Аймак

УЧАСТКАЛЫК ИНСПЕКТОРЛОРЭЛ АЛДЫНДА ОТЧЕТ БЕРИШТИ

УЧАСТКАЛЫК ИНСПЕКТОРЛОРЭЛ АЛДЫНДА ОТЧЕТ БЕРИШТИ

 879 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда участкалык инспекторлордун 2022-жылы аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын сынына коюлду.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, отчеттук иш-чарага Жалал-Абад ШИИБдин начальнигинин орун басарлары Маралбек Мырзамамытов, Улан Омурзаков, Айбек Батыров, Курманбекаймактык башкармалыктын жана кондоминиум башчылары, мугалимдер, жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Алгач Жалал-Абад ШИИБдин улук участкалык инспектору милициянын капитаны АмангелдиУркумбаев Курманбек аймактык башкармалыгын тейлеген кызматкерлердинөткөн жылы аткарган жумуштары боюнча баяндама жасады. Андан соң жергиликтүү тургундар менен суроо-жооптор орун алды. Жарандар шаар аймагындагы жол дөңсөөлөрү, спирт ичимдигин ичип коомдук жайда жүргөндөр, мейканалардын иштөөсү, чет элдик жарандардын убактылуу каттоого туруусу сыяктуу суроолорун беришти. Берилген суроолордун баарына Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги тарабынан жооптор берилди. Жыйынтыгында отчеттук иш-чарага катышкан жарандар тарабынан участкалык инпекторлордун былтыркы жылы аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп табылды.

Жалал-Абад шаарынын49 миңден ашуун адам жашаган Курманбек аймактык башкармалыгын 9участкалык инспектор, 3 балдар иштери боюнча кызматкерлер тейлейт. Участкалык иснпекторлор былтыркы жыл ичинде 41 кылмыштын бетин ачып, 219 административдик протокол толтурушкан.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17