Өлкө аймактары менен кубаттуу
ТОКТОГУЛ РИИБге КАЙЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
956 Бардыгы / Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын түрмөдөгү мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу соттолуучунун Лондондо жашаган кызы Иман “Инстаграмдагы” баракчасына жазды. Бирок ал жаза мөөнөтү качан, ким тарабынан жана канчага узартылганын билдирген жок. Иман Каримова өзбек өкмөтү апасын “айыптоолорго көмүү” үчүн бардык мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын белгилеген. Ал тергөөнүн максаты – өлкөдөгү бардык […]
957 Бардыгы / Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын түрмөдөгү мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу соттолуучунун Лондондо жашаган кызы Иман “Инстаграмдагы” баракчасына жазды. Бирок ал жаза мөөнөтү качан, ким тарабынан жана канчага узартылганын билдирген жок. Иман Каримова өзбек өкмөтү апасын “айыптоолорго көмүү” үчүн бардык мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын белгилеген. Ал тергөөнүн максаты – өлкөдөгү бардык […]
ИМАН КАРИМОВА АПАСЫНЫН ЖАЗА МӨӨНӨТҮ БЕШИНЧИ ЖОЛУ УЗАРТЫЛГАНЫН БИЛДИРДИ
05.12.2019 / Автор anarkan_kg

958 Бардыгы /
Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын түрмөдөгү мөөнөтү дагы узартылды. Бул тууралуу соттолуучунун Лондондо жашаган кызы Иман “Инстаграмдагы” баракчасына жазды. Бирок ал жаза мөөнөтү качан, ким тарабынан жана канчага узартылганын билдирген жок.
Иман Каримова өзбек өкмөтү апасын “айыптоолорго көмүү” үчүн бардык мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын белгилеген. Ал тергөөнүн максаты – өлкөдөгү бардык экономикалык жана социалдык көйгөйлөр үчүн Гүлнара Каримованы айыптоо экенин билдирди.
Анын айтымында, Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү бешинчи жолу узартылды. Маалыматка караганда, жакында анын ишине “жашыруун” деген мөөр да басылган.
– Ошентип, адвокаттар, ал гана эмес жакын туугандары да Гүлнаранын иши жана саламаттыгы тууралуу кабарсыз калды. Өкмөттө анын ден соолугунун начарлашына ким кызыктар экени жакын арада ачыкка чыгат, – деген Иман Каримова.
Төрт күн мурун Иман Каримова мындан ары анын “Инстаграмдагы” iman.k17 аккаунтун юристтер, агасы жана команда алып барарын эскерткен.
Гүлнара Каримованын адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) 25-ноябрда мындан ары кардары менен жолуктурушпай турганын жана анын Өзбекстанга жөнөткөн суроолорунун баары четке кагылганын маалымдаган.
16-сентябрда ал “Твиттердеги” баракчасына маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага байланыштуу жашыруун сот жараяны башталганын да жазган.
Ушул эле күнү Гүлнара Каримованын Лондондо жашап жаткан кызы Иман өзбек бийлигине бул өлкөдөгү жашыруун фактылар, коррупция тууралуу маалыматтарды дүйнөлүк коомчулукка ашкерелей турганын эскерткен.
Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акчаны ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компания пара катары бергени айтылган.
2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.
Кийин үй камагына которулуп, бирок быйыл март айында үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка киргизилген. Азыр анын жалпы жаза мөөнөтү канча экени белгисиз.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
-
-
29.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.