Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,010 Бардыгы / Өзбекстандын Бухара шаарында жеке ишкерге XVI кылымда тургузулган Надир Диван-Беги медресесинин жанына кафе курууга уруксат берилгендиги жергиликтүү маданият ишмерлери жана блогерлер тарабынан кескин сынга алынууда. Шаар акимчилигинин өкүлү кафе курула турган жер тилкеси ишкер Саиджон Максудовго 2018-жылы августта мыйзамдуу негизде берилгенин билдирди. – Бул көчөдө Максудовдун атасынын үйү бар болчу, кийин ал мамлекеттин […]
1,011 Бардыгы / Өзбекстандын Бухара шаарында жеке ишкерге XVI кылымда тургузулган Надир Диван-Беги медресесинин жанына кафе курууга уруксат берилгендиги жергиликтүү маданият ишмерлери жана блогерлер тарабынан кескин сынга алынууда. Шаар акимчилигинин өкүлү кафе курула турган жер тилкеси ишкер Саиджон Максудовго 2018-жылы августта мыйзамдуу негизде берилгенин билдирди. – Бул көчөдө Максудовдун атасынын үйү бар болчу, кийин ал мамлекеттин […]
МАДАНИЯТ ИШМЕРЛЕРИ БУХАРАНЫН ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИГИНИН ЖАНЫНА КАФЕ КУРУУГА КАРШЫ БОЛУУДА
31.07.2019 / Автор aymak

1,012 Бардыгы /
Өзбекстандын Бухара шаарында жеке ишкерге XVI кылымда тургузулган Надир Диван-Беги медресесинин жанына кафе курууга уруксат берилгендиги жергиликтүү маданият ишмерлери жана блогерлер тарабынан кескин сынга алынууда.
Шаар акимчилигинин өкүлү кафе курула турган жер тилкеси ишкер Саиджон Максудовго 2018-жылы августта мыйзамдуу негизде берилгенин билдирди.
– Бул көчөдө Максудовдун атасынын үйү бар болчу, кийин ал мамлекеттин керектөөсүнө деп алынган. Анын ордуна ага 120 чарчы метрлик жер тилкеси берилген. Ал жерге көп кабаттуу үй курууга болбойт. Ишкерге тарыхый жана маданий объектилерге зыян келтирбеши керектиги түшүндүрүлдү, – деди акимчилик өкүлү.
Жергиликтүү блогер Умид Гафуров медресенин жанындагы сейил багы шаардык пейжаздын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелерин билдирүүдө. Анын айтымында, андагы бактардын кыйылып, ордуна «шектуү кафенин» курулушу тарыхый объектиге зыянын тийгизет.
Бирок Саиджон Максудов шаардын тарыхый бөлүгүндө жеңил конструкциядагы объект тургузулуп, ал байыркы эстеликтен жети метр алыстыкта жайгашып, андагы бактар кыйылбай турганын билдирүүдө.
Бухара облустук маданият башкармалыгынан билдиришкендей, 15 жыл мурда азыр кафе куруу пландалып жаткан жерде башка коомдук тамактануу жайы болгон.
– Анда совет мезгилинде курулган кафе бар болчу. Ал 15 жыл мурда бузулуп, сквер ачылган. Кезинде Гүлнара Каримованын ал жерге көп кабаттуу мейманкана кургусу келген. Бирок анын чатырынан президентке кол салуу болушу мүмкүн деп уруксат берилген эмес. ЮНЕСКО бул жерге бийиктиги эки кабаттан ашпаган имараттын тургузулушуна каршы эмес», — деди маданият башкармалыгынын өкүлү.
2018-жылы Өзбекстандын Маданият министрлиги өлкө боюнча жалпысынан 259 маданий мурас объектилерине зыян келтирилгенин билдирген. Алардын көбү өтө жакын жерге имараттардын курулганынан улам зыян тарткан.
Надир Диван-Беги медресеси 1993-жылы Бухарадагы Ляби-Хауз архитектуралык ансамблинин ажырагыс бөлүгү катары ЮНЕСКОнүн дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Медресе өзү 1622-жылы Имамкули хандын вазири эсептелген Надир Диван-Беги тарабынан курулган.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖАШТАРГА ТУУРА ТАРБИЯ БЕРҮҮ БАГЫТЫНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.