну өтүнүшкөн.

БУУнун тиешелүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын жай айларына карата Тажикстанда ооганстандык 8500 качкын жана баш паанек издеген жарандар катталган. Алардын 5700ү былтыр августта ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин келген.

Ооганстандыктардын көбү Тажикстанды транзит катары пайдаланып, андан ары Канадага же Европадагы башка мамлекеттерге чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген 4 миңдей ооган качкыны үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17