Аймак

БИШКЕКТЕ БЕШ КҮНДӨН БЕРИ ИЗДЕЛИП ЖАТКАН КЫЗ ОШТОН ТАБЫЛДЫ

БИШКЕКТЕ БЕШ КҮНДӨН БЕРИ ИЗДЕЛИП ЖАТКАН КЫЗ ОШТОН ТАБЫЛДЫ

 627 Бардыгы /

Ош облустук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган Ж. А. аттуу жараны 2024-жылдын 2-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы туурасында издөө багыттамасы келип түшкөн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган Ж.А. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинди.

Ошентип, кармалган Ж.А.менен укук бузуулардын жана кокустуктардын алдын алуу багытында өз ара маектешүү жүргүзүлүп, андан ары туугандарына өткөрүлүп берилди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17