Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,168 Бардыгы / МОСВКА. Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер жана ушул эле калаадагы “Жаш Толкун” кыргызстандык чыгармачыл жаштардын Биримдигинин активисттери менен жолугушту. Адегенде эле Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков билим берүүгө, мунун ичинде Орусиянын жогорку окуу жайларында адистерди даярдоо багытына өзгөчө көңүл бураарын билдирди. Буга улай […]
2,169 Бардыгы / МОСВКА. Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер жана ушул эле калаадагы “Жаш Толкун” кыргызстандык чыгармачыл жаштардын Биримдигинин активисттери менен жолугушту. Адегенде эле Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков билим берүүгө, мунун ичинде Орусиянын жогорку окуу жайларында адистерди даярдоо багытына өзгөчө көңүл бураарын билдирди. Буга улай […]
КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
26.04.2019 / Автор aymak

2,170 Бардыгы /
МОСВКА. Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер жана ушул эле калаадагы “Жаш Толкун” кыргызстандык чыгармачыл жаштардын Биримдигинин активисттери менен жолугушту.
Адегенде эле Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков билим берүүгө, мунун ичинде Орусиянын жогорку окуу жайларында адистерди даярдоо багытына өзгөчө көңүл бураарын билдирди. Буга улай Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы Союздаш мамилелердин азыркы абалы, үстүбүздөгү жылдын март айында Орусия мамлекетинин башчысынын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековменен Орусия Президенти В.В.Путиндин эки тараптуу жолугушууларынын негизги жыйынтыктары жөнүндө дагы баян этти. Андан ары Кыргыз Элчиси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүн колдоо максатында жогорку квалификациялык инженердик кадрларды даярдоодо Орусия менен болгон иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган курсун өзгөчө баса белгиледи. Жогорку квалификациялык инженердик кадрларды, мунун ичинде инженер-энергетиктерди, тоо-кеништери боюнча инженерлерди даярдоо маселелери билим берүү тармагындагы мекемелер «Россотрудничествонун» жана Санкт-Петербург Тоо кен Университетинин жетекчилиги менен болгон жолугушууларында активдүү түрдө талкууланып жаткандыгын дагы кошумчалады.
Москвада шаарындагы “Жаш Толкун” кыргызстандык жаштардын Биримдигинин өкүлү Н.Джумалиев жолугушуунун катышуучуларына Биримдик тарабынан былтыр жасалган иштер тууралуу кыскача баяндады. Сөз сүйлөгөн студенттер москвалык жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан кыргызстандыктардын жердеш топторунун ишмердиктери,билим алуу жараянындагы актуалдуу маселелер тууралуу дагы айтып беришти. Ошондой эле Орусиянын аймагында турган студенттерди маалымат менен камсыздоо жаатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу боюнча айрым сунуштарын дагы ачыкташты.
Баса, “Жаш Толкун” кыргызстандык жаштар Биримдигинин катарына Москва шаары боюнча 200, ал эми жалпы Орусия боюнча 1000ден ашуун кыргызстандык жаран катталган. Жолугушууну жыйынтыктап жатып Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов Москва шаарында алдыңкы жогорку окуу жайларда кыргызстандык жаш муундун келечекте Мекенинин бакубатчылыгы үчүн пайдалануучу жогорку класстагы билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн активдүү пайдалануулары зарылдыгын катуу эскертти.
Бул жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Элчилиги ар тараптан колдоой турган билим берүүчү жана маданий тармактар боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштурууда тыгыз байланышта болуусуна бекем ишенишкендигин дагы жашырышкан жок.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
09.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.