Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
763 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат. Атайын […]
764 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат. Атайын […]
УКМК: АБЫЛГАЗИЕВ, СУЛАЙМАНОВ, АЙТМАТОВА ДА СУРАККА ЧАКЫРЫЛАТ
03.12.2019 / Автор aymak

765 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат.
Атайын кызмат анын ичинде «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырды. Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.
«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин, ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.
УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.
УКМК жарандарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө бериш үчүн кызматташууга чакырды.
Көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы коррупциялык схема тууралуу айтып берген кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын билдирген.
Саймаити ал жолкуда мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.
Башкы прокуратура 22-ноябрда Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.
Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
-
07.06.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
04.03.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 70КЕ ЖАКЫН ЖУМУШ ОРДУН ТҮЗҮҮЧҮ ТАШ ЗАВОД ИШКЕ КИРЕТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.