Аймак

АРАВАНДА ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ӨТҮП КЕТКЕН СТАДИОНДУН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ АКЫРЫ КАЙТАРЫЛДЫ

АРАВАНДА ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ӨТҮП КЕТКЕН СТАДИОНДУН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ АКЫРЫ КАЙТАРЫЛДЫ

 132 Бардыгы /

          Ош облусунун Араван районунда жеке менчикке өтүп кеткен стадиондун жери акыры мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

          Маалыматка караганда, бул жер 2001-жылы Араван районундагыАраван айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы «Юридикалык, же жеке жактарга социалдык инфратүзүм обьекттерин менчиктин жеке, же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндөгү» Жарлыгын бузуу менен жеке жактарга энчиленип кеткен.

          Аталган жердин жалпы аянты 0,46 гектарды түзөт. Ал эми базар баасы 307 миллион 135 миң 118 сомду чапчыйт.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17