Аймак

Гүлзирек ҮСӨНОВА: “КИЧИНЕМДЕН САЯКАТТООНУ КЫЯЛДАНЧУМУН”

Гүлзирек ҮСӨНОВА: “КИЧИНЕМДЕН САЯКАТТООНУ КЫЯЛДАНЧУМУН”

 2,409 Бардыгы /

Жалал-Абаддын бир кызы – Германияда

Блиц инфо:

Аты-жөнү: Үсөнова Гүлзирек Абдывахабовна

Туулган күнү, айы, жылы: 25.02.1997

Туулган жери: Сузак району, Кара-Дарыя айыл аймагы, Төш айылы

Бүтүргөн университети: Кыргыз- Түрк “Манас” университети, “Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби” адистиги

Жактырган тамагы: куурдак

Билген тилдери: түркчө, немисче, англисче, орусча 

Жактырган түсү: көк

Көп колдонгон сөзү: кыскасы, буйруса.

Учурда: Германиянын Бад Брамштедт шаарында немис тилин үйрөнүүдө.

“АТАМ – КОЛДООЧУМ, АПАМ –  КОРГООЧУМ”

Мен Хамидовдордун үй-бүлөсүндө туулгам. Атам үйдүн кенжеси болгондуктан чоң атамдын колунда калган. Биз да чоң эне-чоң атабыздан тарбия алганбыз. Атам Абдывахап Хамидов, кесиби экономист, мурда айыл өкмөт болуп иштеген, учурда пенсионер. Апам Насиба Жаанбаева, кесиби боюнча медайым, азыр пенсияда. Үйдө беш бир тууганбыз, мен ортончусумун.   

Көпчүлүктүн катарында мен да өз атамды кумир тутам. Ал дайыма мотивация берүүдөн талбайт, коргойт жана колдойт. Атам аябай ак көңүл, берешен жана юморист. Көбүнчө апам менен келечектеги пландар, максаттарым жөнүндө сүйлөшүп, мага алдын ала талдап чыгышыма жардам берет. Чоң атам менен атамдын макулдугусуз башка жакка кетүүм же бир ишти баштоом мүмкүн эмес. Апам мына ушундай кырдаалдарда мени колдоп, мен тарапта туруп берет.

“УШУЛ КҮНГӨ ЧЕЙИН 11 МАМЛЕКЕТТИ КЫДЫРДЫМ”

Кичинекейимде аябай оюнкарак элем. Топ ойногонду жакшы көрчүмүн. Эң эле жаккан оюн караңгы киргенде жашынмак ойноо, футбол. Кыз башым менен кээде балдарга аралашып топ тээп калчумун. Жактырган предметтерим география жана тарых болчу. Башка өлкөлөрдү таанып билүү, маданиятын үйрөнүүгө кичинекейимден кызыкчумун. Туризм адистигин тандоомо да биринчи кезекте өзүмдүн ушул сабактарга болгон кызыгуум түрткү болду. Кичинемден саякаттоону кыялданчумун. Жамгыр токойлорун, бир да тирүү жан жашабаган аралдарды, закымдап адаштырган чөлдөрдү жана көк тиреген имараттары бар чоң шаарларды көргүм келчү. Мөлтүрөгөн көк мухит жана деңизде сүзүүнү көксөчүмүн. Француз жазуучусу Жюль Верндин “Вокруг света за 80 дней” китебинин каарманына айлангым, Робинзон Крузонукундай укмуштуу окуяларга күбө болгум келчү. Кыялдарым орундалып ушул күнгө чейин Түркия, Өзбекстан, Россия, Германия, Италия, Швейцария, Швеция, Норвегия, Дания, Чехия, Польша өлкөлөрүн көрдүм.

“АЗЫР ТАПТАКЫР ЭЛЕ ЧАЙ ИЧПЕЙ КАЛГАМ”

Окуу жайыбызда көбүнчө түрк тамак-аштары даярдалчу. Жатаканада коопсуздук үчүн тамак жасоого уруксат берилбейт жана шарт жок. Айласыздан ашканадан тамактанчубуз. Башында көнө албай кыйналгам. Андан да бизде тамакты ысык чай менен ичет эмеспизби. Аларда муздак суу. Ден соолук жагынан алып караганда пайдалуусу да ушул. Таң калып жүрүп, кантип көнүп кеткенимди өзүм да билбей калдым. Азыр болсо таптакыр эле чай ичпей калгам.

“ПАРАШЮТТА УЧКАНДЫ ҮЙРӨНДҮМ”

Сабактан сырткары жумасына 2-3 жолу спорттун дзюдо жана самбо түрлөрү менен машыгып, университеттин курама командасы менен турнирлерге катыштым. 2016-2017 жылы “Ыйман ” фондунун ыктыярчыларынын катарын толуктадым. 2017-2018 жылы Түркиянын Анталия шаарындагы “Акдеңиз” университетинде “Мевлана” алмашуу программасынын алкагында эки семестр окуп келдим. Ал жакта  окуудан сырткары параплан клубуна мүчө болуп, парашютта учканды үйрөндүм. 2017 жана 2018-жылдары жайкы каникулда “ИВЕКС” компаниясы аркылуу Германияга келип иштеп, кээ бир өлкөлөргө саякат жасай алдым жана өз кыялдарымды орундаттым.

“МАНАСТЫКТАРДЫН ТИЛИ” ДЕП КОЙЧУБУЗ…”

Студенттик мезгил аябай кызык, сонун өттү. Биринчи жыл экинчисине такыр окшошчу эмес. Университеттин маданияты жана аурасы башкалардан айырмаланып турчу. Жада калса тили. Орус, кыргыз жана түрк тилдерин аралаштырып сүйлөп калгандыктан, биз “манастыктардын тили” деп койчубуз. Бул автоматтык түрдө аралашып калчу.

Мен окууга тапшырган жылы ата-энем үч студент багып калган. Агам да, эжем да студент эле. Башында бир аз муктаждыктан иштеп жүрдүм. Кийинчерээк иштеп көнүп алгандан кийин үйдө бош отургуң келбей калат экен. Окуудан сырткары эс алуу күндөрү кондитердик ишканада, кийинчерээк кафелердин бирине официантка болуп окуумду аяктаганга чейин иштедим. Иштеп жүрүп өз арабамды өзүм тартууну үйрөндүм.

“ПОЗИТИВ ЖООП АЛА АЛБАЙ, ТИЛ ҮЙРӨНҮҮНҮ ЧЕЧТИМ”

Төртүнчү курс бир аз оор өттү. Окуу, иш, дипломдук иш жазуу. Андан да алдыдагы белгисиздиктен улам пайда болгон стресс. Диплом колго тие электе эле аракет кылып баштагам. Окууну улантуу үчүн түрдүү программаларга буйрутма жазып жүрдүм. Бирок позитив жооп ала албагандыктан бир жыл тил үйрөнүүнү чечтим. Учурда немисче үйрөнүп жатам.

 “AuPair” культура алмашуу программасы бар. Тилди эффективдүү үйрөнүүнү каалагандар үчүн эң эле бюджеттүү вариант. Программа аркылуу бул жакка бир үй-бүлөгө келет. Алар жатакана, тамак аш жана курс менен камсыз кылышат. Болгону балдарына жумасына 30 саат жардамдашып, кароо абзел. Мен жашаган үй-бүлөнүн  4-10 жашар балдары бар. Негизги жоопкерчилигим үй тапшырмаларына жардам берүү, алар менен чогуу убакыт өткөрүү. Андан сырткары курска, бош убактымда китепканага барам. Күн ачык болгон кезде велосипед тээп, фотоаппаратка сүрөт тартуу менен алектенем.

“НЕМИСТЕРДИН МЕН БАЙКАГАН АРТЫКЧЫЛЫК-КЕМЧИЛИКТЕРИ”

Үй-бүлөдөгү тарбия кескин айырмаланат экен. Немистерде тааныбаган кишисине же болбосо официалдуу жерлерде гана “сиз” деп кайрылышат, ал эми калган баарына “сен” дешет. Балким ушунданбы, сый-урмат бизге караганда алда кайда төмөн. Германия суук жана салкын өлкө. Туруп-туруп аба ырайын шылтоологонсуйт. Кыскасы адамдардын арасындагы мамиледе биздин маданияттагыдай жылуулукту байкай албадым. Ушул жактарын алып караганда кыргыз болуп туулганыма, кыргыз болуп тарбия алганыма сыймыктандым. Ал эми алардан үйрөнө алчу дүйнөгө таанылган сапаты убакытка болгон тактыгы. Алардын дагы бир артыкчылыгы балдарына кичинекей кезинен эле түрдүү китептерди алып берип, китепке болгон сүйүүсүн ойготушат экен. Кечинде да аудиокитептерди, аудиожомокторду угуп укташат.

“МИГРАЦИЯ КӨЙГӨЙҮНӨН АРЫЛТКЫМ КЕЛЕТ”

Биринчи алдыга койгон максатым, буюрса англис жана немис тилдерин дагы да тереңдетип үйрөнүү. Чет жерде билим алып, эл аралык деңгээлде өз кесибим боюнча тажрыйба чогултуп, мекенге кайтуу. Туризм тармагы бизде жаңыдан гана өнүгүп келе жатат. Бул менин адистигим болгондуктан туризмдин өнүгүүсүнө, сапатын жакшыруусуна салым кошууну каалайм. Келечекте жеке ишканамды түптөп, колумдан келишинче элибизди, өз жерибизде жумуш менен камсыз кылып, миграция көйгөйүнөн аз да болсо арылткым келет.

“ШАРТЫ ТУУРА КЕЛБЕГЕНИН ШЫЛТООЛОГОН БОЛБОЙТ”

Эң негизгиси  адамда өзүнө болгон ишеним болуу керек. Чоң кадамдар, чоң тобокелдерден турат. Аны багынта билүү үчүн өзүнө болгон ишеним гана керек. Азыркы учурда чет жакка чыккысы келген жаштар үчүн толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Өзүн өнүктүрүү өзүнө жасаган инвестициядан башталат. Инвестиция – бул акча маселеси, чыгаша чыкмайынча, киреше кирбейт дейт. Ата-эненин шарты туура келбесе, бала бир-эки жыл иштеп чогултуп, өзүнө болгон инвестицияны ишке ашыра алат. Болгону туура келген программаны тандай билип, чыгымдарды пландай билүүдө. Бүт бардык жерде ата-эненин колун кароо же шартынын туура келбегенине шылтоологон болбойт.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17