Аймак

ТОПОЗ ПАЛВАНДЫ ТОРОЙТО ЧАПКАН ДҮЙШӨ

ТОПОЗ ПАЛВАНДЫ ТОРОЙТО ЧАПКАН ДҮЙШӨ

 990 Бардыгы /

Дүйшө Катаган уулу 1893-жылы (мурдагы Ош облусунун Сузак районундагы Дөгдүр айылында) Жалал-Абад шаарына караштуу Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Кыргызстан кыштагында туулган.

Түштүк кыргыздардын күрөшкө түшкөн палваны Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан, XX кылымдын кыргыз спорт тарыхынын атактуу инсаны, Фергана өрөөнүндө гана эмес, боордош кошуна элдерге да Дүйшө палван деген ат менен таанымал болгон. Ал дайыма эли менен бирге болуп элдин көйгөйлүү ишине астейдил киришип, Ата журтунун мекенчили болгону, Көк-Арт дарыясынан Качкынчы, Дөгдүр айылдарынан сугат суу алып келүү үчүн жети жигит кура албаган серпаяны курганы, казактын Топоз палваны менен күрөшүп, аны так көтөрүп жыгытканы, бир унааны үстүнө көтөргөнү эл арасында аңыз легендага айланган. Кезинде бүтүндөй республикага таанымал Кара-Дарыядагы шакирттери Кочкор, Сузактагы Дакан, Таш-Булактагы Базар палвандарды тарбиялаган. Бүгүн Дүйшө палван тарбиялап өстүргөн шакирттеринин ысымдары чоң көчөлөргө, ишканаларга коюлган.

Дүйшө палван Азирети Айып атаны (азыркы Жалал-Абад санаториясы) саябандуу кооз жайга айландыруу, жол салуу иштерине активдүү катышып, Мырзакул болуш менен достошуп, анын үзөнгүлөш досу болгон. Ошон үчүн да кезиндеги сиңирген эмгеги үчүн аны таанып-билген көпчүлүк элдин каалоо-сунуш, өтүнүчү менен көзү өткөндө сөөгү адатта кыргыздын ыйык жери деп санашкан Азирети Айыпка коюлган. Кыргыз элинин алп палваны Кожомкулду угуп билсе да, шарт-жагдайдын жоктугунан ага жолуга албаган. Ал көбүн эсе Өзбекстанга, Тажикстанга барып эчен ирет күрөшүп, элди таң катыргандыгы менен белгилүү.

Замандаштары Дүйшө палван жашында келбеттүү, салмагы 152 кг , боюнун узундугу 193 см болгон деп эскеришкен. Ата-энеси да саяктардан чыккан палван адамдар болушкан. Айылдагы үйүн курганда Кожо мааледеги (азыркы Таш-Булак айылы) беш адам көтөрө албаган карыны Дөгдүр айылына өзү көтөрүп келип үйүн курган деп көргөндөр таң калышкан экен. Кийинчерээк ал үйүн өз каалоосу менен кыштактагы өсүп келе жаткан жаш муундарга билим алып окуу максатында мамлекетке өткөрүп берип, өзү чакан өжүрө там салып жашаган. Бул мектеп 1940-жылдан 1972- жылга чейин колхоздун кампасы, балдар бакчасы, көп жылдар бою 1949- жылдан баштап башталгыч мектеп болуп элге кызмат кылып келген жана ал мектептен республикага таанымал атагы чыккан инсандар билим-тарбия алышып өсүп чыгышкан. Ал жөнүндө көп жылдар бою окумал- жазмакерлер тарабынан көмүскөдө, унутта калып келаткандыгы өкүнүчтүү. Дүйшө палван 1940-жылы жайында өз мекенинде катуу оорудан кийин каза болгон.

Cүрөттө Дүйшө палвандын урпактары: уулу бала-чакасы менен

Амангелди АСАНОВ, ардагер мугалим, Сузак району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17