Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
988 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 2019-жылдын 24-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Ири өлчөмдө акча опузалаган куралчан каракчылар тобу кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Амантур, Бойка, Нупу, Боко каймана аттуу атуулдар шериктери менен Аксы районунун Кербен шаарынын борборунда жайгашкан “Талант” автосервисине дубалдан ашып киришип, Т.К. аттуу жаранга белгисиз үлгүдөгү ок […]
989 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 2019-жылдын 24-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Ири өлчөмдө акча опузалаган куралчан каракчылар тобу кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, Амантур, Бойка, Нупу, Боко каймана аттуу атуулдар шериктери менен Аксы районунун Кербен шаарынын борборунда жайгашкан “Талант” автосервисине дубалдан ашып киришип, Т.К. аттуу жаранга белгисиз үлгүдөгү ок […]
АКЧА ОПУЗАЛАГАН КУРАЛЧАН КАРАКЧЫЛАР ТОБУ КАРМАЛЫШТЫ
05.12.2019 / Автор aymak

990 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. 2019-жылдын 24-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Ири өлчөмдө акча опузалаган куралчан каракчылар тобу кармалышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Амантур, Бойка, Нупу, Боко каймана аттуу атуулдар шериктери менен Аксы районунун Кербен шаарынын борборунда жайгашкан “Талант” автосервисине дубалдан ашып киришип, Т.К. аттуу жаранга белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал такашып, жабырлануучуну “сен уурдалган автоунааларды сатат экенсиң, бизге, общакка 500 000 сом бересиң” деп опузалап акча талап кылышып, Кербен шаарынын четине автоунаа менен алып чыгышып, “болбосо өлтүрүп коебуз” деп коркутушкан.
Бул окуя боюнча жабырлануучунун арызы 2019-жылдын 25-ноябрында Жалал-Абад ОИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган өндүрүш ишинин алкагында кечиктирилгис түрдө тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыштын бетин ачуу, каракчыларды кармап жоопко тартуу максатында тергөө тапшырмалары берилип, Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматынын оперөкүлдөрү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуну опузалап коркуткан учурда “Ноокен районундагы үйүмдө 300 000 сом акчам бар ошону берем” – деп, Кербен шаарынан чыгып келе жатканда бензин куябыз деп капчыгындагы 7500 сом акчасын Бойка “баарын бере берчи” деп алып койгондугу, Таш-Көмүр шаарына жеткенде Бойка дагы тапанча менен оозуна такап, “алдасаң жердин түбүнөн болсо да таап алабыз” деп коркуткандыгы, ал эми Ноокен районундагы үйүнө келип короосуна кирген учурда Т.К каракчылардын колунан качып, кутулуп кеткендиги белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары, мурда бир нече жолу соттолуп чыккан, Өзгөн районунун тургуну 1994-ж.т. А.А. (Бойка), Аксы районунун тургундары 1995-ж.т. С.Н. (Нупу) жана 1999-ж.т. С.А. ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1997-ж.т А.К. (Боко) кармалышып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы убакта алардын башка да жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Бул жарандардан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (03722-7-05-30) же Криминалдык милиция кызматына (0778) 11 78 11, (0553) 33 18 33 байланышса болот.








«Аймак»
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
31.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭДИЛБЕК ТАЖИМЫРЗАЕВ КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.