Аймак

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫНЫН НОРМАЛАРЫНЫН БУЗУЛУШУНА ЧАРА КӨРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ШАЙЛОО МЫЙЗАМДАРЫНЫН НОРМАЛАРЫНЫН БУЗУЛУШУНА ЧАРА КӨРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

 6 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте, Аймактык шайлоо комиссияларынын, прокуратуранын жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн республиканын ар бир аймагында 2024-жылдын 14-19-октябрь күндөрү “2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын нормаларынын бузулушуна чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын ролу” темасында окуу-тренингдери өткөрүлүүдө.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей,Окуу-тренинг төмөндөгүдөй темалардын негизинде жүргүзүлүүдө:

– Шайлоо мыйзамдарынын жана 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иши;

– Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик;

– Шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көзөмөл жүргүзүү. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу;

– Даттанууларды (арыздарды, маалыматтарды) каттоонун жана кароонун тартиби жана шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү кылмыштар жана укук бузуулар боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү;

– Укук бузууларды аныктоодо аракеттердин алгоритмин аткаруу.

Мындан сырткары, окуу-тренингдердекызыктуу талкуулар жүргүзүлүп, катышуучуларды кызыктырган суроолордо жооптор берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17