Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
965 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Тажикстанда башталып, анан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып жыйынтыкталды. – Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүтүндөй комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз! Биз Кыргыз-Тажик чек арасын делимитиациялоо жараянын тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Ал эми чек ара боюнча ишти […]
966 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Тажикстанда башталып, анан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып жыйынтыкталды. – Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүтүндөй комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз! Биз Кыргыз-Тажик чек арасын делимитиациялоо жараянын тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Ал эми чек ара боюнча ишти […]
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ТАЖИКСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ЭМОМАЛИ РАХМОН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮСҮ ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА АЯКТАДЫ
29.07.2019 / Автор aymak

967 Бардыгы /
ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Тажикстанда башталып, анан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып жыйынтыкталды.
– Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүтүндөй комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз! Биз Кыргыз-Тажик чек арасын делимитиациялоо жараянын тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Ал эми чек ара боюнча ишти “Жөнөкөйдөн татаалга карай“, өз ара урматтоо принциптерин бекем тутунуп, бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды катуу эске алуу менен жүргүзүүнү гана макулдаштык. Биз ошондой эле Аймактык жана Эл аралык проблематикалар, мунун ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон аймактагы суу-энергетикалык маселелер боюнча дагы ачык пикир алыштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмондун колдоосу аркасында чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөндүгүн кошумчалады: – Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Биздин жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө ана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп берет деп бекем ишенем!
Ал эми Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакыргандыгы үчүн Сооронбай Жээнбековго терең ыраазылыгын жашырган жок: – Меймандос Кыргыз жергесинде жолугуп жатканыбызга мен абдан кыбанычтамын! Бул жолугушуу Кыргыз-Тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк жаратты. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттенүүн туруктуу өнүгүшүнө абдан кызыкдарбыз! Анткени, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай дагы Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экендигин дагы бир жолу тастыктайт.
Эске салчу жагдай: Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган. Эки мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, мунун ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараяндары ачык-айкын талкууланды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
-
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨМҮРҮН МЕКЕНДИ КОРГООГО АРНАГАН ИНСАНДАР
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.