Аймак

МКК ЖАРАНДАРДЫН ПАСПОРТУНДАГЫ МААЛЫМАТТАРДЫ САТУУ ДЕМИЛГЕСИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

МКК ЖАРАНДАРДЫН ПАСПОРТУНДАГЫ МААЛЫМАТТАРДЫ САТУУ ДЕМИЛГЕСИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРДИ

 820 Бардыгы /

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жарандардын паспорттук маалыматтарын банктарга, насыя уюмдарына, нотариалдык кеңселерге жана уюлдук байланыш операторлоруна сатуу тууралуу Юстиция министрлигинин демилгеси боюнча түшүндүрмө берди.

2017-жылы ID-карттын жаңы үлгүсү киргизилгенден кийин жарандар тууралуу маалыматтардын көбү электрондук чипте сакталат жана аларды алуу үчүн атайын жабдуулар талап кылынат.

— Көпчүлүк мекемелерде андай жабдуулар жок болгондуктан, насыя уюмдары менен нотариалдык кеңселер Каттоо кызматына кайрылып, жарандар тууралуу негизги маалыматтарды алууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. 2017-жылдын 1-декабрынан 2019-жылдын 1-декабрына чейин жарандар жөнүндөгү маалыматтар Каттоо кызматы менен алуучунун ортосундагы макулдашуунун негизинде атайын электрондук сервис аркылуу берилип келет, — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, алгач жаран ага кызмат көрсөтүп жаткан мекемеге жеке маалыматтарын берүүгө жазуу түрүндө макулдугун бериши керек. Мындай учурда мекемеге төмөндөгү маалыматтар берилет: жеке идентификациялык номуру, аты-жөнү, туулган жылы, күнү, документтин номуру, документти берген мекеме, жынысы, жүзүнүн санариптик көрүнүшү, жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы.

«Бүгүнкү күндө бул маалыматтарды берүү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат болуп эсептелет. Бирок «электрондук нотариат» маалыматтык системасынын киргизилгенин эске алып, маалыматтарды бекер берүү тууралуу 2012-жылдагы токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, — деп билдирди мекеме.

Буга чейин Юстиция министрлиги жарандардын паспорттук маалыматтарын банктарга, каржы-насыя уюмдарына, нотариалдык кеңселерге жана уюлдук байланыш операторлоруна сатууну сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкканы кабарланган. Мындан улам социалдык түйүндөрдүн колдонуучулар жеке маалыматтарынын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдиришкен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17