Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
899 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕККУнун ЖМК эркиндиги маселелери боюнча Өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды. Бул жолугушууда сөз жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу жаатында Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери өз ара талкууланды. Кыргыз министри ЖМКлар, социалдык тармактар менен жигердүү иштөөнүн маанилүүлүгүн жана «фейк жаңылыктар» өңдөнгөн көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу […]
900 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕККУнун ЖМК эркиндиги маселелери боюнча Өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды. Бул жолугушууда сөз жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу жаатында Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери өз ара талкууланды. Кыргыз министри ЖМКлар, социалдык тармактар менен жигердүү иштөөнүн маанилүүлүгүн жана «фейк жаңылыктар» өңдөнгөн көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу […]
СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА РЕЙТИНГДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН ПОЗИЦИЯСЫ ЖАКШЫРДЫ
17.07.2019 / Автор anarkan_kg

901 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕККУнун ЖМК эркиндиги маселелери боюнча Өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды.
Бул жолугушууда сөз жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу жаатында Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери өз ара талкууланды. Кыргыз министри ЖМКлар, социалдык тармактар менен жигердүү иштөөнүн маанилүүлүгүн жана «фейк жаңылыктар» өңдөнгөн көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу зарылчылыгын баса белгиледи. Тараптар «фактчекинг» институтунун ролун жана ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүнүн натыйжалуулугуна дагы токтолушту.
ЕККУнун ЖМК эркиндиги маселелери боюнча Өкүлү Арлен Дезир Кыргызстандагы плюрализмдин жогорку деңгээлин баса белгилеп, сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу боюнча ЕККУнун милдеттенмелерин Кыргызстан катуу жактай тургандыгын жана олуттуу жетишкендиктердин бар экендигин баса белгиледи. ЕККУ Өкүлү «Чек арасыз репортерлор» Эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстандын позициясынын жакшыргандыгын дагы оң баалады. Анткени, бул рейтинг боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 83-орунду ээледи.
2019-жылдын 17-18-июлунда Бишкек шаарында өтө турган ЕККУнун «ЖМКлардын эркиндиги жана санариптик трансформация доорундагы плюрализм» аттуу Борбор-азиялык 21-медиа конференциясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ЖМК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун өкүлү Арлен Дезир аталган иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: ЕККУнун «ЖМКлардын эркиндиги жана санариптик трансформация доорундагы плюрализм» аттуу Борбор-азиялык 21-медиа конференциясынын негизги темасы – санариптик трансформация шарттарында ЖМК эркиндиги жана плюрализм. Жалпы улуттук деңгээлде жана ЕККУнун бардык аймагында ачык жана коопсуз интернет түзүү үчүн шарттар, аз сандуу элдер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана өзүн-өзү жөнгө салуу ыкмалары сыяктуу маселелер талкууланат. Конференция Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, ошондой эле Монголиядан мамлекеттик органдардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, журналисттердин ассоциациясынан, жарандык коомдон жана илимий чөйрөлөрдөн көрсөтүлгөн 100дөн ашуун катышуучулар аталган маселе боюнча ой-пикир жана алдыңкы тажрыйба алмашышат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ИСЛАМБЕК УВАЙДИЛЛАЕВ ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК 5 ДОЛБООР ИШКЕ АШЫРЫЛАТ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН ТАМГА” ТЕСТИРЛӨӨСҮ ЖОЮЛДУ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖОГОРКУ СОТ ЖУРНАЛИСТ ГҮЛЖАН ШЕРИПБАЕВАНЫ ТОЛУК БОЙДОН АКТАДЫ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН АТЫНАН КЕЛГЕН АЛДАМЧЫ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САК БОЛУҢУЗ!
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.