Аймак

СЫЙЛЫККА ТАТЫГАН ЭҢ МЫКТЫ ЭССЕ

СЫЙЛЫККА ТАТЫГАН ЭҢ МЫКТЫ ЭССЕ

 9,526 Бардыгы /

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган жаштар жана массалык маалымат каражаттары арасында жарыяланган республикалык сынакта “Эң мыкты эссе” номинациясына ат салышкан 250гө чукул жаштардын ичинен өзгөчө эссеси менен Бибинур Жыргалбаева 50 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болгон.

Бибинур ЖЫРГАЛБАЕВА: “АЙТМАТОВДУ КЫРГЫЗ ТООЛОРУНА САЛЫШТЫРЫП ЖАЗДЫМ

-Мен Аксы районунун Кум айылынан болом. Учурда ЖАМУнун филология факультетинде англис тили жана адабияты адистигинин 3-курсунун студентимин.

Мага жеңиш алып келген эссенин темасын “Тоолор кулаганда” деп атагам. Себеби жазуучунун акыркы чыгармасы ошол болгон жана мен Айтматовду бийик тоого, тагыраагы кыргыз тоолоруна салыштырып жаздым. Эссе Айтматовдун акыркы күнү, ал күнкү ой-толгоолору жөнүндө болду. Менин жеке ой жүгүртүүмдө акыркы күнү Айтматов дал ошол, мен жазган инсандар жөнүндө ойлоду жана мен жазган жерлерди сагынды деп эсептедим. Ошондуктан мен акыркы күнүн, акыркы сезимдери жөнүндө жазууга аракет кылдым. Эссени жазуума Гүлжамал Рыскулова эжеке мага колдоо көрсөтүп жардам берди.

Бул жеңиш менин жашоомо эң жогорку деңгээлде стимул берди десем болот. Жеңиштен кийин өзүмө болгон ишеним артты. Балким келечекте эссе эмес, Айтматов тууралуу повесттер да жаралып калар.

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Таң. Жылдыздар аста суюлуп, ай акырындан жоголуп, түндүн карасы аппак таңга өтүп жатат. Аба бир аз салкын тартып, назик гүлдөр шүүдүрүмдөрдү сабагына илип, табияттын чырайы эң бийик чегине жетип турган учуру. Бул укмуштуудай кулпурган таң кимдир бирөөлөр үчүн акыркы атып жаткан, акыркы жолу ажарын ачып жаткан таң болчу, ал инсан өз учурунун, дүйнөсүнүн чындыктар пайдубалынын куруучусу, жан дүйнөнү рух тандырып, жан дүйнөбүзгө үмүт, аруу сезимдердин уругун себүүчүсү Чыңгыз Айтматов эле. Бул таң ал үчүн акыркы экени дал өзүнөн башка эч кимге маалым эмес. Чоң бөлмөдө аппак шейшеп жамынып, оозу-мурдунда аба берүүчү аппарат орнотулган, жүрөктүн согуусун көрсөтүп туруучу аппарат менен жалгыз жатты. Бул кичинекей бөлмөнү муңдуу тынчтык бийлеп турат, бир эле түкүлдөп жүрөктүн согуусун көргөзүп туруучу аппараттын үнү бузуп турат. Көзү жумулуп, ойгонууга чамасы жетпей турса да, ойлонууга күчү да, эрки да жетип турду. Чачтарына түшкөн аппак бубак, жүздөрүн баскан сансыз майда жолдор Чыңгыздын басып өткөн чыйыр жолунун далили сымал өңдөнүп, залкар инсан экенин далилсиз көргөзүп турду. Өлүм менен жаны үчүн күрөшүп, өң-келбети кубарып турса да салабаттуу, келишимдүү калыбынан жазбай, ошондой бийик, ошондой келишимдүү. Бөлмөгө көз салып, Чыңгыздан көзүн албай бирөө ары-бери тынымсыз, ойлуу, тынчы кетип кабатыр менен басат.

Дүйнөнү курч калеминин астына чогулткан бул инсан муздак ооруканада жалгыз жатат, жалгыз жатып өмүрдөн узап кетүүдөн коркуп аярлап, коркуудан чочулап жатат.

Дем алуусу оор, жүрөгү араң согуп жатса да, мээси иштеп турат, көңүлүн бир кемтик кыйнап турат. Чыңгыз үйүн, жылуу Ала-Тоосун сагынды, мына ушул тапта тоолордун мекенине, дүйнөнүн эң жылуу жерине канат байлап учуп кетүүнү, Ала-Тоонун уларына айланып калууну самап турду. Нюрнбергдин бир ооруканасында жүрөгү алсыз согуп, жүрөктүн жашоосун улантуусу аппаратка көз каранды болгону менен, жүрөгү кереметтүү Ала-Тоонун койнунда бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө салып согуп жатат.

Ала-Тоодон алыс жүрүп мурдалары да сагынган менен ушул учур өзгөчө сагыныч сезимдери көңүлдү ээлеп, Ала-Тоонун алыс талаалары өзүнө сансыз тартып турат. Күлүк оюнда Ала-Тоого жетип барып аны менен жуурулушуп, бир бүтүн болуп калууну самап турат. Ала-Тоо Чыңгыз үчүн согуп турган жүрөгү, агып турган кыпкызыл каны, дем алып жаткан абасы болуп, көз алдынан көк муздуу Ала-Тоонун элеси, жыты өтүп жатат, сагыныч кыйнайт.

Акыркы күн, акыркы мүнөттөр, бул жашоодо өткөрүп жаткан акыркы көз ирмемдер. Бул учурду Чыңгыз такыр мындай элестеткен да, муну каалаган да эмес. Жазуучу үчүн идеалдуу өлүм сценасы көк тиреген Ала-Тоо боорунда, ата-бабанын ыйык жеринде, балдарынын кадырлуу төрүндө аста, балдарынын кучагында денеси муздап өлүп жатканына, аткарбай кеткен жумуштарына өкүнүч сезимдерисиз кетүүнү элестеткен болучу. Минтип бөтөн жерде, түрү суук ооруканадан өлөм деген оюнун учунда да жок болчу. Азыр аябай кайгырып, башка түшкөнүнө аргасыз моюн сунаарына капаланып, айласыз асман жиреген тоолорду, шыбырап шашпай аккан өзөндөрдү, Македонскийдин аскерлериндей тизилген арча-карагайларды, дүйнөдө кездешпес гүл-чөптөрдүн жытын, кишенеп ойногон кулундарды сагынып гана, ойлору менен жетип гана тим болду. Бүт оюу, кыялы, жүрөгү да ошол жакта, бир гана өлүм алып кетүүгө камданган денеси ооруканада калды. Оюнда болсо да акыркы мүнөттөрүн ардак мекен Ала-Тоо менен  өткөрүүгө камынды.

Ала-Тоо Чыңгыз үчүн эң сыйкырдуу, касиеттүү жер эсептелинет. Анын эң кубанычтуу күндөрү, сүйгөн саамалыктарынын баары Ала-Тоонун койнунда жашырынган эле. Ал сүйгөн, сыйлаган инсандар да так ушул керемет, укмуштуу ак калпак жазданган тоолордо торолуп, ушул тоолордон жүрөк бүткөн инсандар. Чыңгыз үчүн Ала-Тоо ардактаган атасы, тунук сүйүүнүн даамын тартуулаган Бүбүсарасы, бал-каймагы аз болсо да таттуу, эстен эч кетпес керемет эскерүүлөрдү тартуулаган балалыгынын өзү эле. Чыңгыз өзүн да, жүрөгүн да Ала-Тоого багыштоону өмүр бою кыялданып келип, эми бүгүн ишке ашпас арманга айланды.

Мекенин чексиз сагынып, тоолорго кеткиси келип турган бир күнү  “Аврора” крейсине жакындап келгенинде, сагынычты түк койбой унуттуруп, мекениндей бийик, аруу инсанга көзү түштү. Ал инсан кийин ак кар жыттанган тоолор, кымыз жыттанган энеси да, чалкып жаткан тунук, терең махабатка толгон Ысык-Көлү да болуп калды. Бүкөнү жанында болсо ашыкча санаркоодон, ашыкча кабатырдан алыс болоор. Мындай сезимди эч качан сезип көрбөгөнүн, сөз менен жеткирип бере алгыс махабатка ээ болгонуна ишене албай келген. Адамзаттан ары чүрөк, ары аруу үр кызы Бүбүсарадай аккуу жаралганына жетине албай кубанып, махабат отун жандырып, табына экөөн бирдей жылытканына Жаратканга ыраазы болуп жашап келди. Бирге, махабат дарыясынан сууну биргеликте 14 жыл татышты, бул убакыт Чыңгыз үчүн  өлчөмүнөн алда канча аз эле. Ала-Тоону, эркин элин сагынганда бүт бийик, таза карлуу Ала-Тоону элестеткен Бүбүсарасын эске салчу. Мына эми Ала-Тоону сагынып Бүбүсараны эске алып эки эселенген сагынычка кабылып, малынып турат. Эмне үчүн эч түшүнө албас бир нерсе бар эле, эмне үчүн Бүбүсара Ала-Тоону элестетет, Ала-Тоонун элесин берет?! Балким, Ала-Тоого көрк кошуп ар таңда жаратылыш сулуулугун толуктаган Ала-Тоонун өчпөс чолпон жылдызы болгону үчүндүр. Канткен менен да, Ала-Тоону элестеген Бүбүсара Чыңгыз үчүн бул жашоодон таба алган, бири-бирин толуктаган, бири-бирисиз  кемтик дүйнө кептенген жан-дүйнөсүндө тургузулган хан сарай эле. Ал сарайдын толук бир бөлүгү шумдуктуу бир күнү капысынан кулап калды, ооба, ал 1973-жылдын 11-майы эле, асманды башкача сур булут каптаган күн эле. Жүрөгүндөгү өзгөрүүлөр, күтүүсүз болгон кыйроо Чыңгызга катуу сокку берди. Эч качан, эч качан эл алдында ачык көз жашын төкпөгөн улуу Чыңгыз Бүбүсаранын жансыз денесин көрөр замат шолоктоп, токтоосуз көз жашын төктү. Жан-дүйнөсү алай-дүлөй түшүп, эмне кыларын биле албай, ордунан кыймылга келбей катып турду. Чыңгыз жакшы билет, анын жашоосуна чоң бурулушту Бүбүсара жасаган болчу. Палубада аркага тегиз ташталып, шамалга ыргала ойноп, бир-бир талашып жүзүнө тийген жибек чачтуу, карасаң өзүнө токтоосуз байлап алган көздөрү негедир касиеттүү Ала-Тоону элестетет. Ансыз да сагынып, Ала-Тоого жетпей жүргөн жан, мекенин көргөндөй сүйүнүп, махабаттын алгачкы жылуулугун сезип, жүрөгүнө бир сезим орноду. Башка инсандарды көргөндө мындай сезимге кабылбайт болчу, андай бир гана инсан бар болчу, ал инсан көп жыл мурун Чыңгыздын жүрөгүнө кыштын суугун түшүрүп, бул дүйнөдөн айрылып кеткен болчу. Бул эмнеси, Чыңгызга таянар тоо, Ала-Тоо болгон инсандар дайыма эле аны жалгыз, кыштын ызгаарына таштап кете беришет.

Ала-Тоо, атасы, Бүкөнү булардын кандай байланышы бар?! Эмнеге баарын бирдей сагынат, баарын бирдей жакшы көрөт. Балким, аларда эч ким билбеген бир сыйкыр бар, ооба албетте бар. Ала-Тоо-бул согуп турган жүрөгү, атасы жүрөгүнүн аккан каны, Бүбүсара дем алып жаткан, сырттан кирип жанына жашоо тартуулап турган абасы эле. Буларды дайыма сагынып жашады, эми өмүр бою сагыныч менен өтөөрү да белгилүү калган өңдүү.

Бул өмүргө берилген сапары карып, согуп турган жүрөгү дагы да жайлап акырындан токтоого камынып турду. Атасын издеди, балалыкта жетелеген берекелүү, жумшак алакандарды издеди.

“Ата… Ардагым атакем, кайдасың ата? Мен сени сагындым ата, кайдасың, Ала-Тоо жыттанган атаке мага келчи, жок дегенде көз алдыма элесиң тартылсынчы… Ошол акыркы жолу көргөн элесиң азыр мына мага келсинчи, Ала-Тоом, бүт кыргызым, атам мага кайтып келчи, азыр келчи… Акыркы сапарга өзүңдүн элесиң менен кетейинчи атакем, айыпсыз арман менен дүйнө салган, жаш бойдон бул өмүрдөн кете берген асыл ата мага келчи, мени өлүм коркунучунан алыстатчы, мен өзүңдүн элесиң менен өлүмдөн коркунуч сезимдери жок кетем атаке…

 Ата, ошол сенсиз өткөн 69 жыл бою колуңдан кармап сейилдөөнү, жылуу кучагыңда магдырап уктап, Ала-Тоонун кең койнунда эч түйшүксүз эс алып жаткан күндөрдү, ошол сени менен жүргөндө сезе билген сезимдерди сезүүнү аябай катуу самадым, күттүм, келбесиңди билсем да, чоңоюп бүт баарына акылым жетип турса да, сөздүн баары сага жеткенде акылы кем манжу болуп, ушул күнгө дейре сагынычтын чексиз кучагында жашадым. Өзүңдү мага көрсөтчү, өмүрүмдүн акыркы кадамы, өлүмүмдүн биринчи кадамын өзүңдүн элесиң менен болсунчу. Ата, колуңду берчи, өлүмгө мени өзүң жетелеп барчы. Ата, сенсиз караңгылыкка баруудан коркуп жатам, ата”. Аңгыча алаканы жетти. Миң ирет күтүп, өмүрүнүн акыркы мүнөтүндө жетсе да кубанып, ошол Ала-Тоолорун сагынып, алардан айрылганда гана төкчү ачуу көз жаштарды төктү. Жүрөгүнүн согуусу дагы да жайлады, өмүрүнүн акыркы чеги жакындап келе баштады. Чыңгыз атасынын жылуу алакандарын бекем кысып, коё берсе кетип калчудай катуу кармап турду.

Туут-тууут… Жүрөктүн кагуусу бир заматта токтоду. Далбалактап чуркап, аппараттарын көтөрүп врачтар келди. Чыңгызды артка, бул жашоого кайтарууга аракет жасашты, бирок кайтууну өзү каалабай атасынын алакандарын бекем кыскан бойдон кете берди…

Дүйнөнүн Ала-Тоосу кулады. Дүйнөнүн тиреги, ааламдын алп Ала-Тоосу байкоосуздан кулап калды. Катуу кыйроодон чыккан үндөн үрккөн канаттуулар бийик учуп, тынчый албай ошол жерде айланып учуп, кайгыдан көз жашын тынбай төгүп турушту. Жаратылыш, инсанияттын баары кайгырып күтүлбөгөн жерден кара жамынып, асман да агы жок кара сур булут каптап, нөшөрлөгөн жамгырын башка төкпөс сыяктанып куюп жатты. Шум кабар дүйнөгө шамалдан бетер тез тарап, баары кайгыдан Жер планетасын мүнөттүк жымжырттыкка чакырды. Бул нерсеге даяр эмес, күтүлбөгөн жоготууга кабылган Ала-Тоо шериксиз жалгыз калган, жетим калган козу өңдөнүп үңгүрөйт.  Ар келгени сырдашып, бүт баарын баян кылып берээр эгизи эми кайтпасын туюп билген сыяктанып, ич-ичинен ый салып, токтотууга эч бир күч жетпеси көрүнүп турат. Унутулгус бир кез, алкынып учкан Гүлсары, Ысмайылга бетме-бет келген Сейде, Данияр менен бактысына ашыккан Жамийла, күдөр үзбөй атасын күткөн Нургазы, Жер эненин айрылышпас курбусу Толгонай да үн катпастан ыйлап турду…

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА,  “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17