Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,686 Бардыгы / Көп жылдык бадам көчөттөрү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн жер кыртышынын өзгөрбөшүнө таасири чоң. Анткени токой тамырлары жердин катмарларын кармап, ар кандай жаракадан сактаары маалым. Тоолуу аймактардын катарын ээлеген Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу Эски Кочкор-Ата айылында 60-70 түтүндүн ортосундагы эл жашайт. Аталган айыл аймагынын жер кыртышы бадам менен мисте өсүүсүнө ыңгайлашкан. […]
3,687 Бардыгы / Көп жылдык бадам көчөттөрү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн жер кыртышынын өзгөрбөшүнө таасири чоң. Анткени токой тамырлары жердин катмарларын кармап, ар кандай жаракадан сактаары маалым. Тоолуу аймактардын катарын ээлеген Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу Эски Кочкор-Ата айылында 60-70 түтүндүн ортосундагы эл жашайт. Аталган айыл аймагынын жер кыртышы бадам менен мисте өсүүсүнө ыңгайлашкан. […]
ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ЭЛЕТ ТУРМУШУНДАГЫ БАДАМ БАКЧАСЫ
13.08.2019 / Автор aymak

3,688 Бардыгы /
Көп жылдык бадам көчөттөрү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн жер кыртышынын өзгөрбөшүнө таасири чоң. Анткени токой тамырлары жердин катмарларын кармап, ар кандай жаракадан сактаары маалым.
Тоолуу аймактардын катарын ээлеген Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу Эски Кочкор-Ата айылында 60-70 түтүндүн ортосундагы эл жашайт. Аталган айыл аймагынын жер кыртышы бадам менен мисте өсүүсүнө ыңгайлашкан. Климаты кургакчыл болгондуктан бадам, мисте сыяктуу бадал өсүмдүктөрүн өстүрүшөт.
Аталган айыл тургуну Маматбек Мураталиев түйшүгү түмөн бадам бакчасы тууралуу редакциябызга азын-оолак кеп салды.
“Узуну 1-1,5 метр болгон бадам көчөттөрүн эккенибизге 10-11 жыл болду. Башында аябай кыйналып, 3 жыл салкын убакта көктөгүнчө сугардык. Эгилгенден кийинки жылы шире, курт-кумурскалар зыян келтирбеш үчүн март айында дарылап, актап жаттык. 7-8 жылдан кийин гана түшүмү жакшы боло баштады. Ар бир көчөттүн арасындагы чөптөрдү оруу кыйын болгонуна карабай аны жыйнап алуу шарт. Ар жылы июль, август айларында биринчи түшүмдү жыя баштайбыз. Учурда экинчи түшүмдү жыйноо иштери жүрүүдө. Аталган дарактын көлөмүнө жараша бир түптөн 3 кг.дан 10 кг.га чейинки түшүмдү жыйноого болот.
Бадамды кагып алуу үчүн узун шыргый жана чатыр керектелет. Анын кабыгы катуу болгондуктан өтө бышып кеткенде же эртерээк алсак, бир топ кыйынчылыкты жаратат. Тазаланган бадамды үйдүн жанына кургатабыз. Анын пайдалуу жактары көп экенин билгенден соң, бадамдын санын дагы да көбөйттүк. Бирок кээ бир жылы бадам жакшы болуп, кээде шамал, жамгыр көп жааганда түшүмү аз болот. Үй-бүлөбүз менен чогуу аракеттенип, мурдагы жылдары чайкоочуларга, базарда олтургандарга арзан баада саттык. Өзүнүн түйшүгү көп, бирок баасы арзан болуп жатты. Буйруса быйылкы жылы Япония менен келишим түзүп, инвесторлор менен макулдашмай болдук. Эгерде алар жакшы баада алса, мээнетибиз кайтат деп ниет кылып турабыз”- дейт айыл тургуну.
Бул өсүмдүктүн мекени Батыш жана Орто Азия аталат. Республикабыздын түштүгүндө бөксө тоолордо, таштак адырларда жапайы түрүндө жана атайын өстүрүлөт.
Анын көчөтү кымбат баада сатылып алынат. Ал эми данегин эксе, жер астындагы келемиш, чычкандар данды (маңызын) жеп коюп, багбанчылар зыян тартышат.
Бадамдын сорту катуу болсо, чайкоочулар арзан баада алып, кымбат баада сатышат. Анын бышуусуна карап, 3 ирет терилет. Айрым багбанчылар сырткы кабыгынан ажыратуу үчүн сууга чылап, кол менен ажыратып, күнгө жайып кургатышат.
Чындыгында эле көп түйшүктү жараткан бадам өсүмдүгүнүн пайдалуу жана зыяндуу жактары көп. Ден соолукка зыян жактары: чаңдар (микропдор) мурундан кирип, дем алуу органдарын кыйындатып, залакасын тийгизбей койбойт. Аллергиясы барлар үчүн сунушталбайт. Бадамдын маңызы даамдуу гана болбостон мээ, жүрөк, көз импульсттарын жакшыртат. Медицинада анемия, кант диабети, бронхиалдык астма жана ич көбүүдө колдонулат.
Бактыгул МАМАТБЕК кызы, “Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК ОФИЦЕР ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.