Аймак

Диана АКМАТОВА: “БУЙРУСА БАШКА ӨЛКӨЛӨРГӨ БАРАРЫМА ДА КӨЗҮМ ЖЕТЕТ”

Диана АКМАТОВА:  “БУЙРУСА БАШКА ӨЛКӨЛӨРГӨ БАРАРЫМА ДА КӨЗҮМ ЖЕТЕТ”

 5,069 Бардыгы /

Жалал-Абаддын бир кызы- Россияда

Блиц инфо:

Аты-жөнү: Акматова Диана Нуридиновна

Туулган жылы:12.05.1998

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман айылы

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Учурда Москва шаарында Социалдык башкаруу академиясынын (АСоУ) башкаруу факультетинин, туризм адистигинин 4-курсунун студенти.

 

МЕКТЕПКЕ ЧАЧЫМА САГЫЗ ЖАБЫШТЫРЫП БАРГАМ

Менин бактылуу балалыгым өзүм туулуп өскөн Акман айылында өттү. Орточо үй-бүлөнүн кызымын. Ата-энем жөнөкөй мамлекет кызматкерлери болсо да, маяналары аздыгына карабай жеген-ичкенибизди камсыздап,бизге эң жакшы тарбия бериптир. Эң негизгиси «адам» кылып өстүргөнүнө миң мертебе таазим кыламын.  Атам Нурдин Мисиралиев Жалал-Абад шаарында мамкаттоодо жер адиси, ал эми апам Аксана Давлетова мен окуган мектепте орус тили жана орус адабияты сабагынан мугалим болуп иштейт. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз: эки эжем, бир агам, бир иним бар.

Чындыгында балалык кезимди эстегенде мага өзгөчө айылдын абасы, апамдын жаңы тандырга жапкан наны, атамдын айткан акыл-насааттары жана бир туугандарым менен эч нерсени ойлонбой чогуу ойноп жүргөн бактылуу күндөрүм эске түшөт.

Мен Акман айылындагы Б.Осмонов атындагы №6 мектеп-гимназиясын бүтүрдүм. Мектебим районубузда билим, тарбия жагынан эң күчтүү мектептердин катарында болгондуктан мугалимдерибиз да аябай тажрыйбалуу. Мен үчүн ушул мектепте окуп калганым жолумдун ачылышына дагы бир мүмкүнчүлүк болду десем да болот. Алты жашымда мектеп босогосун аттагам. 1-класска барарда документке сүрөткө түшүш керек эле, ал кезде мен аябай шок кыз болчумун. Билбейм эмне болуп, чачыма сагыз жабыштырып алыптырмын. Апама айткандан коркуп, кайчы менен өзүм төбөмдөгү чачымды кыркып салгам. Чачым өзү узун болгондуктан төбө жагым өзгөчөлөнүп, тооктун куйругуна окшоп калыптыр. Апам анны көрүп, бир жагынан күлкүсү келсе, бир жагынан жини келип урушканы эсимде. Ал сүрөт документтердин арасында азыр да бар. Мектепте 4-класска чейин апам мугалим деп аракет кылып окусам, андан ары өзүм үчүн“5” деген баага окудум.

АТА-ЭНЕМ ОКУУМДУ КОЛДОШТУ

Ар бир адамдын жаштык кыялы таттуу болот экен. Мен жаштыгымда абдан кыялкеч болчум. Ата-энем Россияда окуп, бизге кичинекей кезибизден тартып ар түрдүү кызыктарды айтып бергендиктенби, мен жаштыгымдан эле башка өлкөлөрдү көрүп, эл-жер кыдырганды аябай кыялданчумун. Менин бул кесипти тандап калганымдын себеби, жогоруда айткандай жаштык кыялдарым таасир этти. Башында үйдөгүлөр “туризмдин келечеги жок, андан көрө медициналык факультетке тапшырышка аракет кыл”- деп кеңеш беришкен. Мен да макул болуп, ата-энемдин айткандарына көнүп врач кесибине аракет кылып көрдүм, бирок өзүң каалабасаң баары бир кыйын экен. Анткени химия сабагынан балым аз болуп, ал тармактан калдым. Бирок ошол убакта ичимден аябай кубанганым эсимде. Кийинчерээк Москвага окуу чыгып калгандыгы үчүн туризмди тандадым.

Башында окууга жаңы өтүп келгенимде баары эле сурай беришчү «Кантип эле ата-энең жалгыз жөнөтүп жиберишти?» -деп. Ата-энем да өз убагында Россияда окугандыктанбы, мени түшүнүү менен кабыл алып, эл жер көргөн жакшы деп жөнөтүштү. Байкасам, Кыргызстанда көп үй-бүлөлөр кыздарды алыс жактарга жөнөтүшпөйт. Ал жактан кооптонушат же жаман адамдар көп деп ойлошот. Чындыгында жаман инсандар көп, ошол эле адамдар Кыргызстанда да бар. Кыздын кандай жүрүшү ата-энеси берген тарбиядан болот. Ошол себептен ата-энелерге айтар элем, эгер балаңыз же кызыңыз чет өлкөдө окуйм десе, берген тарбияңызга ишенсеңиз, коркпостон жөнөтсөңүз болот. Анткени ар бир адамдын чет жакка чыкканда патриоттук сезими ойгонот, ар тараптуу өсөт. Кыргызстанды, ата-энени, жакындарын көбүрөөк барктайт. Өз алдынча чечим чыгарганга, өз оюн айтканга жана да жашоого болгон жаңыча көз карашка калыптанат.

ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ЭКЗАМЕН ТАПШЫРДЫМ

Россияга гана эмес, деги эле чет мамлекетте окуйм деген адамдардын алдында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экен. Биз айыл жергесинде жүрүп көп маалыматтарды укпай калат экенбиз. Бирок азыркы учурда интернет деген бар. Интернетти пайдалуу жагына колдонуп, керектүү маалыматтарды издеп аракет кылсаң түрдүү программаларды таба аласың. Мен да мурун чет өлкөгө чыгыш абдан кыйын, ал жактарга депутаттын балдары гана барат деп ойлочумун. Көрсө, карапайым үй-бүлөнүн балдары да окуганы мүмкүнчүлүктөр аябай көп экен. Окууга тапшырып жаткан учурумда мага да ар түрдүү варианттар чыга баштады. Ошол учурда өзүмдүн жеңем интернет аркылуу Москвага бюджетке окууга тапшырса болот экен, экзамен тапшырып көрбөйсүңбү деп кеңешин берди. Мен да кызыгып тереңирээк сураштырып, окуу жай менен байланышып, экзамендерине даярдандым. Интернет аркылуу экзамен тапшырып, видео аркылуу сүйлөштүм, кийинчерээк мага окууга өттүң деген кабар келди. Ошол күндөгү кубанычым эч качан эсимден кетпейт.

Алгач барганда мен кыргыз мектебин бүтүргөндүктөн башында орус тилинен бир аз кыйналдым. Бирок ал жактагы мугалимдерибиз чет өлкөдөн келген студенттерге түшүнүү менен кабыл алышып, бизге жардам беришти. Анан да үйүмдөн биринчи жолу алыс чыккандыктан үйүмдү, ата-энемди көпкө сагынып жүргөн күндөрүм болду. Мен үчүн мектеп менен университеттин өзгөчөлүгү аябай эле көп болду. Биринчиден, мектепте баа үчүн окусаң, бул жерде өзүң үчүн окууга туура келет. Экинчиден, Москвага башында көпкө көнө албай жүрдүм, анткени эл, менталитет, тил башка, жада калса окуу системасы да бизден айырмаланып турат. Мугалимдери да эч качан кыйкырып урушпайт. Кааласаң окуйсуң, каалабасаң окубайсың, бирок экзаменге келгенде аябай талаптары көп, ошону үчүн окууну калтырбай окуганга аракет кыласың.

УНИВЕРСИТЕТТЕ ОН БЕШКЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗ СТУДЕНТТЕРИ БАР

Мен окуган университетте жалпыбыз бириккенде он бешке жакын кыргыз студенттери бар. Баарыбыз Кыргызстандын ар бурчунан чогулуп келгенбиз. Бирок башка-башка факультеттерде окуйбуз. Саныбыз аз болгондуктан мамилебиз бири-бирибиз менен абдан жакшы. Бизди мугалимдер да колдоп турушат.

Окууга тоскоол болбосо, окуу менен жумушту айкалыштырып кошумча иштесе болот. Менин да кошумча иштеген күндөрүм болду. Жаныңда ашыкча акча болгон жакшы эмеспи. Ата-энеңе да бир аз жардам болуп турат. Москванын бизге караганда эмнеси жакшы, бул жакта бош убакытта студенттер үчүн жумуш бат табылат.

ПАРА БЕРИП, БАА АЛУУГА БОЛБОЙТ

Билим алуу ийне менен кудук казгандай демекчи, чындыгында билим алуу жеңил процесс эмес, талыкпаган чоң эмгекти талап кылат. Россиянын башка ЖОЖдору кандай экенин өтө жакшы билбейм. Бирок мен окуган жерде пара берип баа алууну түшүңдө да көрбөйсүң. Биздин окуу жайда коррупцияга жол жок. Бул жерде атайын почта илинип турат, эгер андай иштер байкалса, анонимдүү кат жазып коюуга болот. Чындыгында коррупцияны бул жерден такыр байкай элекпиз. Ошол себептен ар бир студент өз күчү менен аракет кылып окуйт. Биздин Кыргызстанда дагы ушул талаптар болгондо жаштардын билими бир аз жогорураак болмок, алган билимдери да сиңмек. Негизинен университетте жалпы билим берүү деңгээли, шарттары жакшы.

РОССИЯДАН АЛГАН САБАГЫМ…

«Москва көз жаштарга ишенбейт» демекчи – Москва мени өз алдынча жашаганга, чечим чыгарганга, акчаны сарамжалдуу колдоно билүүгө ошондой эле жоопкерчиликтүү болууга, мекенимди сүйүүгө үйрөттү. Москва чоң, ар улуттун өкүлдөрү болгондуктанбы, көп эле нерсеге үйрөнөт экенсиң. Мисалы, элге эмес, өзүңө гана ишениш керек экендигин билдим. Керек болсо жердештерибиз бири-бирин саткан учурлар да көп кездешет.

Биздин студенттер менен Россиянын студенттерин салыштырсак, алар көбүрөөк ишине жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Жаштары бир аз өзүмчүл келишет, мамлекетине аз күйүнүшөт. Ал эми биздин кыргыздын жигиттери патриот келишет. Кыргызстандын келечеги бизден кийинки өсүп келе жаткан жаштардын колунда. Көп нерсе ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Ар бир жараныбыз “аракет жана эмгек” деген принцип менен максаттуу жашап, патриоттук сезимибиз күчтүү болсо, бардык ийгиликти багындыра алабыз жана өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо алабыз деген ишеничтемин.

Россияга окуп, өзүм үчүн көптөгөн ийгиликтердин эшигин ачтым десем болот. Биринчи  эле өзүмдү кандай алып жүрүүнү үйрөндүм, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Академияда студенттик иш-чаралар  көп болгондугу үчүн бардыгына катышып көрдүм. Мекенибиздин атынан ар түрдүү майрамдык кечелерде кыргыз бийлерин көрсөттүк. Өлкөбүздү даңазалоо үчүн түрдүү иш-чараларга катышып, активдүүлүгүбүздү көрсөтүп келебиз.

Россиянын көптөгөн кооз шаарларын көрдүм. Жайында Туркияга академиядан стажировка өтөп келдим. Өзүмдүн кесибим боюнча көп тажрыйба алдым десем болот. Булардын баары мен үчүн чоң ийгилик деп эсептейм.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17