Аймак

Давранбек САРГУЛОВ: “ӨЗҮМДҮ ЖОГОРУ БААЛАП, РЕАЛДУУ НЕРСЕЛЕРДИ ОЙЛООНУ ҮЙРӨНДҮМ”

Давранбек САРГУЛОВ: “ӨЗҮМДҮ ЖОГОРУ БААЛАП, РЕАЛДУУ НЕРСЕЛЕРДИ ОЙЛООНУ ҮЙРӨНДҮМ”

 2,639 Бардыгы /

3-декабрь – Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү катары белгиленип келет. Редакциянын каарманы Давранбек Саргулов тубаса майыптыгына карабай коомдо активдүү жаран катары таанылып келет. Давранбек буга чейин Москвада иштеп, ал жактан алган тажрыйбасын коомчулукка жайылтууну максат кылат. 16 жыл төшөктө жатып тажагандыктан сырткы коом менен аралашып, тренинг-семинарларга катышуу менен өз максаттарына карай бет алган. Учурда бул жаранды жөнөкөй адамдан тартып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чейин жакшы таанышат жана кеңири пикир алышат. Төмөндө аталган каарманыбыз тууралуу кененирээк сөз болмокчу. 

БУТУМДУН СӨӨКТӨРҮ СЫНА БЕРЧҮ

Мен 1986-жылы 26-июнда Сузак районунда туулгам. Балалыгым ушул райондогу Жаңы-Дыйкан айылында өттү. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусумун, менден кийин үч иним, бир карындашым бар. Мен ата-энемдин тун баласы болгондуктан алар мени чыдамсыздык менен күтүшүптүр. Тилекке каршы төрөлгөндө эле “майып” деген статус менен кошо төрөлгөн экенмин. Бирок апам төрөт үйүндө иштегендердин шалаакылыгынан улам болгон деп айтат. Биздин денебиздеги тамырлардын баары бири-бирине уланган болот экен. Сол жактагы жамбашымдын сөөгүн ажыратып кайра бириктирген. Ошол бириктиргенде тамырлар кысылып, сөөктөрүм өсүүдөн токтоп калган. Ошондуктан да аябай алсыз болдум. Чоңойгонго чейин катуу чочуп кетсем да кол-бутумдун сөөктөрү сына берчү. 15-16 жашка чейин ушинтип кыйналып жашадым. Кээде тойго барганда кокустатып алган учурлар болгон. Элестет, тойдо жүрүп бутуң сынып кетти. Ата-энең да сенден кыжаалат болуп олтурат же ал жактан кетип кала алышпайт.

МЕКТЕПКЕ БАРБАСАМ ДА ОКУДУМ

Мектеп курагына жеткенде окууга албай коюшкан. Терезеден мектепке жол тартып бара жаткан окуучуларга суктанып кала берчүмүн. Мен курактуу досторум 3-класс болгондо бир тууган иним 1-класска барды. Ошондо өзүм мектепке баргандай сүйүнгөм. Ошол инимдин жардамы менен окуй баштадым. Ал мектептен сабак алгандарын үйрөтөт. Эжекеси берген тапшырмасын мага берет. Анын негизинде тамга таанып жазганды, окуганды үйрөндүм.

ДЕПУТАТТАР КОЛЯСКА БЕРЕ АЛЫШКАН ЭМЕС

Депутаттар (айылдык, райондук кеңештин) коляска алып берели деп документтерди чогултуп, Сузакка тапшырышкан. Ал жактан эч кандай жооп болгон эмес. Өзүм үчүн жасалган атайын араба бар эле. 2002-жылы ошону менен кетип жатсам бирөө мени арабада баратканымды көрүп, кимдигимди сураштырыптыр. Кийин ал Бишкекке каттап жүрүп, социалдык коргоо башкармалыгында иштеген бирөө менен жолугуп калат. Ал ошол аялды Жалал-Абадга алып келе жатып тааныш болуп калышат. Ошондо “Айылда бир бала бар. Коляска ала албай жүрүптүр. Ошол балага жардам берсеңиз болобу?”-деп айтса, ал бала тууралуу толук маалымат алып келсең караштырып берейин – дептир. Эртеси Сузакка келсе, мага тиешелүү алты дело туруптур. Демек беркилер ал документтерди жогору жакка жөнөтүшкөн эмес. Алар же “документиң толук эмес, мына нерсе жетишпей жатат” – деп айтышкан эмес. Ошондон кийин гана башынан документтерди толтуруп, коляскага ээ болгом.

ОРУСИЯДА МАЙЫП ЭКЕНИҢДИ СЕЗБЕЙСИҢ

2009-жылы атам экөөбүз Орусияга барганбыз. Атам ал жактын жарандыгын алып кийинки жылы келгенбиз. 2010-жылы үй-бүлөбүз менен кеңешип баарыбыз кеттик.  2011-жылы мен да ал жактын жарандыгын алдым. Ошол эле жылдын сентябрынан пенсия ала баштадым. Ал жакта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын баскан-турганына, көчөдө жүрүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөн. Өзүңдү, чындыгында майып экениңди деле сезбейсиң. Ал жактан бат эле өзүмө ылайыктуу жумуш таптым.

Бирок убакыт өтүп 2014-жылы Кыргызстанда эле жашайын деп келсем, бул жакта да окшобой кайра карындашым экөөбүз Москвага кеттик. Ал ишке барат, мен үйдө калам. Ошол убакта тармактык маркетингге жумушка чакырып калышты. Ага жазылып, маркетингден билим ала баштадым. Андан өзүмө керектүү товарлардын составын үйрөндүм. Тренингдерине катышып, сертификаттарын алгам. Тармактык маркетингде 20 секунддун ичинде кардарга бир продукция тууралуу түшүндүрүп бүтүп калышың керек.

Кийин “Альфа-банк” 5 күндүк тренинг өткөргөн, ага катыштым. Анын натыйжасында мен кредиттик карталарды, которууларды, кыскасы ушул тармакта да билим алдым. Ушул алган билимим менен курулуш тармагында иштеген курулушчуларга карта ачып иштеп жүрдүм. Алар өздөрү келип, мынча убакытка карта ачыш керек дейт. Эми кетирген убактыңа акча аласын да, миң сом же 1500 сом берет. Бир күндө 20 адамга чейин келген учурлар болгон.

ТРЕНИНГДЕРГЕ БАРЫП ӨЗҮМДҮ ӨНҮКТҮРДҮМ

Ошентип иштеп көнүп калган жаным бош олтура албай бизнес кылып көрдүм. Бирок бул үчүн финансылык сабатсыздыкты жоюу, тажрыйбалуу адамдардан кеп-кеңеш алуу керек экен. Кыргызстандан Орусияга тренинг уюштуруп келген күчтүү тренерлердин сабактарына катыштым. Жогорку окуу жайда окуп, бир кесипке ээ болбосом да бир топ тренингдерге катышып келем. Ага ар кандай адамдар келет эмеспи, мисалы, бизнесмен олтурса алардын тили менен сүйлөшүүнү үйрөнөсүң. Өзүмдү жогору баалап, көз карашымды өзгөртүп, реалдуу нерселерди ойлоону жана жасоону үйрөндүм.

МЕНИН НЕГИЗГИ МАКСАТЫМ…

Мисалы бул жактагы бургерлердин баары башка жактан алынып келинген тажрыйба. Мен да Орусиядан алып келген тажрыйбамды жаштарга жумшайын дейм.

Менин негизги максатым, өлкөбүз боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакшы шарт түзүп берүү. Москвада мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 80% жакшы шарт түзүлгөн. Ошол жакшы жышаандарды бул жакка да жайылтып, орнотуу керек. Алар да бул коомдо өздөрүн эркин сезип, кадимки жарандай чөйрөдөн ордун табышы зарыл. Бул боюнча шаардык мэрияга кайрылып мэр, вице-мэрлер менен сүйлөштүм.

БИР ТЫЙЫНЫМ КАЛГАНЧА ДҮЙНӨ КЫДЫРАМ

Мен 16 жыл төшөктө жаттым. Бул учурду душманыма да каалабайм. Адам эч ким менен сүйлөшпөсө, эч нерсеге аралашпаса жапайыдай болуп калат экен. Ар бир сөзүң аларга катуу тийип дегендей… Элестетиңиз 20 жыл үйдө жатасыз, сыртта ошончо мүмкүнчүлүктөр болуп жатса, жата албайт экенсиң. Ошентип коомчулук менен аралашайын деп жакшы иш-чараларга күбө болуп келүүдөмүн. Мен негизи ошол убакта (төшөктө жаткан кезде) “мен оорубай калсам, чөнтөгүмдө бир тыйын калгыча дүйнө кыдырам” – деп айтканмын.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17