Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
10 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, а түгүл жеке баюу кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун […]
11 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, а түгүл жеке баюу кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун […]
УКМК АРАВАН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ
22.02.2025 / Автор anarkan_kg

12 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, а түгүл жеке баюу кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун аймагында жайланышкан жер тилкесине менчик укугун таанып, билип туруп адилетсиз чечим чыгарган. Ошол эле учурда бул чечим 2023-жылдын 25-январында сот отуруму учурунда каза тапкан күбө А.К. нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана чыгарылган. Деген менен өлүм күбөлүгүнө ылайык, аталган жаран 2023-жылдын 1-январында эле өлгөн экен. Мындан тышкары сот отурумунун протоколуна ылайык процесстин жүрүшүндө Г.Э. жана Ю.Т. күбө катары дагы суралгандыгы белгиленген. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдарга таптакыр катышпагандыгы жана каралып жаткан иштин жагдайлары боюнча судья Д.Н.Б. эч кандай көрсөтмө бербегендиги аныкталды.
Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күбөлөрдүн П.С. жана Т.А.нын көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталды. Ошентип, 2025-жылдын 13-февралында Судьялар кеңеши судья Д.Н.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга аргасыздан макулдук берип олтурат. 2025-жылдын 17-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Д.Н.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык жасалмачылык» жана «Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.