Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
720 Бардыгы / БИШКЕК. Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр туурасында укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында ачыктады. Дамир Сагынбаев баса белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен […]
721 Бардыгы / БИШКЕК. Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр туурасында укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында ачыктады. Дамир Сагынбаев баса белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен […]
КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫ ДАМИР САГЫНБАЕВ: «АЙЕРКЕН САЙМАИТИНИН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН ИШИ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫЛЫГЫНЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ ТУРАТ»
26.11.2019 / Автор aymak

722 Бардыгы /
БИШКЕК. Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр туурасында укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында ачыктады.
Дамир Сагынбаев баса белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолору боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен Саймаитини өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошондуктан, ал Түркияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоо органдары төмөнкүдөй маалыматтарды беришти.
«Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы 2019-жылдын 22-ноябрында жогоруда көрсөтүлгөн фактыны текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 39-130-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча (адам өлтүрүүгө ниеттенүү) материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган. Аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш УКМК Тергөө Башкармалыгына тапшырылды жана ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан курамына УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана ИИМдин тергөргөөчүлөрүнөн куралган Ведомстволор аралык Тергөө Тобу түзүлдү. Азыркы кезде кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөөиш-чаралары жүргүзүлүп жатат, — деп ишендирди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.
Айеркен Саимаити Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигин Дамир Сагынбаев дагы өзгөчө баса белгиледи: – Мурдараак укук коргоо органдары маалымдашкандай, Айеркен Саимаити мыйзамсыз түрдө Эркин Самятовдун атына паспорт жана ID-картаны алган. Ал бул документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн 2014-жылы алган. Бул факты 2019-жылдын июлунда гана ачыкталып олтурат. Күнөөлүү тарап — Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери экени дагы аныкталды. Азыр кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда турат. 2019-жылдын сентябрында Айеркена Саимаитиге байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 330-беренеси) өзөүнчө өндүрүшкө алынды.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы ошондой эле «Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 700 миллион АКШ долларынын өлкөдөн ар түрдүү банктар аркылуу чыгарылып кеткендиги боюнча дагы материалдарды үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексиинин 215-беренесинде каралган (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) кылмыш белгилери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын баса белгиледи.
– Каржы Полициясы тарабынан Айеркен Саимаитинин акча которуулары боюнча документтери алынган. Андан кийин салык инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, мунун натыйжасында Айеркен Саимаитинин иши боюнча 2013-2017-жылдар үчүн 2 милиард 602 милион сом кошумча түрдө киреше салыгын төлөтүү чечими чыккан. Август айында салыктарды төлөөдөн качкандыгы үчүн Айеркен Саимаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Августтун аягында Айеркен Саимаити Кылмыш жана Жаза кодексинин 231- беренесинде каралган (өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу) кылмышты жасаган деп шектелгендиги жөнүндө сыртынан эскертүү чыккан жана Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 5-сентярындагы токтому менен ага карата камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган», — деп кошумчалады Дамир Сагынбаев.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
19.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАР ЗАЛАЛСЫЗДАНДЫРЫЛУУДА
-
-
03.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШМУГА ТАПШЫРГАНДАР ЖАҢЫЛЫШПАЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.