Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
4,198 Бардыгы / Коомчулук Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда “Китепкөй Жалал-Абад” аттуу китеп фестивалын нукура кыргыз долбоору деп баалашууда. Анткени мындай масштабдуу китеп иш-чарасын республикада биринчи жолу Жалал-Абад өткөрдү. Фестивалга 2000ден ашуун жаран катышты. Иш-чаранын башкы максаты китеп окуу жана китеп окууга багыттоо болгондуктан фестивалдын башында 20 мүнөт китеп окулду. “Китепкөй өлкө” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чарага маданият, […]
4,199 Бардыгы / Коомчулук Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда “Китепкөй Жалал-Абад” аттуу китеп фестивалын нукура кыргыз долбоору деп баалашууда. Анткени мындай масштабдуу китеп иш-чарасын республикада биринчи жолу Жалал-Абад өткөрдү. Фестивалга 2000ден ашуун жаран катышты. Иш-чаранын башкы максаты китеп окуу жана китеп окууга багыттоо болгондуктан фестивалдын башында 20 мүнөт китеп окулду. “Китепкөй өлкө” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чарага маданият, […]
НУКУРА КЫРГЫЗ ДОЛБООРУ ЖАЛАЛ-АБАДДА (фоторепортаж)
21.10.2019 / Автор aymak

4,200 Бардыгы /
Коомчулук Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда “Китепкөй Жалал-Абад” аттуу китеп фестивалын нукура кыргыз долбоору деп баалашууда.
Анткени мындай масштабдуу китеп иш-чарасын республикада биринчи жолу Жалал-Абад өткөрдү. Фестивалга 2000ден ашуун жаран катышты.




Иш-чаранын башкы максаты китеп окуу жана китеп окууга багыттоо болгондуктан фестивалдын башында 20 мүнөт китеп окулду.








“Китепкөй өлкө” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, “Энелер мектебинин” негиздөөчүсү, педагог-новатор Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идрис Айитбаев, “Дост курулуш” компаниясынын директору Түгөлбай Сейдалиев, “Китепкөй “Ала-Тоо” долбоорунун негиздөөчүсү Табылды Муратбеков спикер катары катышты.


























Андан сырткары, Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы. Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык жаштар иштери боюнча комитети, студенттер, окуучулар жана шаар тургундары катышты.




Фестиваль алгач КРдин мамлекеттик гимнин жандуу ырдоо менен башталды. Бул жөрөлгөнү көпчүлүк кубануу менен кабыл алып, патриоттук сезими ойгонгондорун да жашырышкан жок.




Иш-чара баштан аяк китеп окуу жарманкеси менен коштолду.














Фестивалдын катышуучулары бул сыяктуу иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууну сунушташты. Долбоордун натыйжасында китеп окууга болгон кызыгуу бир топ ойгонгонун белгилешти.
–Мага бул иш-чара аябай жакты, эң жогорку денгээлде өттү десем болот. Мени кубандырганы фестивалдын ачылышы КРдин мамлекеттик гимнин жандуу үн менен ырдаганыбыз болду.
Мен мектеп окуучусумун. Биз бул иш-чарага катышуу үчүн Сузак районунун Кара-Дарыя айылынан атайын келдик. Бул долбоор эч качан токтобошун каалайм. Анткени азыр китеп окугандар аз. Ушундай иш-чаралар байма-бай болуп турса, китеп окууга болгон кызыгуу ойгонот экен. Анткени ал жердин аурасы башка, чөйрөсү бөлөк. Иш-чарага келген башкы коноктордун сөздөрү аябай таасирлентти. Алардын акыл-насааттарын, кеңештерин угуп олтуруп, менде жаңы идеялар, бийик максаттар пайда болду. Ушундай улуу инсандар менен бизди жолуктурууга шарт түзүп берген уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем, – дейт Мавлюда Жунусбаева фестивалдын катышуучусу.


Фестивалдын аягында башкы коноктор менен сүрөткө түшүү үчүн атайын зонасы уюштурулду.












Стадион жана аны шаңга бөлөгөн эмоциялар…














Тазалык ыймандан… Иш-чарадан соң ыктыярчылар маданияттуулугун көрсөтүп, стадиондо калган таштандыларды тазалап кетишти.




Болуп өткөн фестивалдын уюштуруучуларына, ыктыярчыларына КРдин маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков иш-чарадан соң өз ыраазычылыгын билдирип, насааттарын айтты.












Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН ӨТМӨГҮ КУРУЛА БАШТАЛДЫ
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.