Аймак

КЫЗЫЛ-КЫЯ МАШИНА КУРУУ ЗАВОДУ МАМЛЕКЕТТИН БАЛАНСЫНА КАЙТАРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар Баткен облусундагы Кызыл-Кыя машина куруу заводу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды.

Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен карбарлашты. Расмий маалыматка караганда, аталган заводду жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 миллиард 74 миллион 650 миңден ашуун сомду түзөт.


Буга чейин Атайын кызмат Балыкчыдагы, Токмоктогу, жана Өзгөндөгү автобекеттер, Сокулуктагы менчиктештирилип кеткен мектептер мамлекетке кайтарылгандыгын кабарлаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17