Аймак

Токмок шаарында 61 млн сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке алынды

Токмок шаарында 61 млн сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке алынды

 105 Бардыгы /

Чүй облусунун Токмок шаарында 61 млн сомго бааланган жер тилкелер муниципалдык менчикке алынды. Маалыматы Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка карганда, прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында, Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 3,8 га болгон 4 жер тилкеси жана Чокморов көчөсүндөгү нан заводунун мурдагы имаратынын айланасындагы жалпы аянты 23,6 га түзгѳн 2 жер тилкеси шаардын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кыймылсыз мүлктөрдү эсепке алуу реестрине киргизилбегендиги аныкталган.

Натыйжада текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура Токмок шаарынын мэриясына прокурордук талап келтирип, натыйжада 61 млн 597 миң 698 сомго бааланган жогорудагы жер тилкелери шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынганын кабарлады.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17