Аймак

АКШ: ӨКҮЛДӨР ПАЛАТАСЫНДА ИМПИЧМЕНТ ИШИ БОЮНЧА КООМДУК УГУУЛАР АЯКТАДЫ

АКШ: ӨКҮЛДӨР ПАЛАТАСЫНДА ИМПИЧМЕНТ ИШИ БОЮНЧА КООМДУК УГУУЛАР АЯКТАДЫ

 790 Бардыгы /

Бейшемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагындагы кезектеги коомдук угуулар өттү.

Анын жүрүшүндө палатанын Чалгын комитетинде Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Украина менен болгон мамилелерге жооп берген мурдагы кызматкери Фиона Хилл менен АКШнын Киевдеги элчилигинин кызматкери Дэвид Холмс көрсөтмө берди.

Коомдук угууларды «Настоящее время» телеканалы котормосу менен түз эфирде көрсөттү:

Өз сөзүндө Холмс 2019-жылы мартта президент Трамптын юристи Руди Жулиани менен ага жардам берип жүргөн адамдар АКШнын Украинага карата саясатына көбүрөөк таасир эте баштаганын белгиледи. Ошол маалда Украинанын мурдагы башкы прокурору Юрий Луценко АКШнын Киевдеги элчиси Мари Йовановичтин дарегине айыптоолорду айтып, жыйынтыгында элчи кызматтан алынган. Анда буга Жулианинин тиешеси болгону айтылган.

Мындан тышкары Холмс 26-июлда АКШнын Европа биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланддын Трампка телефон чалуусуна күбө болгонун, анда Украинада мурдагы вице-президент Жо Байдендин уулуна карата тергөө иштерин баштоо маселеси талкууланганын билдирди. Анын айтымында, Сондланд ага Украина Трампка Байденге каршы тергөө жүргүзүү жагынан гана кызык экенин кабарлаган.

Трамп Холмстун бул айткандары күмөндүү экенин белгилеп, телефондук сүйлөшүү маалында Сондланддын жанында туруп, президенттин айткан жоопторун уга алмак эместигин белгиледи.

Хилл республикачылардын суроолоруна жооп берип жатып, Гордон Сондланддан анын украина ишиндеги ролу жөнүндө сурап, бул багытта Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимдерисиз кандайдыр бир аракеттерге барууга болбой турганын эскерткенин айтты.

Буга чейин Хилл менен Холмс жабык өткөн угууларда дагы көрсөтмө беришкен. Анда Хилл Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон Руди Жулианинин украин саясатчылары менен байланышууга аракет кылганына жана бул үчүн АКШнын мамлекеттик кызматкерлеринен жардам алып турганына тынчсызданганын билдирген. Холмс болсо Сондланд менен Трамптын телефондук сүйлөшүүсү жөнүндө айткан.

Сондланд өзү шаршемби күнү көрсөтмө берген. Анда ал Трамп Украинада Байденге каршы тергөө иштерин баштатууга аракет кылып жатканына ынанганын айткан, бирок президент аны менен бул тууралуу түз сүйлөшкөнүн ырастай алган эмес.

Бул иликтөөнүн алкагындагы акыркы коомдук угуу болушу мүмкүн. Анткени демократтар мындан башка күбөлөрдү чакырышкан эмес. Ал эми республикачылар тарабынан сунушталган айрым күбөлөрдү, анын ичинде Байдендин уулун чакыруудан баш тартышкан. Эми палатанын Чалгын комитети күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү тууралуу жалпыланган документ даярдап, Юридика комитетине бериши керек. Андан соң бул комитет президентке айып тагуу-такпоо тууралуу чечим кабыл алат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17