Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
989 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Орусия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти. Мамлекет башчысы адегенде Орусия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга сапарын, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, мунун ичинде Кыргызстан жана Орусия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси дагы катуу талкуулангандыгын эске […]
990 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Орусия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти. Мамлекет башчысы адегенде Орусия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга сапарын, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, мунун ичинде Кыргызстан жана Орусия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси дагы катуу талкуулангандыгын эске […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ОРУСИЯ ЖАШ ЛИДЕРЛЕРИ ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ
29.07.2019 / Автор aymak

991 Бардыгы /
ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Орусия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти.
Мамлекет башчысы адегенде Орусия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга сапарын, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, мунун ичинде Кыргызстан жана Орусия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси дагы катуу талкуулангандыгын эске салды. Ошондой эле жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болооруна терең ишенгендигин билдирди.
– Бизди Орусия менен тарыхый достуктун, союздаштыктын жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизденген ишеничтүү мамилелер байланыштырып турат. Мен мурда бир нече жолу айткам, азыр дагы кайталайм: Орусия— биз үчүн жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөш. Биз Орусия менен бирге алга жылгыбыз келет, өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн биздин мамилелерди өркүндөткүбүз жана бекемдегибиз келет, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ректорлорунун Форуму, ошондой эле региондордун Форуму өткөрүлдү. Жалпы суммасы 6 миллиард АКШ долларынан ашкан макулдашууларга дагы кол коюлду.
Президент Сооронбай Жээнбеков маектешүү маалында өзүнүн жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы абдан символикалуу экендигин дагы баса баса белгиледи: – Улуу жазуучу гуманист, философ, планетардык масштабдагы инсан, биздин атактуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов Ысык-Көлдүн жээгинде иштегенди жакшы көргөн. Анын „Ар бир адамдын алдында милдет бар — ал бүгүн, эртең жана ар дайым адам болуу“ деген сөздөрү ар бирибиз үчүн дагыле актуалдуу. Бүгүн көл боюнда Кыргызстандын жана Орусиянын лидер жаштары чогулушту. Силер бүгүн тарых жасап жаткан жаштарсыңар! Силер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жемиштүү кызматташуу салттарын улантасыңар деп бекем ишенем! Президент Сооронбай Жээнбеков андан ары жаш лидерлерге ак жол, бекем ден соолук жана бак-таалай каалап, жаштык бир гана жолу келээрин, ошондуктан мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өз долбоорлорун, пландарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жүзөгө ашырууга жетишип калуу керектигин эскертти. Жолугушууда «Орусия жаштар союзу» жалпы орусиялык коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Татьяна Селиверстова жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук Коомунун президенти Азамат Баялинов чыгып сүйлөштү. Алар Форумдун алкагында бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлганын, ишкерликти өнүктүрүү, туризм, волонтерлук, аймактардагы жаштардын ролун жогорулатуу чөйрөлөрүндө тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашууларга жетишилгенин айтышты, Кыргызстандын жана Орусиянын жаштары бардык пландарды жана макулдашууларды биргелешип ишке ашырууга даяр экендигине ишендиришти.
Кыргыз-Орусия өнүктүрүү Банкы чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн өз ара макулдашуунун алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоп, 70 миллион сом бөлгөндүгү белгиленди. Жолугушуунун соңунда эстеликке сүрөткө түшүшүп, Форумдун катышуучулары Президентке символикалуу белек-бечкектерин дагы тапшырышты. Бул жолугушууга Орусиянын Кыргызстандагы Элчиси Николай Удовиченко дагы катышты.
Эске салсак, Форум өз ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштаган. Бул иш-чара 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында улантылат. Уюштуруучулар: Орусиянын Жаштар иштери боюнча федералдык Агентчилиги жана Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт мамлекеттик Агенттиги. Форумдун жыйынтыгына ылайык Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылы — 2020-жылга карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу болжолдонууда.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.