Аймак

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАНДЫ КАРМАЛДЫ

ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАНДЫ КАРМАЛДЫ

 1,074 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак милициясы денеге оор залал келтирип издөөдө жүргөн жаранды кармады.

Жалал-АбадОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 18-октябрь күнү Сузак районунун 1955-жылы туулган тургуну Ж.М.ди ошол эле райондун 47 жаштагы тургуну Д.К. уруп денесине оор залал келтирген.   

Жогорудагы окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ж.М.дин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө иши жарыяланып, издөө иштери башталган.

Сузак РИИБдин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 2023-жылдын 17-январь күнү Сузак районунун1975-жылы туулган тургуну (мурда Кыргыз Республикасынын ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17