Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,346 Бардыгы / Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эл достугун бекемдөө жана акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында “Янги Овоз” Жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Биз жакында анын ардактуу төрагасы, эл аралык Амир Тимур атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасынын орун басары Толкун ХАИТОВго жолугуп, андан жаңы союздун, анын максаты жана […]
1,347 Бардыгы / Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эл достугун бекемдөө жана акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында “Янги Овоз” Жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Биз жакында анын ардактуу төрагасы, эл аралык Амир Тимур атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасынын орун басары Толкун ХАИТОВго жолугуп, андан жаңы союздун, анын максаты жана […]
БИРИМДИКТИН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ
29.01.2020 / Автор aymak

1,348 Бардыгы /
Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин арасында эл достугун бекемдөө жана акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында “Янги Овоз” Жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Биз жакында анын ардактуу төрагасы, эл аралык Амир Тимур атындагы кайрымдуулук фондусунун төрагасынын орун басары Толкун ХАИТОВго жолугуп, андан жаңы союздун, анын максаты жана келечекте аткара турган эл аралык иш-чаралары тууралуу маектешип кайтканбыз.
– Баарыңыздарга жакшы маалым, 2019-жылы 29-декабрда Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин Президенттеринин катышуусу менен экинчи кеңешме өтүп, бул жолугушууда ар тараптуу маселелер талкууланган. Анын ичинде илимпоздордун, чыгармачыл адамдардын ортосундагы өз ара кызматташуусун чыңдоо тууралуу чечим кабыл алынган. Өткөн жылы аягында түрк тилдүү акындардын Бакуда, Стамбул Ташкент шаарларында өткөн эл аралык фестивалдарында конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган кыргызстандык акын Жолдошбек Моңолдоров Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиңевге Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттеринин аймагында жашаган чыгармачыл адамдардын өз ара кызматташуусун чыңдоо боюнча өз сунушун билдирген кайрылуу жазган. Анын кайрылуусу Өзбекстан жазуучулар Союзу тарабынан каралып чыгып, Ж.Моңолдоровдун сунуштарына ыраазылык айтылып, анын аракети колдоого алына тургандыгы кабарланган. Эл аралык «Амир Темир» кайрымдуулук фондусу Борбор Азияда жайгашкан Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түрмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин аймагында жашаган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын өз ара кызматташуусун чыңдоо максатында эл аралык “Янги Овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзун түзүү тууралуу демилге көтөрүп чыкты.
Эл аралык “Янги Овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзу келечекте Борбор Азиядагы мамлекеттерде жашаган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын китептерин которуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүү, котормолорду коргоого алуу, чыгармачыл адамдардын мамлекеттер аралык жолугушууларын, фестивалдарын өткөрүү, айрыкча чек арага чектеш жайгашкан аймактарда чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу, акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын курамын жаштар менен толуктоону көзөмөлгө алуу жумуштарын колго алмакчы. Бул демилге Борбор Азиядагы акын-жазуучулар жана тарыхчылар тарабынан биримдиктин жаңы көпүрөсү катары жылуу кабыл алынды.
Азыркы учурда союздун Уставы кабыл алынып, юридикалык тарап катары каттоодон өттү. Кыргызстандык акын Жолдошбек Моңолдоров «Янги Овоз” жазуучулар жана тарыхчылар союзунун ардактуу төрагасынын орун басары болуп бекитилди. Ага Борбор Азия республикаларындагы акын жазуучулардын достук, биримдик жана өз ара кызматташуу тууралуу чыгармаларын жана тарыхчылардын эмгектерин өз ичине камтыган «Туран овози» (Туран үнү) деп аталган 10 томдук жыйнакты чыгаруу тапшырмасы берилди.
Жаңы союздун алгачкы иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 18-январында Чимкент шаарында болуп, анда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан акындарынын жолугушуусу уюштурулду. Бул иш-чара абдан жылуу маанайда өтүп, ал Борбор Азия элдеринин эл достугуна күбө болду.
Кийинки жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин акын-жазуучуларынын катышуусу менен 9-февралда Ташкент шаарында өткөрүлүп, Чыгыштын улуу акыны Алишер Навоинин чыгармачылыгына арналмакчы.
Үстүбүздөгү жылдын май айында Астанада орто кылымда жашап өткөн Чыгыштын көрүнүктүү философу Абу Наср ибн Мухаммед аль-Фарабинин урматына өткөрүлөт. Август айында Ашгабад шаарында өтө турган жолугушуу түркмөн адабиятынын классиги акын, философ Махтумкули́нин (1724—1807) чыгармачылыгына арналмакчы.
Ноябрда Тажикстандын Регар шаарында Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты көрүнүктүү тажик акыны Мирзо́ Турсу́н-заде́ге арналган эл аралык чыгармачылык кече өткөрүлмөкчү. Атагы ааламга кеткен, дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыкты 3 жолкун лауреаты Чынгыз Айтматовго арналган эл аралык конференция декабрь айында Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай, биздин союз жөнүндөгү маалыматка Ажарбайджан, Башкортстан, Татарстан жана Дагестан республикаларында, ошондой эле Түркия мамлекетинде жашаган акын-жазуучулар да кызыгып, өздөрүнүн чыгармаларын «Туран овози» (Туран үнү) жыйнагына киргизүүнү суранышып, мамлекеттер аралык жолугушууларга, фестивалдарга катышууга кызыгдар экендигин билдирип жатышат. Албетте, биз союздун мүмкүнчүлүгүнө жараша алардын да суроо-талаптарын эске алууга аракет кылабыз.
Сөз акырында түбөлүктүү максатты көздөгөн, өз ара достук мамилебизди чыңдоого өбөлгө болгон, күчүбүз достукта экендигин далилдеген биздин жаңы союздун келечеги кең экендигин баса белгилеп өтүүгө тийишмин.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СЕЛ КАПТАГАН ЖОЛДОР ТАЗАЛАНДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ НООКАТТАГЫ СЕЛДИН СЕБЕПТЕРИН АТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.