Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЧЕК АРАНЫ БУЗУП ӨТҮШКӨН 2 АЯЛДЫ КАРМАДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ МЫЙЗАМСЫЗ ЧЕК АРАНЫ БУЗУП ӨТҮШКӨН 2 АЯЛДЫ КАРМАДЫ

 1,278 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 13-февраль күнү Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын 2 аял мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү боюнча ыкчам маалыматтарды алышкан.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстан  Республикасынын Андижан облусунун тургундары 1978-ж.т. Э.Д. жана анын  кызы 2000-ж.т.  Ю.Ш. кармалган. Алар Сузак районунун аймагынан Кыргыз  Республикасынын  кайтаруудагы мамлекеттик чек арасын одоно түрдө мыйзамсыз бузуп өтүшүп, Жалал-Абад шаарында жүрүшкөндүгү такталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17