Аймак

ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН БУУДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ АИДА КАСЫМАЛИЕВАНЫН АТА-ЭНЕСИ ЖАНА НЕБЕРЕЛЕРИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН БУУДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ АИДА КАСЫМАЛИЕВАНЫН АТА-ЭНЕСИ ЖАНА НЕБЕРЕЛЕРИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ

 321 Бардыгы /

Бүгүн, 19-июль күнү Ош шаарындагы Анар кичи районунда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана неберелери акыркы сапарга узатылды. 

Маркумдарды акыркы сапарга узаттуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, алардын орун басарлары, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков, жана башкалар катышышты. Анда чогулгандар Аида Касымалиеванын жана анын бир туугандарына көңүл айтышып, аза кайгыларын тең бөлүштү.

Айтмакчы, маркумдар жума намазынан кийин жерге берилди.  Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын Аида Касымалиеванын ата-энеси ушул жылдын 17-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жол кырсыгынан улам каза табышты. Кийинчерээк алар менен унаада чогу болгон үч небереси да каза болушкандыгы айкындалды. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17