Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

МЬЯНМАДА КУЛДУККА ТҮШҮП КАЛГАН ЭКИ КАЗАКСТАНДЫК ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫП КЕЛИШТИ

МЬЯНМАДА КУЛДУККА ТҮШҮП КАЛГАН ЭКИ КАЗАКСТАНДЫК ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫП КЕЛИШТИ

 195 Бардыгы /

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмада кулдукка түшүп калган эки казакстандык качып чыкканын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, алар Казакстанга Катар аркылуу келишти.

“Жергиликтүү бир тургун аларга чек арадан өтүүгө көмөктөшкөн. Бул үчүн акы алган. Биз маалымат алган соң, аларга коопсуз жерде отурууга кеңеш берип, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлерин жибердик. Алар эки жаранды шаардан чыгарып, мейманканада жашырышты. Биздин консул түнчүндө автоунаа менен барып, аларды Бангокко жеткирди”, – деди ТИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Айбек Смадияров.

Анын айтымында, казакстандыктардын улуттук паспорту болгон, бирок тай визасынын мөөнөтү бүтүп калган. Бул учурда алар Таиланддан депортацияланат.

Смадияров бир сутка ичинде документ маселелери чечилип, Катарга билет алынып, казакстандыктар Алматыга учуп келишкенин белгиледи.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, 25 жаштагы Исламбек Казбековдун жоголуп кеткени январь айынын башында белгилүү болгон. Ал эми 23 жаштагы Жарастын теги айтылган жок.

Исламбек менен Жарас Дубайга иштөөгө кетип, дайынсыз жоголгон. Туугандары алар Мьянмада оор маңзат өндүргөн “алтын үч бурчтукка” кулдукка түшүп калган болушу мүмкүн деп чочулашкан.

Өткөн аптада Айбек Смадияров ал жакта булардан башка да казак жарандары болушу ыктымал экенин, бирок бул маалыматты текшерүү кыйын экенин айткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17