Аймак

МЕН ЭЖЕНИ ХАЛАТЫНАН ТААНЫЙМЫН

МЕН ЭЖЕНИ ХАЛАТЫНАН ТААНЫЙМЫН

 1,195 Бардыгы /

Аксы районунун Кербен шаардык ооруканасында 30 жылдан ашык иштеген «Эмгектин артыкчылыгы» медалынын, Кыргыз Республикасынын «Саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген дарыгери» сыйлыктарынын ээси, өз кесибинин мыкты адиси, балдар дарыгери Сүйүмкан Ташбаева эжеке тууралуу сөз кылууну чечтик.

Мен Сүйүмкан эжени халатынан эле тааныймын. Бою чакан болгондуктан аппак халаты бир аз жерге тийчидей болуп басат, ошондон эле ачылган ак гүлдөй болуп алыстан эле таанылып турат. Эжеге көп ирет уул -кыздарымды алып келип көрсөтүп, анын колунан шыпаа таап, жакшы болуп кетишти. Эженин колунда “мээри бар” деди менин жанымда турган бейтааныш адам. Чындыгын айтсам бул сөздү көп адамдардан угуп калам. Өзүм да эженин түйшүктүү кесиби тууралуу сөз кылып жазсамбы деп жүргөн мезгилде ага Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген дарыгер” деген ардактуу наам ыйгарылып калбаспы. Чындыгында ушул наамды өзүм алгандай эле сүйүндүм. Анткени бул наам эжеге чыныгы эмгеги үчүн берилди. Тили чыга элек жаш наристенин кайсыл жери ооруп чыргоолонуп жатканы энеге да билүү кыйын, бирок аны Сүйүмкан эже билет. Атайын барып сүйлөшүп олтурдум. Эже убактысы чектелүү болсо да канына бүткөн кичипейилдиги менен сылык сыпаа кабыл алды, маектештик. Дегинкиси санаасында жаңы дарыланууга түшкөн жаш наристе турганын сезип турдум. Убактысын албоого аракет кылдым.

Аксы райондук ооруканасынын мыкты дарыгери Сүйүмкан эже1949-жылы Авлетим айылында карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө алты бир туугандын 3-сү болуп жарык дүйнөгө келген. Атасы Азимбай Ташбаев согуштун ардагери, колхозчу, апасы Анаржан Ташбаева тамекичи жана булар 3 уул, 3 кыздын ата-энеси болгон. Ал кезде деле турмуш өтө эле жетишип кетпеген. Кичинекей тырышчаак кыз апасына жардам берип, ал кишинин жеңилин жерден, оорун колдон алып, тиричиликке эрте аралашып бышык өстү. Анын үстүнө атасы актив болгондуктан чарбанын ишине эрте кетип, кеч келет, апасы ал кезде үч жаш баласы менен турмуштун бардык түйшүгүн мойнуна алып, өмүрлүк жарына өбөк болор эле. Таянганы кыздары болуучу. Сүйүмкан дал ошентип бой жетти. Мектепти жакшы окуп, алып келген “эң жакшы” деген баалары менен апасын кубанычка бөлөп, башы ооруп калса, «Апаке капаланбаңыз, мен чоңойгондо врач болуп, сизди өзүм дарылайм, такыр башыңыз оорубай калат» десе чабалекейдей сары кызын бооруна кысып элжиреп кетер эле. Афлатун орто мектебинде 10 жыл жакшы окуп, сабакка, коомдук иштерге активдүү катышып,  көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Мектепте окуп жүргөндө «Пионер» уюмунун жетекчиси болуп 5-класстын окуучуларын тизмектеп «Пионер» уюмуна мүчө кылып өткөргөн. Окуп жүргөндө эле врач болгусу келип биология-химия сабактарын кызыгып окучу. Бир күнү биология сабагында лабораториялык иш учурунда баканы союп көрүшүп, коркконунан бардык балдар-кыздар эшикке качып чыгып кетип, өзү жалгыз калганын айтып, ошол кезде эле врач болгондон коркпочу экенмин деп күлөт. Химия сабагында шайтан чыракка реакция жүргүзүп жатып, ширеңкени эрте күйгүзүп алып классты өрттөп жибере жаздаганын эстеп да жылмайып күлүп алды. Жаштын тилегин берет деген туура өңдөнбөйбү. Ал окуусун бүтүп, жаш кезинен тилеген максатына жетүүнүн аракетинде болду.

Баарынын эле студенттик күндөрү унутулгус  болот эмеспи. Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган (ал убактагы) Жаңы-Жол районунан барган жаштар ар бир айда жолугушуу кечесин өткөрүп, ал убакта телефон жок фотоаппаратка сүрөткө түшүшүп, эс алууга чыгышып же клубдарга барып ойноп, жердештер бири-бирин жакындан таанып кетишчү. Сүйүмкан эже да Афлатун орто мектебинде 11-класска чейин мыкты окуп, билим алып, мектепти аяктаган соң Фрунзе шаарына медициналык институтуна тапшырат. Жакшы баалар менен өткөнүн апасы угуп, кубанычы чексиз болот. Тапкан оокат-ашын берип, кызын ар тараптан колдойт. Окуп жүргөн кезинде окуудагы жетишкендиктери үчүн мактоо баракчаларды алып, көптөгөн ийгиликтерге жетишип, стипендия алганга да үлгүргөн. Ал убактагы акчанын күчтүүлүгүн мындан билсе болот, студенттердин 40 сом стипендиясы тамак-аш, кийим-кечесине жетчү. Ал кезде адамдар бири-бирине жылуу мамилеси жасап мээримдүү, мээнеткеч болушчу. Азыр андайлардын дайыны жок. Ал эми студенттер жанталашып окушчу, жолдо болсо жолдо, үйдө болсо үйдө китептен башын көтөрбөй изденишчү. Азыр андайларды байкабайсың, албетте окуп-изденген адам гана ийгиликке жете алат. Ошентип Сүйүмкан эженин да студенттик күндөрү окуу, изденип билим алуу менен коштолуп, алты жыл канаттуу куштай учуп өтүп кеткенин билбей калат. Ошондой жолугушуу кечелердин биринде өзүнүн айылдашы, өмүрлүк жолдошу менен таанышышат. Сүйлөшүп жүрүп кийин 3-курста окуп жатканда 1969-жылы экөө баш кошушкан. Сүйкүмдүү, мээримдүү болгон Сүйүмкан эже да ийгиликтерге көп окуганы, аракети менен жетет. Ал кезде жогорку билимдүү адистер айыл жеринде көздөн учуп турган, эң керектүү адамдар болгон. Эже кичипейил, мээримдүү, сылык-сыпаа кыз болгондуктан институттун өзүндө калып иштөөгө да сунуш болот. Бирок апасына берген убадасын аткаруу үчүн айылга барууну чечет. Окуусун аяктаган соң бир жыл областтык балдар ооруканасында иштеп, ал жерден да апа тилегин ишке ашыруу көңүлүндө тургандыктан айылына келүүнү максат кылат. Бир жыл иштегенден кийин Жаңы-Жол райондук ооруканасына которулуп 33 жылдан бери ушул жерде иштейт. Жолдошу экөө төрт уул, 1кыздын татыктуу ата-энеси, он үч неберенин ардактуу чоң эне-тай энеси.

Албетте ар бир кесип ардактуу демекчи, жумушу ары татаал, ары кыйын болсо да чын дили менен берилип иштеп, ар бир келген бейтапка мээрим менен аяр мамиле жасап, колунан келген жардамын берип бейтаптардын эсинде калган. Мээрман эженин айтымында, бөбөктөрдүн дээрлик 80-90 пайызы өпкөнүн сезгенүү оорусу менен кайрылгандар. Айрымдары ОРИ, ич оору, тубаса оорулар келишет. Алардын оорусу эненин балага жасаган кайдыгер мамилесинен, үйдүн бирдей температурада болбогонунан, өздүк гигиенаны сактабагандыктан пайда болорун баса белгилейт. Жогорку айтылган оорулардын алдын алуу жөнүндө энелерге жакшы кеңештерин айтат. Бөбөктөр дээрлик бардык нерсени чөйрөдөн жана чөйрөдөгү адамдардан үйрөнүп, алардын кылганын кайталарын айтып, чоң адамдарга өздөрүнүн ички жана сырткы гигиенасын туура сактоосун, туура тамактануусун улам эскертип келет. Өсүп келе жаткан балдар- келечек ээлери. Андыктан жаш муундардын ден соолугу чың, түшүнүгү бийик болсо, өлкөбүздөгү чоң жетишкендик эмеспи. Дарыгер эже айткандай өздүк  гигиенаны сактап, туура тамактанып, зыяндуу нерселерден алыс болуп ден соолугубуздун чың болгону –  биздин биринчи байлык.

Жакшылык кылсаң унутулбайт – дегендей, ооруканадан дарыланып чыккан бейтаптардын айтымында Сүйүмкан эже дарыланганы келгендерге аябай камкор, боорукер, бөбөктөрдүн көңүлүн көтөрүп, жылуу кабыл алат. Жаш наристелерге аябай аяр мамиле жасап, ата-энелери көп сыгылбай бары жакшы болорун түшүндүрүп, баланы жакшы багуусуна кеңеш берет. Өз жумушун так аткарган, жумуш десе ичкен ашын жерге койгон эже эртең менен элден эрте 7:30да ишке келип, күнү бою 5-6га чейин керели-кечке балдар менен алек болуп, жада калса дем алыш  күндөрү да алардын ал-абалын көрүп, текшерип кетет. Ал эми эже менен бирге иштешкен жамааттагылар аны аябай макташып, колдошуп, керек кезде кеңешин сурап турушат.  Эже да билгенин айтып, колунан келген жардамын берип, коллективин колдоп-кубаттап алга үндөп келет.

Ушундай ак иштеген кызматкерлер менен элибиз, балдарыбыз аман.

Асылгүл СУЛТАН кызы, Кербен шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17