Аймак

СУЗАК РАЙОНУНДА 2015-ЖЫЛЫ АДАМ ӨЛТҮРГӨН КИШИ КАРМАЛДЫ

СУЗАК РАЙОНУНДА 2015-ЖЫЛЫ  АДАМ ӨЛТҮРГӨН КИШИ КАРМАЛДЫ

 696 Бардыгы /

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети акыры ачылды. Бул туурасында  УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, 2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылында зордук-зомбулуктун белгилери менен жансыз дене табылган. Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан дароо кылмыш иши козголгон. Бирок, бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес! Бул ишке байланыштуу өлтүрүлгөн адамдын жакын туугандары УКМКнын төрагасына кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган.

          Ошентип, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүүдө шектүү сыңары маркумдун айылдашы кармалды. Ал маркумду мас абалында жана жеке кастыктын негизинде гана өлтүргөндүгүн дароо эле моюндады.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17