Аймак

БИР КАТАР КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИН АЧЫЛДЫ

БИР КАТАР КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИН АЧЫЛДЫ

 969 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  Жалал-Абад милициясы бир катар кылмыштардын бетин ачты.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, шаардык ички иштер бөлүмүнө 4 жаран арыз менен кайрылышкан. Алардын бири 2023-жылдын 21-январь күнү саат 16:30 чамасында Жалал-Абад шаарынан жалпы баасы 22 000 сом болгон 2 даана телефонун уурдатканын билдирген. Экинчиси 27-январь күнү саат 14:30 чамасында компьютердик клубда өзүнө бейтааныш бала  келип  базар баасы 20 000 сомдук кол телефонун коркутуп алып койгондугун айткан. Үчүнчүсү 24-январь күнү саат 14:30 чамада 32 000 сомдук “Айфон” үлгүсүндөгү кол телефонун белгисиз бала“Чалып алайын” – деп алдап, алып кетип калгандыгын жазган. Ал эми төртүнчү жаран 21-январь күнү 9:30дан кечки саат 21:30га чейинки аралыкта белгисиз кылмышкерлер үйүнө кирип, 101 500 сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкен билдирген.

Натыйжада жабырлануучулар жалпысынан 175 500сомдук материалдык чыгымга дуушар болушккан.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз РеспубликасынынКылмыш-жаза кодексинини 205-беренеси (Уурдоо), 206-беренеси (Тоноо) жана 209-бересинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы фактыларга шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-ж.т. Ш.Н., жогорудагы 4 кылмыш ишине катышкандыгы аныкталган. Ал эми Ш.Н. менен кошоЖалал-Абад шаарынын тургундары 1993-ж.т. Ж.А., 1987-ж.т. Х.Х. жана Сузак районунун тургуну 2001-ж.т. К.Н. зер буюмдарын уурдоого шектелип кармалышкан.

Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексининнегизинде Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, Ш.Н. 2 айга камакта калтырылып, калганы үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17