Аймак

ЭЛДИН УУЛУ БОЛУУ УРМАТ, ЭНЕНИН УУЛУ БОЛУУ КЫМБАТ

ЭЛДИН УУЛУ БОЛУУ УРМАТ, ЭНЕНИН УУЛУ БОЛУУ КЫМБАТ

 5,858 Бардыгы /

Бүтүндөй районду жетектеп, эл башында турган акимдерин кандай эне тарбиялаган. Энелер күнүнүн урматына район башчылары апалары тууралуу маек куруп, аны менен бирге жаштык күндөрүнө сапар тартышты. Айрымдары апасы менен түшкөн сүрөтү жок экенине өкүнсө, айрымдары айылга барсам апам менен сүрөткө түшөм деп камданып калышты. Айтор акимдердин апасына болгон жан дүйнөсүндө катылып жаткан сезимдерин аңтарып чыктык.

Таалайбек ЖАЙЫЛОВ, Токтогул районун акими:

 “АПАМ КЕЧИГИП КАЛСАМ УКТАБАЙ КҮТЧҮ”

-Апам Жайылова Сергүл Белековна 1948-жылы Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Төрт кыз, үч уулду татыктуу тарбиялап өстүргөн, он сегиз небере, эки чеберенин чоң эне, таенеси.  Апабыз орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген.

Улууларды сыйлоого, кичүүлөрдү ызаттоого, чынчылдык, адилеттүүлүккө жана тазалыкка үйрөтүп өстүргөн. Мен дагы мугалимдин уулу деген атка татыктуу болуп, алдыда болууга аракеттенчүмүн.

Биз шоктук кылып койгондо мен күтпөгөн жазаларды кылчу, бирок болушчаак жагы бар эле. Ошондуктанбы айтор,  жазадан кутулуу үчүн алдаган кезим эсимде калбаптыр. Анда -санда кечигип калсам уктабай күтчү, бирок көчөдө көп жүрчү эмесмин.

Канжарбек ЭШАЛИЕВ, Чаткал районунун акими:

“КАБАТЫР БОЛБОСУН ДЕП КАЛП АЙТКАН УЧУРЛАР БОЛОТ ЭЛЕ”

Менин апам Бүбүайша Шерматова 1955- жылы 27-октябрда Чаткал районунун Жаңы­-Базар айылында төрөлгөн. 2 уул, 2 кыздын энеси, 12 неберелүү. Мен 1 жашымда таенем Жумагүл Мырзабаеванын колуна барып тарбияланып чоңойдум. Ал мени “Аманым” деп эркелетип, жакшы көрөр эле. Таенем 86 жаш курагында дүйнө салды. Өзүмүн апама каникул маалында келип жүрдүм. Апам жашаган айыл менен таенемдин айылынын аралыгы 20 чакырым болчу.

Таятам мугалим болгондугуна байланыштуу таенем дайыма таятамын жакшы жактарын айтып турар эле. Ошондуктан мен көбүнчө таенемин тарбиясын алып калдым. Тентектик кылып мектептен кээде качып келет элек, кайра урушуп мектепке жөнөтчү. Балдар менен мушташканымды билип калса урушат болчу. Сууга барба дегенине карабастан чогуу өскөн тең чамалаш достор менен дарыяга кетип калат элек. Апам менен таенем кабатыр болбосун деп калп айтып койчумун. Мисалы, дарыяга барбадык, үйдүн жанында эле балдар менен сүйлөшүп отурдук дечүмүн. Көчөгө түндө чыкканда тез келгин деп айтып, мен келгенче уктабай таенем да, апам дагы күтүп отурушчу. Ал убакта түндө дискотекага, ар кандай кечелерге барат элек да, ошентип кээде кеч келип каласын.

Апамын, таенемин эң жакшы сапаттары колу ачыктыгы, мага туура тарбия бергендиги деп ойлойм. Мени ушул даражага жеткирген апам аман болсун, эч оорубасын. Ошондой эле башка апаларды дагы энелердин күнү менен куттуктап кетемин. Аларга узун өмүр, чын ден соолук каалаймын.

Эрмекбай ОМОШЕВ, Сузак районунун акими:

“ОКУУ ЖАЙГА ӨТПӨЙ КАЛЫП, АПАМДАРГА ӨТТҮМ  ДЕП АЛДАГАНМЫН”

-Апам Жумакан Омошова 1948-жылы 7-февралда Сузак районунун Саты айылында туулган. Баатыр эне статусуна ээ, 5 уул, 4 кыздын апасы. Учурда 35 небереси бар. Жаштайыман эмгекке үйрөттү, өзү да мектепти жакшы бүткөндүктөн окуубузга абдан көңүл бөлчү. Бир уулу мектепти күмүш медаль менен бүтсө, калган сегизи жогорку билимдүү. 5 баласы жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөн (анын ичинде мен дагы). Балалыгымдан көчөгө чыгып, үйгө кечигип келип, апамдан уруш уккан эмесмин. Кызыктуусу апам бир күнү уй саап келип, ошол сүттөн бышырып “мектепке ичип кет” деп чоң идишке куюп берди. Ичсем уйдун кыгынын даамы бар экен. Апама ичпейм бул сүткө кык түшкөн окшойт десем, “ич көп сүйлөбөй” – деди. Аргасыз көзүмдү жумуп ичип кеттим. Мектептен келсем апам “эй, балам, сен чын эле айткан экенсиң, челектеги сүттүн түбүндө уйдун кыгы бар экен” – деген. Ошол окуяны айтып экөөбүз тең ушул күнгө чейин күлүп калабыз.

Жогорку окуу жайга өтпөй калып, бирок үйгө келип апамдарга өттүм деп алдаганмын.  Анан алар сентябрь болгондо эми окууңа бар дешти. Мен эгер силерге өтпөдүм десем жөнөтпөйт элеңер, эми даярдоо курсуна тапшырам дедим. Алар мени урушкан да жок, ошентип алгач даярдоо курсунда окудум. Ата-энем экөө тең жаштайыман “балам, оюн-күлкү али алдыда,  сен жакшы окуп, жакшы адам болсоң, анан оюн күлкү болот” – дешчү. Атам да, апам да “мен окубай калганмын, окусам чоң кызматтарда иштейт элем” – деп айтып калышчу. Бүгүнкү күнү апам бар. Мен билем апам күндө намаз окуганда мага ак жол тилеп, райондо элдин тынчтыгы бекем болсун, ар түрдүү табигый кырсыктар болбосо экен деп тилейт.

Эркинбек МАМАТАЕВ, Ноокен районунун акими:

“АТАБЫЗГА КАРАГАНДА АПАБЫЗГА ЖАКЫН БОЛЧУК”

-Апам Патима Самиева 1951-жылы Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында карапайым үй-бүлөдө туулган, тогуз бир туугандын эң улуусу. Мектепти аяктаган соң Майлуу-Суу шаарындагы медициналык училищаны бүтүп, өзү туулуп өскөн айылда кесиби менен эмгектенген.

Беш баланы, тагыраагы эки уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Негизи апам он үч баланы төрөгөн, бирок бешөөбүз гана калганбыз, андан үчөө эгиз болгон. Апам 64 жашында ден соолугуна байланыштуу бул дүйнөдөн кайтыш болгон. Өзүнүн көп убактысын балдарына, бизге  арнайт эле. Көбүнчө биз бир туугандар апам  менен сырдашып, сырыбызды апабызга гана айтат элек, атабызга караганда апабызга жакын болчук.

Апам бизди өтө тазалыкка тарбиялайт эле, үй-бүлөдөгү ишти бул эркектики, бул аялдыкы дебей үйрөтөт болчу. Тамактардын түрлөрүн жасатат эле, биз жасаган тамакты ар дайым жакшы көрүп даам татчу. Апамдын билимге болгон умтулуусу күч болгондуктан мектепте кандай билим алып жатканыбыз жөнүндө ар дайым кабардар болчу. Үй тапшырмаларыбызды күнүгө көзөмөлдөп, биз менен кошо сабак окуп, эртеңки сабактарга да даярдайт эле.

Бизди бирөөнүн буюмуна уруксаты жок тийбе, колуңдан келсе эч кимден жардамыңды аяба, ал кандай адам болбосун, муктаждарга ар дайым жардам бер деп үйрөтчү. Калп айтпа, өзүңдөн улууну сыйла деп да көп айтчу.

Апам мени урушканы эсимде жок. Себеби бизди эч качан урушуп тарбиялаган эмес. Тентектик кылган учурда кой балам деп, сөз менен түшүндүрүп жакшы жакка тарбия берчү. Урушкан үй-бүлөдөн ырыскы кетет деп айткандары эсимде. Мен апама эч качан калп айткан эмесмин. Кабатыр болбосун деп жалган сүйлөгөн учурларым да болгон эмес. Тескерисинче ар дайым чынын айтчумун.  Үйгө кеч келген учурда апам тамаша иретинде “үйдү эми эстедиңби?”- деп тилдеп гана койчу. Анан күнүгө бизге жумуш бөлүп берчү, ушундай учурларда ошол жумушту эки эсе кылып аткартат эле.

Мени Эгентай деп эркелетчү, ушул сөзү бүгүнкү күнгө чейин кулагымда турат. Апама айта албай калган жүрөктөгү сөздөрүм көп. Мени ушул даражага жеткирген бул менин апам. Эң өкүнүчтүүсү балдары, неберелери чоңоюп, алардын үзүрүн көрө турган убакта кайтыш болду. Апама кандай гана айта турган сөздөрүм бар эле, бирин да айта алган жокмун, мен үчүн ушул арман бойдон калды.

Апамын көзү тирүүсүндө неберелерине той беребиз деп ниет кылдык эле тилекке каршы апам ооруп кайтыш болуп кетти. Неберелеринин тоюн апамдын көзү тирүүсүндө өткөрүп бере албагандыгыбыз биз үчүн арман.

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ, Ала-Бука районунун акими:

“АПАМ ЖАКШЫ АТА-ЭНЕНИН ТАРБИЯСЫН АЛГАН АДАМ ЭЛЕ”

-Апам Касиет Атчабарова 1926 – жылы Сузак районунун Каринген айылында туулган. Таенебиз 14тү төрөп, бирок чума оорудан балдарын жоготуп бир гана кызы биздин апабыз аман калган экен. Апам 10 баланы төрт уул, алты кызды төрөгөн. Төрт баласы жаштайында каза болуп, алтообуз аман- эсен чоңоюп үй- жайлуу бала- чакалуу болдук. Апам мен окууну жаңы бүтүп келип, өндүрүштө иштей баштаганда 1988-жылы 62 жашында өтүп кетти. Бүгүн аман болгондо 60тан ашуун небере- чебере, кыбыра көрмөк.

Апам абдан жакшы ата-эненин тарбиясын алган адам эле. Бизге дагы абдан жакшы тарбия берди. Баарыбызга аярлуу мамиле кылган акылман, мээрман эне болчу. Жумуш кылып жатсак, “барагой сабагыңда кара, даярдан” деп биздин жакшы билим алуубузга, окуубузга шарт түзүп көмөктөшөр эле. Мен 8-класста республикалык конкурстан жеңүүчү болуп эл аралык Артек лагерге Крымга жолдомо алганымда укмуштай кубанганы, мени даярдап узатканы али эсимде. Ал эми мектепти аяктап борбордук ЖОЖго өтүп, Новочеркаск шаарына барым окуумду айтканымда алгач капа болуп алыска, башка элге барып кантесин деп кабатырланып, чоң агамды урушуп Бишкекке эле окутсаңар болмок деген. Бирок кийин менин кандай окууга өткөнүмдү, ийгиликтеримди түшүнүп сүйүнүп кубаттап колдоп жүрдү.   Тез- тез посылка салып турар эле. Бир жолу жубканы сонун кылып жаап, посылкада жөнөткөнүн көп жолу эстейм. Уулум ач калбасын деген эненин улуу мээрими го . Мен эс тарткандан тентектик кылган учурларым деле болгон жок. Ата- энеге кол кабыш кылып жардам берүү, окуу менен эле алек болдук.

Мен алыска окууга жөнөп жатканда апамдын кабатырланганын көргөн атам Ысакул мага карап, “мен ал жакта 6 жыл армияда согушта болгом, орус эли абдан жакшы эл. Атаң Ысакул өлдү деп кабар барса да келбей оку уулум” деп мага дем берген. Абдан кайраттуу адам эле атам. Апамды алдаган учурум болбоду, анткени мени абдан жакшы көрүп, аябай ишенээр эле. Мүмкүн мен эненин ишенимин бузуп албайын деп аракеттенсем керек. Тилекке каршы апам, атам жаш өтүп кетишти. Аларга деген сый урматты өз учурунда жетише көрсөтө албадымбы, деген арман өкүнүч такай жашап келет. Мен апама, атама абдан ыраазымын. Алардын мээрими, тарбиясы, камкордугу мени ушул деңгээлге, элиме, жериме татыктуу кызмат кылууга алып келди. Апам жөнүндө сөз кылып жатып жашып, оюма бир куплет ыр келди.

Айылыма келем кайрылып,

Кайгыга кайгы жамынып.

Аңгырап айыл калгансыйт,

Апакем тамаша күлкүң сагынып.

Айбек БЕГИМКУЛОВ, Базар-Коргон районунун акими:

“АР КАНДАЙ ЫКМА МЕНЕН ТАРБИЯ СААТЫН ӨТЧҮ”

– Апам Майрамкан Тургунбаева 1948-жылы 1-майда төрөлгөн. Арстанбаптын Жапаш айылынын кызы болот. 3 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдү. Азыр 16 неберелүү, 10 чеберелүү болуп отурат. Апам бизди катуу кармачу, эркелетчү эмес. Сөзсүз түрдө эрте менен эрте тургузчу. Атам мамлекеттик кызматкер болгондуктан биздин үйдө кара жумуш жок болсо да, апам күнүгө эртеден үй шыпыртып, жак-белди тазалатып, чөп ототуп турчу. Тазалыкка тыкыр маани берип, бизди пунктуалдуу кылып чоңойтту. Көп эле чайналып урушпаган аял эле. Бир сөздү так кесе айткан аял эле. Апам айткан саатында үйгө келип калчубуз. Атам окууга, апам эмгекке тарбиялады. Азыр 71 жашка толсо да, күүлү- күчтүү, эң кичүү инибиздин колунда. Бүгүнкү күнү деле айтканын айткандай кылабыз, кел деген саатында барып калабыз, болбосо урушат.

Апам өзгөчө эмгекти жана тазалыкты сүйгөн  адам, саар туруп, үйдүн жумушун аткара берет, өзү менен кошо көп учурда бизди да эрте турганга үйрөттү. Ойноп жүрүп өз убагында келбесем, ар кандай ыкма менен тарбия саатын өтчү. Эсимде иш кылбай ойноп жатсак, дароо топту алып койчу. Дагы бир жазасы кеч келгенибизде үбөлүк менен урганы жадымда. Негизги насааты  кичинекейибизде бир туугандарыңды туу тутуп ынтымакта жүрүүнү көп айтчу. Эл менен жакшы мамиле курууну, чынчыл, жалган нерседен алыс болууну көп эскертет. Ар кандай жумушту баштаар алдында жакшы  билген адам менен  кеңешип, өзүңдүн акылың менен аткар деп көп насааттарын айтат. Азыркы кезде да (аким болуп турган учурда) эл менен бирге болууну, алар менен таза иштеп, чынчыл болууну, талаш-тартыш маселеде акыйкат, калыс болуп жүргүн деп дайыма ак батасын берип жүрөт.

Айбек КОЖОШОВ, Тогуз-Торо районунун акими:

“АПАМА СӨЗ ТИЙГИЗБЕЙИН ДЕП, ЖАКШЫ ОКУДУМ”

-Апам Анаргүл Намазалиева 67 жашта. Өмүр бою билим берүү тармагында мугалим болуп эмгектенген. Өзү Тогуз-Тородо туулуп өскөн. 4 кыз, 4 уулду тарбиялап өстүрүп, бүгүнкү күндө 27 неберенин кадырлуу чоң энеси болуп отурат. Элдин уулу болууга эненин тарбиясы маанилүү эмеспи, андыктан мен дагы мектепте апама сөз тийгизбей жакшы окуганга аракет кылчумун. Жаштык кезде көп деле тентектик кылган эмесмин. Ар дайым мектепке эрте кетип, жумуштан кеч келгендиктен “Апаңар жумуштан чарчап келсе, силер айтканын кылбай коёсуңарбы?”- деп айтчу. Атам да кызматта болгондуктан үйгө келгенде иштерди дайындап эле койчу. Анан бардык чарбалык иштерди, мал-жандыктарды апам экөөбүз карачубуз. Жаш кезде апама жалган айтканымы эстей албайм. Бирок азыр жумушта иш сапарлар көп болуп калат, жолдо-белде жүргөндө, кечинде жолго чыкканда кабатыр болбосун деп алдап койгон учурум болот. Антпесе түнү менен уктабай сар-сарсанаа болот.

Даярдагандар: Роза АКМАТЖАН кызы, Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17