Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,171 Бардыгы / Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. 2019-жылы апрель айында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашык кытайлык студент 2018-жылы […]
1,172 Бардыгы / Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди. 2019-жылы апрель айында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашык кытайлык студент 2018-жылы […]
КАБАРСЫЗ КЕТКЕН КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗ СТУДЕНТТЕР
08.01.2020 / Автор aymak

1,173 Бардыгы /
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
2019-жылы апрель айында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашык кытайлык студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келбегенин билдирген. Учурда комитет бул кытайлык студенттерге байланыштуу эч кандай кабар жок экенин, дегеле Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар жөнүндө маалымат чогултуу кыйын болуп калганын белгиледи.
2019-жылы жаз айларында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жүрүп, жайкы эс алууга кетип кайра келбеген 45 студенттин тизмесин түзгөн. Комитеттин өкүлү Марат Тагаев тизмедеги маалыматтар Бишкекте жүргөн кытайлык кыргыздардан алынганын айткан болчу. Анда Тагаев дайыны чыкпай жаткан 45 кишинин арасында жогорку окуу жайын бүтүп кеткендери бар экенин айткан эле:
– Алар Кытайга кетип келбей калган студенттерди тизмектеп беришкен. Маалымат боюнча 45 студент болчу. Бирок алар боюнча так кабар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын көбү «лагерге» кирип чыккан.
Учурда Бишкектеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кытайлык кыргыздар да бар. Алар журналисттер менен эмес, бейтааныш бирөө менен да сүйлөшүүдөн чочулашат.
2019-жылы апрель айында микрофонго сүйлөөдөн баш тартып, атын-жөнүн жашырган кытайлык кыргыз студент төмөнкү маалымат менен бөлүшкөн.
– Азыр сүйлөп берсек ал жактагы ата-энебизге зыяны тийип калат. Бул жакта калгандардын көбү эле жарандык алып алган. Бирок канчасы жарандык алган же канчасы ала элек экени айтылбайт. Анткени бири-бирибизге билдирбей эптеп жашап жатабыз. Кытайлык кыргыздар Улуттук консерваторияда, Улуттук университетте, «Манас» университетинде, Бишкек гуманитардык университетинде окуп жатышат. Азыр «Манас» университетинде окугандардын баары эле кетип, бирок келген жок. Бишкек гуманитардык университетиндеги жети баланын бешөө кетип, келген жок. 2017-жылы кеткен бир бала Үрүмчүдөн түшүп калган боюнча үйүнө да барбаптыр.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын Өзбекстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Түркиядагы жана Кытайдагы кыргыздарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун берилет. Министрлик кытайлык кыргыз студенттердин канчасы жайкы эс алууга кетип, келбей калганы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады. Буга чейинки расмий маалыматта 2016-2017-окуу жылдары он, 2017-2018-жылдары эки гана кытайлык кыргыз студент билим алууга келгени айтылат. Азырынча 2019-2020-жылдын маалыматы белгисиз.
Кытайда жашаган башка аз улуттардын өкүлдөрүнүн арасында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабар 2018-жылы күз айларынан баштап тарай баштаган. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин» такталбаган маалыматына ылайык, Бээжин расмий түрдө «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. Кыргыз бийлиги бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН СПОРТЧУНУ ТОСУП АЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.