Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
2,894 Бардыгы / Фостердик үй-бүлө деген эмне? Жалпак тил менен айтканда убактылуу ата-эне статусун алуучулар. Эмгек жана социалдык өнктүрүү министрлиги фостердик үй-бүлөлөрду көбөйтүү аракетинде. Кароосуз калган балдарды убактылуу багып беребиз деген үй-бүлөлөр алгач окуудан өтүп, сертификат алышы керек. Жалал-Абад шаарында эми гана 2 үй-бүлө сертификат алууга жетишүүдө. Ал эми Базар-Коргон районунда 6 үй-бүлө алда качан сертификат […]
2,895 Бардыгы / Фостердик үй-бүлө деген эмне? Жалпак тил менен айтканда убактылуу ата-эне статусун алуучулар. Эмгек жана социалдык өнктүрүү министрлиги фостердик үй-бүлөлөрду көбөйтүү аракетинде. Кароосуз калган балдарды убактылуу багып беребиз деген үй-бүлөлөр алгач окуудан өтүп, сертификат алышы керек. Жалал-Абад шаарында эми гана 2 үй-бүлө сертификат алууга жетишүүдө. Ал эми Базар-Коргон районунда 6 үй-бүлө алда качан сертификат […]
БИР БАЛА БАГЫП АЛСА, АЙЫНА 5 МИҢ СОМ ТӨЛӨНӨТ
28.10.2019 / Автор aymak

2,896 Бардыгы /
Фостердик үй-бүлө деген эмне? Жалпак тил менен айтканда убактылуу ата-эне статусун алуучулар. Эмгек жана социалдык өнктүрүү министрлиги фостердик үй-бүлөлөрду көбөйтүү аракетинде. Кароосуз калган балдарды убактылуу багып беребиз деген үй-бүлөлөр алгач окуудан өтүп, сертификат алышы керек.
Жалал-Абад шаарында эми гана 2 үй-бүлө сертификат алууга жетишүүдө. Ал эми Базар-Коргон районунда 6 үй-бүлө алда качан сертификат алышкан, бирок аларга багууга берилүүчү балдар район аймагында жок болууда.
-“Кароосуз калган балдарды биз балдар үйлөрүнө берип жатпайбызбы. Бирок ал жерде балдар “отур, тур, жат” деген түшүнүктөр менен гана чоңоюп калат. Жөнөкөй эле үй жумуштары, огород кылуу, помидор, картошка кантип өсөт жана башка ушул сыяктуу нерселерди билбей калышы мүмкүн. Коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөр аракечтик, түнкү көпөлөктөр, кылмыштуулук булардын баары турмуштук ор кырдаалга кириптер болгондор тарабынан жасалып жатат. Мына ушулар үй-бүлөдөгү мээримдин, тарбиянын жетишсиздигинен келип чыгып жатпайбы. Ошондуктан да, кароосуз калган балдарга фостердик үй-бүлө абдан керек” -дейт Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова.
Фостердик үй-бүлө – кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрү карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен ата-энелердин да балдарын карайт. Бирок толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.
Багылган ар бир бала үчүн мамлекеттен айына 5 миң сомдон төлөнөт. Бир үй-бүлө 3 төн 5 ке чейин бала багып алса болот.
Убактылуу ата-эне статусун алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
— арыз;
— жубайлардын паспортунун көчүрмөсү;
— никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк;
— жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);
— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
— жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга укугун ырастоочу документ;
— соттолбогондугу тууралуу ички иштер органдарынын маалымкаты;
— баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө маалымкат;
— өкмөт тарабынан аныкталган тизмеге ылайык, оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
— иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
— арыз ээлеринин толук өмүр баяны;
— аз дегенде үч кишиден кепилдик берилген жазуу жүзүндөгү сунуштар.
Убактылуу ата-эне статусун алам дегендер жер-жерлердеги эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыыктарына кайрылса болот.
Эске сала кетсек, балдар кароого алынгандан кийин социалдык кызматкерлер тарабынан жашоо-шарты ай сайын текшерилип турат. Ал эми баланы биротоло багып алам десе, анда мамлекет тарабынан маяна төлөнбөйт жана бала үй-бүлөгө толук көнүп кеткенден кийин социалдык кызматкерлер барып текшербейт, сырттан гана көзөмөлдөп турушат.
Роза Акматжан кызы “Аймак”
Автор aymak
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ӨТҮЛДҮ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.