Аймак

ОШ ШААРЫНДА КАЙГУУЛ МИЛИЦИЯСЫНАН 150 МИҢ СОМ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА КАЙГУУЛ МИЛИЦИЯСЫНАН 150 МИҢ СОМ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАРАН  КАРМАЛДЫ

 726 Бардыгы /

          Ош шаарында кайгуул милиция кызматкеринен 150 миң сом талап кылган киши кармалды. Бул жаран патрулдук милиционерди опузалагандыгы үчүн айыпталууда.

          Ички иштер министрплигинин маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 18-февралында жүз берген. Жол кайгуул кызматынын тескөөчүсү 32 жаштагы кишиге жолду туура эмес жерден кесип өткөн деген берене менен атайын протокол түзгөн. Бирок, ал киши милиционерди видеого тартып алып, шаардык ички иштер башкармалыгына анын үстүнөн арыз жазган.

          Ошентип, 32 жаштагы жаран «Видеону интернетке чыгарбоо үчүн Т.М. кызматкерден 150 миң сом талап кылып, социалдык тармактарга таратам деп коркутуп-үркүткөн. Буга байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин «Опузалап акча алуу» беренеси боюнча иш козголуп, Т.М. милиционерден 40 миң сом алып жаткан жеринде кармалды.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17