Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,374 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Абдиназар Хаджибеков “Аймактарды өнүктүрүү жылында имамдын ролу” аттуу рубриканын алкагында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун баш имамы Байзаков Нуржан Кыпчакбаевичтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Жаңы-Ачы айылында 400 кожолук жашайт. Имамдын демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен бул аймакта бир топ […]
1,375 Бардыгы / Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Абдиназар Хаджибеков “Аймактарды өнүктүрүү жылында имамдын ролу” аттуу рубриканын алкагында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун баш имамы Байзаков Нуржан Кыпчакбаевичтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Жаңы-Ачы айылында 400 кожолук жашайт. Имамдын демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен бул аймакта бир топ […]
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛЫНЫН БАШ ИМАМЫ НУРЖАН БАЙЗАКОВ КООМ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ ИШТЕРДИ ЖАСООДО
23.01.2019 / Автор aymak

1,376 Бардыгы /
Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Абдиназар Хаджибеков “Аймактарды өнүктүрүү жылында имамдын ролу” аттуу рубриканын алкагында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун баш имамы Байзаков Нуржан Кыпчакбаевичтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди.
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Жаңы-Ачы айылында 400 кожолук жашайт. Имамдын демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен бул аймакта бир топ социалдык курулуштар оңдолуп-түзөлүп, пайдаланууга берилген.
Атап айтсак:
-Мурун балчык, баткак, арыктагы суу жайылып, жүрүүгө такыр мүмкүн эмес 3 км жолго 50-70 см бийиктикте таш, шагал төшөлүп, бүгүнкү күндө унаалар жүрүүчү кадимки жолго айланган.
-Жалпы 7 аялдама курулуп, 5 аялдаманы жергиликтүү жамаат курса, 2 аялдаманы жеке ишкер куруп берген.
— Буга чейин айланасы ачык болуп келген 50 тонналык суу сактоочу цистернанын тегереги кумтосмо менен коргондолуп, дарбаза курулган. Ошондой эле цистернанын жанындагы бүтпөй калган насос туруучу имараттын үстү жабылып, пайдаланууга берилген.
-Айылдагы “Аль-Худа” жума мечиттинин кире беришин кум тосмо менен коргондоп, дарбазасын койдурган.
-Борбордук көчөнүн жээгине атайын маалыматтык бурч уюштурулган. Тургундар буйруктар, жаңылыктар, маалыматтар менен ошол жерден таанышып, көрнөк-жарнактарды, жарыяларды да биле алышат.
-1чи көчө менен 2чи көчөнүн ортосунан жарып өткөн арыкка атайын 300дүк труба орнотулуп, жөө жүргүнчүлөргө да, унаа айдоочуларга да ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
-Жол оңдоого 181 миң, аялдама курууга 50 миң, цистернанын айланасын коргондоого 80 миң, жолго трубаны койдурууга 15 миң, мечитти корууга 60 миң сом жумшап, жалпы 386 миң сомдук каражат жумшалган. Бул иштерге кеткен акча каражаттарынын бардыгын демөөрчүлөр өздөрү колдоого алышкан.
“Мындай ишаракеттер жөн жайынан эле боло калган жок. Алгач имам бир аксакалдын жаназасына тай бергенден баштаган. Имам тайды 25000 сомго сатып, анын 15000 сомуна жолдогу арыктарга труба койдурган. Аны көргөн жергиликтүү аксакалдар, жаштар колдоо көрсөтүп бир топ муктаждыктарды чечүү маселеси каралган. Имам элдин алкоосуна татып, учурда бир катар коом үчүн пайдалуу иштерин улантууда экен”,-деди казыяттын маалымат катчысы.
Ал эми айыл имамы Нуржан Байзаков келечекте ФАП, чач-тарач, жол чырактарды койдуруу, мончо салдыруу сыяктуу элге керектүү социалдык курулуштарды курсам деген жакшы ниеттери бар экендигин билдирди.
Эске салсак, район-шаардын баш имам хатибдери менен болгон отчеттук жыйында аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында элет жеринде элге кызмат көрсөтүүдө зор салымын кошуп, айылдын социалдык муктаждыктарын көтөрүүдө өзүнүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын баш имамы Байзаков Нуржан Кыпчакбаевич Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын алкыш баракчасы менен сыйланган болчу.
Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
28.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО «КЕСИПКӨЙ» КАЙЫРЧЫЛАР МЕНЕН КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ
-
31.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БАТКЕНДЕ “ИСФАЙРАМ-1” ЧАКАН ГЭСИ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.