Аймак

Мамлекетик тилге муктаждык качан түзүлөт?

 4,002 Бардыгы /

Мамлекетик  тилге  муктаждык качан   түзүлөт? Мамлекетик тилге муктаждык качан түзүлөт?

“2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программанын” долбоору боюнча көз караш

Акыркы учурда мамлекеттик тилди өркүндөтүү маселеси, коомчулукта, Жогорку Кеңеште, окуу жайларда, мамлекеттик бийлик тармактарында кеңири талкуулана баштады. Буга негиз болуп Жогорку Кеңеште мамлекетик тил боюнча мыйзамдын иштелип чыгып, талкууланып,бирок КР Президенти тарабынан вето коюлгандыгы жана ага кошумча 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ себеп болду.
Эмне үчүн мамлекеттик тил мыйзамына карата каршы пикирдин келишин КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев негизинен административдин жоопкерчилик чара механизмдеринин так иштелип чыкпай калганы менен түшүндүрдү. Мисалы, тил мыйзамынын талаптарын бузган адамдарга салынган айыптарды кайсы орган алары белгисиз. Тил саясатын жүргүзгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын каржы маселелерине аралашууга укугу жок.
Ошентип Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесинин кайрадан жандана баштоосуна мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана тил мыйзамынын талаптарын бузган жактардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “КР айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга, тагыраак айтканда, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана “КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү демилгесине да КР Президентинин каршы пикири түрткү бергени байкалып турат.
Бул жагдайларды жөнгө салуу максатында «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыкканын, ага ылайык, КР Өкмөтүнө мамлекеттик тилди өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу тапшырмасы берилип, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Чыныбай Турсунбеков башында турган жумушчу топ тарабынан 2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программа долбоору иштелип чыгып талкууга коюлду.
Кыргыз тилин билүү ар бир жарандын милдети болушу керек деген көз карашты КРнын элдер Ассамблеясы да ачык билдирди. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, буга чейин “Кыргызтан жалпыбыздын үйүбуз” деген иделогия менен жашап расмий тилге артыкчылык берип келгенбиз Алар 2013-2017-жылдарга КРнын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясы кабыл алынып, ишке ашуусунда Кыргызстандагы элдеринин биримдигинин башкы фактору мамлекеттик тилдин ролун күчөтүү, тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү болуп саналат деп белгилешти.
Ырас, буга чейин деле мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар иш чаралар кабыл алынган. Бирок Кыргыз тилин колдоо боюнча жигердүү аракеттерге карабастан, мамлекеттик тилди колдонуу тармагын кеңейтүүдө, алды менен мамлекеттик башкаруу жана иш кагаздарында өзгөрүүлөр байкалган жок.Мисалы, КР Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы N 21 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө” жарлыгында :
“…. Областтык жана райондук мамлекеттик администрация, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчылары 1999-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттин долбоорлорунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн каражаттарды карасын” деп жазылган. Бирок бул жарлыкты көбү аткарган жок. Айрым район,шаар, мекеме уюмдар баштап таштап салды.
КР Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 указынын негизинде 2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы кабыл алынып анда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» Мыйзамды ишке ашыруу максатын көздөө менен ал кабыл алынгандын алгачкы жылдары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден кыйла каражаттар бөлүнгөн. Мамлекеттик администрациялык органдарда тийиштүү бөлүмдөр түзүлүп, мекеме, уюм, ишканаларда кызмат орундары киргизилип, эмгек жамааттары тарабынан мамлекеттик тилди үйрөнүү күчөгөн. Кыргыз тилин окуткан мугалимдерге айлык акысына 15% үстөк акы төлөнгөн. Бирок азыр унутулуп калды.Убакыт өткөн сайын мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө карата бөлүнүүчү каражаттар азайып, бөлүмдөр жана кызмат орундары кыскартылды. мамлекеттик тилге этап-этабы менен которуу” милдеттендирилген. Натыйжада эки революциялык иш аракетердин артында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө каршы аракеттер байкалды.
Ал эми соңку кырдаалды аныктап КР Президенти 2013-жылдын 1-июлунда N 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыгып мамлекеттик башкарууда кеңейтүү темпинде артта калганы мюнга алынып, “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы мамлекеттин ишинин маанилүү артыкчылыктарынын бири катары натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү милдетин алдыга койгон”
Президент жарлыгында ачык эле “ Өлкөнүн дээрлик бардык билим берүү мекемелеринде окутулуп жаткандыгына карабастан кыргыз тилин ал эне тили болуп саналбаган адамдардын ондон бир бөлүгү гана билет. Бул мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө коомдо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда” деп айтылган. .
Түзүлгөн кырдаалдын себептеринин катарында финансылоонун жетишсиздигин, ошондой эле азыркы учурдагы тил саясатынын натыйжасынын төмөндүгүн белгилеген. Билим берүүнүн мамлекеттик системасына гана басым жасоо талаптагыдай натыйжа бербей жаткандыгы айкын болууда. Ошондуктан рынок механизмдерине жана жарандык секторго таянган бейформал тилдик билим берүү системасын түзүүгө дем берүү керектиги белгиленген
Бейформал жол деген эмне? Мисалы, бейформал жолдорду колдонуунун эффективдүүлүгү жана натыйжалуулугу Кыргызстанда чет тилдерди, өзгөчө англис тилин үйрөнүү тажрыйбасы менен ырасталууда, мында англис тил чөйрөсү жок болсо да адамдар ал тилди жеке курстарда тездетилген режимде жана жетиштүү деңгээлде ийгиликтүү өздөштүрүп жатышат. Кыргыз тилин да ошондой ыкма менен окутуп үйрөнүшүбүз керек айтышууда. Бирок мында бир жагдайды, ал тилдер үчүн муктаждык, зарылдык түзүлбөсө кантип мамлекетик тилди үйрөтөбүз. Буга бир жагдайды айтып кетейин. Учурда Жалал-Абад шаардык кеңешинде адис болуп иштеген Матллюба Сайдалиева аттуу жаран “мен орус мектеп окуп,билим алгамын” деп мамлекетик тилде иш кагаздарын жүргүзүүдөн баш тартып, бир кыйла көйгөй жаратты. Аны шаардык кеңештин төргасы Мураталы Тагаев да тымызын колдоп м ыйзамды сыйлап мамлекеттик тилди окутууга шарт түзүп, окуутууга жибербей натыйжада мэриянын мамлекетик тил боюнча адиси мене араздашууга чейин барышууда.

Жумушчу топ 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын долбоорунунун артыкчылыгы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тестирлөөнүн “Кыргызтест” системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу сунушталган. Анда тилди билүү деңгээлин баалоонун европалык шкаласы: эң жөнөкөй деңгээл (А1, А2), өз алдынча билүү деңгээли (В1, В2), эркин билүү деңгээли (С1 – кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүү, С2 – филологдор, котормочулар, кыргыз тилинде окуткан мугалимдер үчүн) баалоо ыкмасы сунушталган.

Бул долбоордун айрым жагдайларга токтолуп кетейин: “2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын акырына чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында аны сынап көрүүнү эске алуу менен аны 2015-жылы киргизүүнү камсыз кылуу” милдетендирилген улам убакытты создуктуруп жатышы коомчулукту ого бетер кыжырдантууда.
Программада мамлекеттик тилди өздөшүрүү мамлекетик кызмат, билим, илим, экономика, маданият жана маалымат тармактарына багытталып ар бир тармактын өзгөчөлүктөрүнө жараша милдеттер тагылган. Мисалы “ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасында мамлекеттик тилди билүү сапатын кызматтык милдеттерди талаптагыдай натыйжалуу аткаргыдай деңгээлге чейин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү” каралыптыр. Бирок ал кызматтардын аймактарда өкүлдөрү аз же жокко эсе. Мисалы маданият, маалымат жана туризм министирлигинин би гана өкүлү бар. Мамлекеттик кадр кызматынын 3 кызматкери гана иштейт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия менен өз ара аракеттенип: – 2013-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек, Ош шаарларынын жогорку окуу жайларынын жана зарылчылыгына жараша өлкөнүн башка ЖОЖдорунун базасында волонтерлорду тартуу менен чоңдор үчүн мамлекеттик тилди окутуунун акысыз курстарын уюштурсун” деп жазган. Бул боюнча ЖаМунун алдындагы “Кыргыз тил борборунда” түшүнбөстүктөр орун алганы маалым болуп, акыры чечилди.
Програманын долбоорунда Биринчи баскыч – даярдык көрүү: 2014–2016-жылдар деп жазылган. 24 жыл боду.Дагы эле даярдык көрүп жүрөбүз.
Бирок акыйкат үчүн айтып коюш керек Программанын биринчи баскычында «Кыргызтестти» түзүү жана ишке иргизүү, мамлекеттик тилди окутуунун аккредитацияланган борборлорунун тармагын түзүү, билим берүүнүн бардык баскычтарында мамлекеттик тилде окутууга түрткү берүүнүн системасын жана шарттарын түзүү артыкчылыктуу милдеттер болууга тийиш деп жазылганы туура.
Бирок программанын биринчи баскычында этностордун тилинде окуткан мектептер сакталат жана алар мамлекет тарабынан каржыланат Ошону менен катар мамлекеттик тилде окутулган предметтердин саны акырындап көбөйөт” деп дагы эле жасалма жагдай, мамлекетик каржыны ысырып кылуу максатын көздөп саясий кызыкчылыкка байланган жагдайлар иренжитип жатат. Учурда республиканын түштүгүндө өзбек тилинде окутулган мектептин келечеги жок экенин өздөрү айтып, баш тартып жатат. Анкени алган билимине Кыргызтанда да Өзбекстанда да зарылдык жок.

Экинчи баскыч – негизги: 2017–2018-жылдар.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн бардык тармактардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасын толук жайылтуу. Көп тилдүү билим берүү системасын ишке киргизүү. Бул туура.Бирок муну атайылап эле кийинки шайлоого туштап киргизип жатышат. Азыркы бийлик өзүнө көйгөй жараткысы келбей жаткандай. Ушинтип упчу эмизип жүрө берип дагы канчага баарар экенбиз.

Үчүнчү баскыч – түздөө: 2019-2020– жылдар.

Мамлекеттик тилди улуттар аралык карым-катнаштын тили катары коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонуу жана көп тилдүү үзгүлтүксүз билим берүүгө (мектепке чейинки, мектеп, кесиптик, жогорку билим берүүдө) шарт түзүү менен байланышкан маселелерди камтыйт. Аткарылышы көзөмөлдөө боюнча Жогорку иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө, мониторинг жана жетишкен натыйжаларды баалоо ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Тилдик тестирлөөнүн натыйжалары ар бир мекеменин Интернет-сайтына жайгаштырылат.”деп жазылыптыр. Алар негизинен борбор шаарда гана жайгашкан. Жер-жерлерде көзөмөлдөөнү мам тил боюнча адистерге, жана областтык комиссияларга берилет деп жазыш керек. Көзөмөлдөө жетишсиздей сезилет.
Мен ошондой эле атайын орто окуу жайлары үчүн мамлекеттик тилдеги окуу-усулдук комплекстерди түзүү жана заманбап окуу китептерин мамлекеттик тилге которуу жана каржылоо милдетин окуу жайларынын жетекчилерине жүктөө; деген жерине да макул эмесмин.Бул да ишке ашпай калышы мүмкүн. Анткени окуу жайлардын айрымдары жеке менчик. Ар бири тыйын санап атканда которуу жана чыгаруу милдетин ала алабы? Кеп ошондо?
Кыскасы ушуган окшогон талаш да колдой турган жагдайлар бар. Менин оюмча программа мамлекеттин тикелей катышуусу анча байкалбай калгандай, Балким өз натыйжасын береер. Аны мезгил көрсөтөт.

Орозалы Карасартов, Жалал-Абад областы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17