Аймак

КЫРГЫЗ УЛУТТУК БАНКЫНЫН МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

КЫРГЫЗ УЛУТТУК БАНКЫНЫН МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

 851 Бардыгы /

БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына (КРУБга) баш бакты. Мамлекет башчысы КРУБнын Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (Дата борборунун) иши менен жакындан таанышты.

Улуттук Банктын төргасы Толкунбек Абдыгулов КРУБ Дата борбору дүйнөгө таанымал Эл аралык көз карандысыз Uptime Institute Уюмунун тастыктамалоосунан ийгиликтүү өткөн Борбор Азиядагы жападан жалгыз борбор экендигин кошумчалады. Президент Сооронбай Жээнбеков Банк секторун санариптештирүү өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири жана санариптик экономиканы куруунун ажырагыс бөлүгү экендигин баса белгиледи. Дата борборунун ишке кириши Улуттук банктын санариптештирүүнүн алкагында кошкон зор салымы экендигин дагы эске салды.

–  Мындай ири масштабдуу долбоордун жергиликтүү компания тарабынан ишке ашырылганы  бизди абдан кубандырат. Биздин АйТи-адистерибиздин дарамети чоң, эгерде зарыл колдоо болсо, алар дагы көптөгөн мыкты долбоорлорду ишке ашыра алышат, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Андан ары мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.Дата борборунун ишке кириши жалпы эле Кыргызстандагы Банк системасынын маалыматтар менен алмашуу коопсуздугун ого бетер жогорулатаарын дагы кошумчалады: –  Эң негизгиси: Дата борборунун ишке кириши жарандарыбыздын Банк системасына болгон ишенимин мыдан дагы арттырат. Ошондой эле аймактардыгы жана элетте жашаган калк үчүн Банк жана Каржы кызматтарын көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга гана өбөлгө жаратаарына бөркүмдөй ишенем!

Ал эми Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Дата борбору Улуттук банктын негизги милдеттерин аткаруу — төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, Банк көзөмөлү алкагында Банк отчеттуулугун алуу жана иштеп чыгуу системасынын, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралыкөөз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, Банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөсүн камсыз кылуу жана башкалар үчүн гана ишке киргизилди.

– Дата борбору бардык төлөм системаларын модернизациялоого, калкыбызга көптөгөн жаңы санариптик продукцияларды берүүгө зор мүмкүндүк берет. Эң башкысы — Дата борборун ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздап, Банк секторун санариптештирүү жаатындгы жаңы амбициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга гана өбөлгө жаратат, — деп баса белгиледи Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Баса, бул Дата борбору эң жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана үзгүлтүксүз иштөө жөндөмдүүлүгү менен айырмаланаары дагы белгиленди. Бардык негизги системаларды кайталоо (дублирование) электр кубаттуулугу өчүп калганда Дата борборунун жабдууларынын чектелбеген мөөнөткө үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат. Бул өлкөбүздүн Банк жана төлөмдөр системаларынын ишинин туруктуулугун бир кыйла жогорулатат. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында үстүбүздөгү жылы бир катар маанилүү иш-чаралар пландалганын дагы кошумчалады. Мамлекеттик каттоо кызматы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети сыяктуу тийиштүү түзүмдөр менен жарандар үчүн алыстан идентификациялоо кызматын көрсөтүү боюнча пландар дагы талкууланып жаткандыгын маалымдады. Эгерде бул аракеттер жүзөгө ашса, анда жарандар чөнтөк телефону аркылуу эле өздүгүн аныктап, мамлекеттик жана каржылык кызматтарды ала алышат. Долбоорду пилоттук ишке ашыруу алты айдын ичинде башталып, 2020-жылдын аягына чейин толук ишке киргизүү күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү менен маектешүү маалында Банк секторунун, мунун ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагындагы көрсөткүчтөрдү оң баалады. Бул багыттагы ишти ырааттуу улантуу жана мындан ары күчөтүү зарылдыгын дагы унуткан жок.

– Аймактардагы кайра иштетүү өнөр жайын колдобосок, жумуш орундарын түзбөсөк жана экспортту көбөйтпөсөк, миграцияны таптакыр кыскарта албайбыз. Биз каражаттарды экономикага, чет элдик рынокко чыгаруу үчүн Ат Мекендик продукцияны кайра иштетүүүгө сөзсүз салышыбыз кажет! 2019-жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо дээрлик 29-30 пайызга өстү. Бул – аймактарды колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын гана үзүрү. Аймактарды өнүктүрүү саясаты мындан ары дагы ого бетер күчөтүлөт, — деп сөзүн  жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков жана каржы ресурстарын өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүгө багыттоо зарылчылыгын дагы өзгөчө белгиледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17