Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,014 Бардыгы / Гонконгдун лидери Кэрри Лам кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алганын билдирди. Июлда ал бул документ «өлгөнүн» жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ишке ашпай калганын билдирген. Гонконгдо «Экстрадиция тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы нааразылык акциялар июнь айынан бери уланууда. Полиция демонстранттарды суу жана көздөн жаш агызчу газ менен […]
1,015 Бардыгы / Гонконгдун лидери Кэрри Лам кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алганын билдирди. Июлда ал бул документ «өлгөнүн» жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ишке ашпай калганын билдирген. Гонконгдо «Экстрадиция тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы нааразылык акциялар июнь айынан бери уланууда. Полиция демонстранттарды суу жана көздөн жаш агызчу газ менен […]
ГОНКОНГ БИЙЛИГИ ТАЛАШТУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КАЙТАРЫП АЛДЫ
05.09.2019 / Автор aymak

1,016 Бардыгы /
Гонконгдун лидери Кэрри Лам кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алганын билдирди. Июлда ал бул документ «өлгөнүн» жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ишке ашпай калганын билдирген.
Гонконгдо «Экстрадиция тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы нааразылык акциялар июнь айынан бери уланууда.
Полиция демонстранттарды суу жана көздөн жаш агызчу газ менен таратууга аракет кылууда. Акыркы кездери акция катышуучулары менен журналисттерге кол салууга жергиликтүү криминалдык топторго тиешеси бар делген адамдар дагы кошулганы белгилүү болду. Бул көрүнүштөр тартылган тасмалар жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлүп, социалдык түйүндөргө жайылып кетти.
Августтун аягында Гонконгдун тургундары бир нече күн аэропорттун имаратында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Анда бийлик аба майдандагы бардык каттамдарды токтотууга аргасыз болгон.
5-июнда Гонконг бийлиги мыйзам долбоорун кабыл алуу жараянын расмий токтоткон. Анда Лам бул маселе боюнча түрдүү пикирлерди угуу үчүн кеңешмелерди өткөрүүнү сунуштап, бирок бийлик мыйзам долбоорун кабыл алуу планынан биротоло баш тартпаганын кыйыткан.
Автономиянын тургундары бийликтен кылмышка шектүүлөрдү башка өлкөлөргө өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорунан баш тартууну талап кылышууда. Учурда экстрадиция тууралуу Гонконгдун болгону 20 гана өлкө менен макулдашуусу бар. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бийлик Гонконгдун тургундарын автономия менен макулдашуусу жок өкмөттөргө, анын ичинде Кытайга, Тайванга жана Макаого өткөрүп бере алат.
Мыйзам долбооруна ылайык, экстрадиция тууралуу өтүнүчтү кароо укугу сот менен автономия жетекчисине берилип, Гонконгдун мыйзам чыгаруу органы шектүүлөрдү экстрадициялоо жараянын көзөмөлдөй албай калат.
www.
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕНЕВАДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ МАСЕЛЕСИ КАТУУ КАРАЛДЫ
-
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg СӨГҮШ АЛГАН МАМКЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН СЫЙ АКЫ ТӨЛӨНБӨЙТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.