Аймак

ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТ: ЖЭЭНБЕКОВДУН ТАЖИКСТАНГА САПАРЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ

 1,110 Бардыгы /

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга жумушчу сапары менен баруусу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттик аппараттан маалымдашты. 

Анда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде чек ара меселеси талкууланмакчы. Президенттин аппараты эки президенттин жолугушуусунун убактысы жана орду такталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Тажикстандагы “Азия-плюс” басылмасы өз булактарына таянып, тажик президенти Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Исфарада жолугаарын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандар арасында милиция, чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар бар.

Учурда Исфара – Ворух авто жолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.Тажикстан ИИМи бул маалыматты тастыктады.

Бул арада кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам 315 киши Баткен шаарына көчүрүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандагы “Кызыл жарым ай” коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги бөлүмүнө таянып билдирди. Маалыматка караганда, 55 киши үй-бүлөлөргө, 260ы убактылуу уюштурулган лагерлерге жайгаштырылды. Убактылуу лагерь аймактагы мектептерде ачылды. Коопсуз аймакка көчүрүлгөндөрдүн көбү аялдар жана балдар. “Кызыл жарым ай” коому чатыр, суу, тамак-аш жана жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17