Аймак

“КАРЫШКЫРЛАР УУЛУГАНДА” НОВЕЛЛАСЫ ЧЕТ ЭЛДИК БАСМА СӨЗДӨ

“КАРЫШКЫРЛАР УУЛУГАНДА” НОВЕЛЛАСЫ ЧЕТ ЭЛДИК БАСМА СӨЗДӨ

 2,307 Бардыгы /

Акын-жазуучу Абдымомун Калбаевдин  “Карышкырлар уулуганда” аттуу новелласы Азербейжан республикалык “Каспий” адабий көркөм журналына азербейжан тилинде жарык көрүп, журналдын 30 минден ашык окурмандарына сунуш болду.

Чыгарма журнал бетине  азербейжандык акын-жазуучу Вагиб Айдар углунун котормосунда жарыяланган. Абдымомун Калбаев 24 китептин автору жана “Чабылбай калган күлүк” чыгармасы жарык көрүү алдында турат.

Ал Эл аралык  “Арча” сыйлыгынын лауреаты жана акын-жазуучу Ашым Жакыпбеков атындагы адабий сыйлыктын ээси.

Асылгул СУЛТАН кызы, Аксы району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17