Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,443 Бардыгы / 2019-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад ОИИБде ушул жылдын 6 айында аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгаруу максатында ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, ыкчам кеңешмеге КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги А.К. Орозалиев катышып, бүгүнкү күндөгү ИИОдогу бир топ орчундуу маселелерге токтолуп, милиция менен элдин ортосундагы […]
1,444 Бардыгы / 2019-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад ОИИБде ушул жылдын 6 айында аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгаруу максатында ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, ыкчам кеңешмеге КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги А.К. Орозалиев катышып, бүгүнкү күндөгү ИИОдогу бир топ орчундуу маселелерге токтолуп, милиция менен элдин ортосундагы […]
ЖАЛАЛ-АБАД: 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ЖАҢЫЛАНГАН ИМАРАТ
17.07.2019 / Автор anarkan_kg

1,445 Бардыгы /
2019-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад ОИИБде ушул жылдын 6 айында аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгаруу максатында ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ыкчам кеңешмеге КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги А.К. Орозалиев катышып, бүгүнкү күндөгү ИИОдогу бир топ орчундуу маселелерге токтолуп, милиция менен элдин ортосундагы мамилени чыңдап, элдин ишеничин актоо башкы багыт экендигине баса белгилеп өттү. Андан сырткары, Жалал-Абад областынын жаратылышы туристтерди көбүн эсе кызыктыргандыктан, учурдун талабы болгон «Туристтик милицияны» түзүү зарылдыгын айтып, бул багытта жумушту тездетүүгө талап койду. Ошондой эле кызматта өзгөчөлөнгөн бир топ кызматкерлер ИИМдин медалы жана төш белгилери менен сыйланышты.
Күндүн экинчи бөлүгүндө ыкчам кеңешмеге келген ШРИИБдин жетекчилери үчүн Таш-Көмүр шаарында көчмө семинар-кеңешме өткөрүлдү. Семинар-кеңешмени Таш-Көмүр ШИИБнин имаратында өткөрүүнүн негизги максаты – жаңы кабыл алынган мыйзамдардын талабына ылайык, заманбап жана кызматкерлердин толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү болуп саналып, бул багытта Таш-Көмүр ШИИБнин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, өздүк курамы, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып куруу жана оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн имараты үлгү иретинде практикалык колдонмо катарында көрсөтүлдү. Имаратка кирүүдөн баштап текшерип өткөрүү жайы, атуулдарды кабыл алуу бөлмөсү, тергөө-ыкчам тобунун жабдылышы жана окуя болгон жерге чыгуу үчүн атайын автоунаасы, нөөмөт бөлүмү андагы КЖБРдин иштөө системдери, жаңыланган жыйындар залы, тергөө жана кызматкерлердин эс алуу бөлмөлөрү келген жетекчилерге тааныштырылды.
Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов – Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги Азенбек Козукеев өзү жаш жетекчи экендигине карабастан, демилге көтөрүп, жергиликтүү бийлик жана жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, демөөрчүлөрдү таап, анын натыйжасында ушундай деңгээлге жеткирип, өздүк курамдын иштөөсүнө мыкты шарт түзгөнүн айтып өттү. Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесин утурлай башка ШРИИБде да ушул сыяктуу жумуштар аткарылуусу керектигин белгиледи.
«Аймак»
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.