Аймак

УРПАКТАР ҮЧҮН ТИЛИБИЗДИ САКТАЙЛЫ…

УРПАКТАР ҮЧҮН ТИЛИБИЗДИ САКТАЙЛЫ…

 4,123 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине карата Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу №37 Үч-Терек жалпы орто билим берүүчү мектебинде ушул жылдын 21-сентябрында райондук деңгээлде “Урпактар үчүн тилибизди сактайлы” темасында практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталаган конференцияга мамлекеттик органдардын, мекеме -ишканалардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары, 45 мектептин директорлору, кыргыз тилчи мугалимдери жана 29 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери чакырылды. Жалпы катышуучулардын саны 200дөй болду. Конференциянын башталышында, конокторуна майрамдык кыскача концерт коюлуп, конференциянын жүрүшү боюнча кеңири маалымат берилди жана чакырылган коноктор таратылган карточкалар аркылуу 5 секцияга бөлүнүштү.

-1-секция- “Урпактар үчүн тилибизди сактайлы” темасында улуу адамдардын кыргыз тилин даңазалаган цитаталарын, акын-жазуучулардын өз чыгармаларындагы тил маселеси боюнча көтөргөн проблемаларын, унутулуп бараткан тарбия берүүчү нукура кыргыз сөздөрүн кеңири талкуулоо.

Бул  секциялык иштеги сахналаштырылган көрүнүштөр №17 А. Жуманазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалып, аталган мектептин кыргыз тилчи мугалими А. Мавлянкулова жетекчилик кылды. Секциялык иштин жүрүшүндө райондук билим берүүнүн башчысы Ч. Турдукулова “Тил-улуттун күзгүсү” деген цитатага кеңири токтолсо, А. Акпаралиев атындагы орто мектебинин директору К. Токтоназаров тилдик көйгөйлөргө бир нече мисалдарды келтирди. Ошондой эле, А. Тураббаев атындагы орто мектебинин кыргыз тилчи мугалиминин “Эне тилди урпактарга сактайлы” темасындагы доклады, коюлган сахналаштырылган көрүнүштөр, тарбия берүүчүлүк жагы жогору, бирок, колдонуудан чыгып бараткан сөздөр кызуу талкууга алынды.

-2-секция- “Сөз дүйнөсү” темасында макал-лакаптарды, фразеологизмдерди, какшык-куйкум сөздөрдүнүнтарбиялоодогу мааниси, оң жана терс жактарын талкуулоо, кыргыз элинин тилдик чеберчилигин даңазалоо, катышуучуларды макал айтыштыруу.

2-секциянын иш-чарасы №18 Ж. Бешимов атындагы орто мектебинин коллективи тарабынан уюштурулуп, окуучулардын “Сармердени” менен башталып, аткарган элдик ырлары, макал айтышуусу, “эрке бала” менен “шайыр жеңенин” какшык-куйкум сөздөрүкатышуучулардын көңүлүн көтөрдү.№3 Н. Орозалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тилчиси Н. Кубатбекованын “Туруктуу сөз айкаштары” жана №1 Т. Балтагулов атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Э. Наргозуеванын “Сөз дүйнөсү” темасындагы докладындагы көтөрүлгөн проблемалар кызуу талкууланды. Ошондой эле, макалдарды чечмелөөдө, какшык-куйкум сөздөр боюнча таратылган таркатмалар менен иштөодө райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинет башчысы Н. Эшбаев, мектеп директорлору К. Бейшекеева, Н. Кошалиевалар активдүүлүгүн көрсөтүштү.

-3-секция- “Бата менен эл көгөрөт” темасында бата берүүнүн түрлөрүн, себептерин бата берүүнүн маани-маңызы, аларды туура айтуу менен сөздүк чеберчиликтерин талкуулоо.

Бул иш-чара №29 Ынтымак башталгыч мектебинин мугалимдер коллективи тарабынан уюштурулуп, секциялык ишти   кыргыз тили жана адабияты мугалими Б.Курманалиева алып барды. Башында №19 М. Алымбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тилчиси Н. Садыкованын “Бата менен эл көгөрөт”, №42 Х. Исаев атындагы негизги мектебинин кыргыз тили  мугалими Д. Эргашеванын “Бата берүүнүн мааниси” темасындагы докладдары талкууланып, кийин, секциялык иштин жетекчиси тарабынан таратылган таркатмалар менен иштешти. Окуучулар даярдаган “Бешик той”, “Аскерге узатуу” салттарынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, соңунда Кең-Кол айылынын батакөй энеси Нурумбетова Зияда тарабынан бата берилди.№2 А. Тураббаев атындагы орто мектебинин директору А. Тукаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Л. Султанова, №22 А. Жумабаев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы А. Сатаровдор активдүү катышышты.

-4-секция- “Өлөң айтууну, кошок айтууну унуталыбы же уланталыбы?” темасында  өлөңдөрдүн, кошоктордун түрлөрүн, аларды айтуу себептерин талкуулоо.

4-секциядагы иш-чара №37 Үч-Терек орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан уюштурулуп, келген конокторду аталган мектепке көп жылдык эмгеги сиңген Ташболотова Бүкалча эжеке баш болгон кыргыз тилчилер тосуп алды. Окуучулар тарабынандаярдалган сахналаштырылган көрүнүштө Чолок-Тума айылынын тургуну Б. Макамбаеванын кыз узатуудагы кошогу, Б. Ташболотованын көзү өткөн адамдарга кошкон кошогу катышуучуларды көзүнө жаш алдырды. Райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Ж. Батыров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адистери Т.Өмүрова, К. Саттаров, айыл башчы И. Макамбаев, мектеп директорлору К. Балтаев, Ч. Мырзабеков, кыргыз тилчилер Г. Абдыкадырова, Б. Акимбековалар өлөң айтуу ырдоо дегенди билдирээрин, бизге казак тилинен киргенин, ал эми, кошок кошуу илгертен калган салт экенин, башка улуттардан ушунубуз менен өзгөчөлөнөөрүбүздү, заңкылдап кошок кошкондо ыйлап жатышкан чоңу-кичинеси баары тымтырс тыңшаарын, кошокто адамдын жакшы жактары гана айтылаарын, өлөң айтууну жана кошок кошууну улантуу керектигин баса белгилешти. Албетте, №23 Ч. Кулумбетов атындагы орто мектебинин кыргыз тилчиси Б. Бакиеванын доклады катышуучулардын кызыгуусун жаратып, акыркы кездердеги унутулуп бара жаткан каада-салттар менен кошо сөз өнөрү, ыр өнөрлөрүнүн келечеги талкууланды.

-5-секция- “Уз колдор” темасында  камчы өрүү, сайма саюу, ээр чабуу, комуз чабуу, таар токуу, чий токуу жана башкалар боюнча мастер-класстарды көрсөтүү.

Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу №30 “А.Пирматов”, №16 “Бүчүр”, №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан даярдалган мастер-класстар эң кызыктуу өттү. Себеби, Чолок-Тума айылынын тургуну А. Чыналиев тарабынан жүгөн, камчы, басмайыл өрүү, жип менен 6,8,10,12,16,20 жипке чейинки өрүмдөрдүн, Орто-Токой айылынын тургундары Б. Сманова жана С. Мамашеванын өрмөк согуу өнөрүнүн, андан сырткары тарбиячылар тарабынан сайма саюунун түрлөрүн, жүндү иштетүүнүн ыкмаларын, камыштан чий токууну, таар, куржун токууда ыскыттын даярдалышынын мастер-класстары көрсөтүлдү. Катышуучулар өз колдору менен жасап көрүшүп, улуттук буюм-теримдердин баалуулуктары жөнүндө ойлорун ортого салышты. Мындан сырткары, терилердин, кийизден жасалган буюмдардын түрдүүлүгүнө көңүл бурулуп, кийинки муунга аталыштарын гана эле эмес, жасалуу технологиясын даүйрөтүү  керек экендиги баса белгиленди.

Конференциянын жыйынтыгында ар бир секциянын катышуучусу секциялык иштен өзүнө пайдалуу нерселерди алганын, конференция тарбия берүүчүлүк жагынан да жогорку деңгээлде даярдалганын баса белгилешти.Ар бир секцияда талкууга алынган темалар боюнча окулган докладдардын, билдирүүлөрдүн, талкуулардын негизинде секциялык ишке мыкты катышкандар: Токтоназаров Кубаныч, Мавлянкулова Айнура, Нурумбетова Зияда, Садыкова Назира, Макамбаева Бузакира, Ташболотова Букалча, Бакиева Бегайым, Кубатбекова Насиба, Наргозуева Элмира, Токтобаев Касым, Орозова Сапаргүл райондук билим берүү бөлүмүнүн дипломдору менен сыйланышты.

Албетте, конференциянын аягындакатышуучуларга жайылган дасторкон үчүн Өрүктү айыл аймагынын башчысыР. Кийикбаевге жана Өрүктү айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, мугалимдер жамаатына, айрыкча, №37 Үч-Терек орто мектебине ыраазычылык билдиребиз.

Конференциянын жыйынтыгында, резолюцияны кабыл алуу добушка коюлуп,  бир добуштан резолюция  колдоого алынды (резолюция тиркелет).

 

Мамлекеттик тилдин 30 жылдык мааракесине карата, 2019-жылдын 21-сентябрында  райондук деңгээлде уюштурулган,  Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек жалпы орто билим берүүчү мектебинде өткөрүлгөн  “Урпактар үчүн тилибизди сактайлы” темасында практикалык конференциянын

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык салтанатын жогорку деңгээлде өткөрүү жана тилибизди урпактарга жеткирүү коомчулуктун милдети. Кылымдардын кыйырына тааныткан  кыргыз  элинин тарыхына  баш баксак, сөздү баалап, сөз баккан эл экенине ынанабыз. Ала-Тоодо конуш жаӊырткан элибиз  бай тарыхы менен  казынасына сөз өнөрүнүн сыйкыр күчүн ширелткен. Улуу жолдун көчү бай санжырага биригип,  муундан-муунга айтылып келген. “Маданияттын биринчи баскычы мамлекеттик тилде жакшы сүйлөө жана туура жаза алуудан башталат” деген түрк философу ПейамиСафа. Мамлекеттик тилде туура, так сүйлөө жана жазуу менен мекенге, элге, тилибиздин өнүгүүсүнө кызмат кыла алабыз. Бүгүнкү конференциясынын негизги максаты: кыргыз тилин даңктоо менен унутулуп бараткан каала-салтыбызды, үрп-адатыбызды тереңдетип үйрөнүү, улуттар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө менен:

  • Мектеп, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде элибиздин каада-салтын, үрп-адатын тереңдетип үйрөнүү колго алынсын;
  • Илим жана технология тилин өнүктүрүүгө салым кошуу максатында мектеп, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги компьютерлерге кечиктирбей кыргызча компьютердик программалар орнотулсун;
  • Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууда окуучунун  билими  В2 деңгээлге  жетиштирилсин;
  • Билим берүүнүн бардык баскычында мамлекеттик ишмердүүлүктү тейлей турган кеп маданиятын өнүктүрүү биргеликте  ишке ашырылсын;
  • Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн усул-ыкмалары боюнча семинарлар, максаттуу иш-чаралар системалуу өткөрүлсүн;
  • Улуу адамдардын кыргыз тилин даңазалаган цитаталарын, акын-жазуучулардын өз чыгармаларындагы тил маселеси боюнча көтөргөн проблемаларын, унутулуп бараткан тарбия берүүчү нукура кыргыз сөздөрүн тарбиялык сааттарда, кыргыз тили жана адабияты сабактарында кеңири талкуулоо ар бир мекеме уюмдарда жүргүзүлсүн;
  • Сөз дүйнөсүн байытууда макал-лакаптарды, фразеологизмдерди, какшык-куйкум сөздөрдүн тарбиялоодогу маанисине көңүл буруу менен колдонуу жана кыргыз элинин тилдик чеберчилигин даңазалоого көңүл бурулсун;
  • Бата берүүнүн түрлөрүн, себептерин, маани-маңызын туура айтуу менен сөздүк чеберчиликтер, куюлуштуктарды үйрөнүү,  улуу муундардын оозунан кагазга, видео жазуу түрундө жазып атайын маалымат топтомдор түзүлсүн;
  • Өлөңдөрдүн, кошоктордун түрлөрүн, аларды айтуу себептерин акыркы кездердеги унутулуп бара жаткан каада-салттар менен кошо сөз өнөрү, ыр өнөрлөрүнүн келечекке калтыруу багытында иш алып барылсын;
  • Элибиздин кол өнөрчүлүгү болгон камчы өрүү, сайма саюу, ээр чабуу, комуз чабуу, таар токуу, чий токуу ж.б. боюнча балдар бакчаларында, мектептерде (атайын ийримдер түзүү), мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында колго алынсын;
  • Улуу муундарда бар маалыматтарды, коомчулук менен биргеликте кийинки муунга алып калуу аракеттери көрүлсүн;
  • Мындай жөрөлгөлөрдү калтырбай, ар кандай максатта жана жүрүштө өткөрүү менен улантуу ишке ашырылсын;
  • Бүгүнкү талкууланган маселелер, көйгөйлөр жана аткарылган иштер маалымат каражаттары аркылуу элге маалымдалсын;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил Мыйзамынын 30 жылдыгына арналган “Урпактар үчүн тилибизди сактайлы” темасындагы практикалык конференцияда  резолюцияны кабыл алууга жана аткарууга чакырабыз!

Резолюция добушка коюлду. Конференциянын катышуучулары жогоруда белгиленген маселелерди толугу менен колдошуп, резолюция бир добуштан кабыл алынды.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17