Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,150 Бардыгы / 5-январдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахийдин» «Ташкент соода борбору» деген ат менен расмий катталган базарын текшерип жатышат. Маалыматты ошол эле базар жетекчилеринин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына өзү ырастаган. Ал текшерүүлөрдү Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөш департаменти көзөмөлдөп жатат. Ташкент шаардык прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери да элге «Абу […]
1,151 Бардыгы / 5-январдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахийдин» «Ташкент соода борбору» деген ат менен расмий катталган базарын текшерип жатышат. Маалыматты ошол эле базар жетекчилеринин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына өзү ырастаган. Ал текшерүүлөрдү Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөш департаменти көзөмөлдөп жатат. Ташкент шаардык прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери да элге «Абу […]
ТАШКЕНТЕ «АБУ САХИЙ» БАЗАРЫ ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ
16.01.2020 / Автор aymak

1,152 Бардыгы /
5-январдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахийдин» «Ташкент соода борбору» деген ат менен расмий катталган базарын текшерип жатышат.
Маалыматты ошол эле базар жетекчилеринин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына өзү ырастаган. Ал текшерүүлөрдү Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөш департаменти көзөмөлдөп жатат.
Ташкент шаардык прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери да элге «Абу Сахий» деген ат менен таанылган «Ташкент соода борбору» ар тараптан текшерилип жатканы тууралуу маалыматты тактаган.
«Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы «Абу Сахий» базары боюнча прокуратурага сурак берген соодагерлер менен байланыша алды. Эки соодагер тең «Абу Сахийдин» жетекчилерине мындан үч жыл мурда козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары сурак беришкенин ырасташты.
Алардын бири – «Абу Сахий» базарында 2014-жылга чейин соода кылган Динара Латипова. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери андан «Абу Сахий» базарына чет өлкөнүн товарларын кантип ташып келгенин сурашкан.
– Тергөөчүлөр менин ишкер катары укугумду базар жетекчилери тепсегенин түшүндүргөнгө аракет кылышты. Аткезчилик схемасынын курмандыгы болгонумду айтышты. Бирок «Абу Сахий» карго кызматы ачылгандан кийин бизге окшогон соодагерлердин иши жеңилдеген да.
Динара Латипова Ташкент шаарынын прокурорунун орун басары А.Пулатовдун колу коюлган кагазды көрсөттү.
Кагазда «Ташкент соода борбору», «Мирабад дыйкан базары» жана башка бир нече субъектинин жетекчилерине карата «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген берене боюнча кылмыш иши козголгону жазылган. Бирок бир да шектүүнүн аты аталган эмес.
Белгилей кетсек, «Абу Сахий» базары 2017-жылга чейин маркум президент Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримованын күйөөсү Тимур Тилляевге караштуу болчу.
Бул тууралуу «Азаттыктын» кыргыз кызматы, «Kloop» басылмасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип, 21-ноябрда жарыялаган иликтөөдө да айтылган.
2018-жылы өлкөнүн «Ахборот 24» жана «Узбекистан 24» телеканалдарында «Абу Сахий» дүң соода базарынан 53,5 миллион доллар казынага төлөнбөй чет өлкөгө чыгарылып кеткени маалымдалган. Кийинчерек бийлик базарды кайра түзгөн соң мамлекетке түшкөн төлөмдөр көбөйгөнүн кабарлашкан.
Учурда расмий документтерде «Абу Сахий» базарынын директору катары Акмал Хусаинов деген жаран катталган. Мурдараак маалымат каражаттарында базардын чыныгы кожоюну чет өлкөлүк жаран экени жазылган. Бирок анын аты, ал ээлик кылган менчиктин түрү ачылбаган бойдон калып келет.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
14.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
02.09.2025 / Автор anarkan_kg ОКУУ ЖЫЛЫНЫН АЛГАЧКЫ КҮНҮНДӨ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНА ЖОЛ БЕРИЛГЕН ЖОК
-
21.09.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.