Аймак

АРАВАН РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

АРАВАН РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,017 Бардыгы /

          Ош облусунун Араван районунда 9 жылдан бери дегеле бүтпөй турган мектеп акыры бүткөрүлүп, андан ары пайдаланууга тапшырылды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, Араван районуна караштуу Төө-Моюн анклавындагы – айылындагы «Кызыл-Талаа» орто мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы эле башталган. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү обьектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген.

          Айтмакчы, Араван районундагы «Кызыл-Талаа» орто мектебинин жаёы имаратында мектеп окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан тышкары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча өзүнчө каааналар жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик залы бар.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17